Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:04

Кыргыз парламенти карызын төлөбөй качып жүргөн адамдарга чет өлкөгө чыгууга тыюу салган мыйзам кабыл алды. Чет өлкөгө качып кеткен адамдардан карызын ала албай күйүп аткан адамдардын укуктарын коргоону парламент ушундай жол менен колго алган жатат.

Бишкектин тургуну Гүльмира мындан эки-үч жыл мурун өзүнүн курбу кыздары менен Мурат аттуу жигитке 50 миң доллардан ашык акчаны карызга берип коюшуп, эмгиче ала албай өкүнүп жүрүшөт. Карыз алган жигит куйругун түйүп Орусияга качып кеткен бойдон кааранын көрсөтө элек. Гүльмира курбулары менен Мураттан карызды өндүрүп алуу үчүн арызданып көп чуркашты, Башкы прокуратурадан бери кайрылып укук коргоо органдарынын эшигин далай жыртышты. Бирок жардам болбоду. Гүлмира шылуун жигитке карызга берген акчаны үйүн күрөөгө коюп банктан алган экен, эми ошол акчаны өзү төлөп күйүп атканын айтат.

- Мен эле эмес баш аягы 20-28 адамды сызга отургузуп кетти. Урмамбетов Мурат Жети-Өгүз районунун Даркан айылынан. Өзүнүн үйүнө чейин барып таанып калган киши болчу. Бизден чоң өлчөмдө акчаларды алып, төлөй албасына көзү жеткенде Москвага качып кетип, ал жактан жарандык алып алды. Канча кишилерди ыйлатып-сыздатып Москвада жүрөт. Аялы Кумарова Гулнур бул жакта эле жүрөт. Баласы Бишкекте 71-мектепте окуп атат. Аларды ойлобойбу, билбейм, андай адамдар. Менин үйүмдү күрөөгө коюп туруп алышкан да акчаны,-дейт Гүлмира.

Гүльмирага окшоп адамдарга ишенип берип коюп, ала албай артынан чуркап алапайын таппай жүргөн адамдар жүздөп, миңден саналат. Мындай учурда адамдар ар кандай жол менен аракеттенишет. Кээ бирөөлөр ортого таасирлүү адамдарды салат, кээ бирөөлөр сотко кайрылат. Бирок карызын төлөй албаган же төлөгүсү келбеген адам Россияга же Казакстанга кетип калса, анда сот да, башкасы да жардам бере албайт.

Сот департаментинин эсебинде укук коргоо органдарынын издөөсүндө карызын төлөбөй качып жүргөн 859 адам бар экен. Бирок алардын канчасы чет өлкөгө чыгып кеткендиги жөнүндө так маалымат жок. Жакында карызын төлөбөй качып жүргөн адамдарга сыртка кеткенге тыюу салган мыйзам кабыл алууга демилгечи болгон депутат Бакыт Төрөбаевдин айтымында, карызын ала албай арызданып чуркап жүргөн адамдар көп болуп жатат:

- Карыздын ээси арыз жазса, карызкор адам кетип калышы мүмкүн чет жакка, ошондо аны чет жакка чыгып кетпесин мамлекет убактылуу чектөө коет. Карызы болсо адам төлөп кетиш керек да, көп адамдар алдоо жолу менен акча алып алып кайтарып бербей, башка жарандын укуктары тебеленип атпайбы.

Бакыт Төрөбаевдин айтымында, жогоруда айтылган чектөө балдарына алимент төлөбөй качып жүргөн адамдарга да колдонулат. Бул үчүн балдардын апасы тийиштүү арыз менен сотко кайрылса, сот ушундай чечим чыгарып бериши мүмкүн.

Эгемендик жылдары базар мамилелерине өткөнү кыргызстандыктардын турмушу мурда болуп көрбөгөндөй өзгөрүүдө. Үстөк пайыз менен карыз алып айлантып ишкерлик кылууга эл жапырт дуу койду. Колунан келип байып кеткендер болду, эптей албай акчага күйүп, башына карызды үйгөндөр да көп болду. Карыз берип коюп аны ала албай сотто чуркап жүргөн мындан көп. Мына ушундай иштер менен соттук териштирүүлөргө көп катышып жүргөн адвокат Эрланбек Өмүралиев деги эле карыз алуу, карыз берүү мамилелеринде адамдардын укуктарын коргоо үчүн мыйзамдарды дагы өркүндөтүү зарыл дейт:

- Бул мыйзамга ылайык дагы бир укуктук чененмдик актыларды кабыл алыш керек. Ошондой эле жеке адамдардын жана юридикалык уюмдардын ортосунда карызка тийиштүү акча, каражат маселеси боюнча болгон мыйзамдарды реформалаш керек болуп жатат.

Эмми парламент кабыл алган мыйзамга президент кол коюп бекитип берсе, карыз алып төлөбөй жүргөн адамдарга соттун чечими менен сыртка барууга жол жабылат. Мындай укуктук тажрыйба адистердин айтымында Орусияда жана Казакстанда бар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG