Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Түрк сыналгысын багындырган кыргыз жигити


Абдухалил Алиев кезектеги программасына тартылууда
Абдухалил Алиев кезектеги программасына тартылууда

Абдухалил Алиев – Түркиянын сыналгы каналында (TRT) чет өлкөлүк студенттер тууралуу программанын алып баруучусу. Апта сайын ал Түркиядагы чет өлкөлүк студенттер жөнүндө түрк көрөрмандарына баяндап берет.

Абдухалил Алиев: Биздин программа Түркиянын мамлекеттик сыналгы каналынан (TRT - Turkiye Radyo Televizyonu) 2003-жылдан бери эфирге чыгып келатат. Мен эки жылдан бери аны өзүм даярдап, өзүм алып барып жатам. Бул программа Түркияда окуган студенттер, бир гана Кыргызстан эмес, башка мамлекеттен келген студенттер жөнүндө да кеп кылат. Эң негизгиси – алардын Түркиядагы турмушун сүрөттөп берүү. Түркияда студент болуу кандай? Чет өлкөлүк студенттер адатта кандай проблемаларга туш болушат - биз ушул суроолорго кызыгабыз. Андан кийин Түркияда болуп жаткан фестваль же башка иш-чараларда студенттер менен чогуу маектерди, талкууларды уюштурабыз. Ар кайсы шаарларга барып студенттерди таап алып сүйлөшөбүз.

Төрөкул Дооров: Халил, сен өзүң 11 жылдан бери Түркияда окуп, иштеп жатыпсың. Алгач студент болуп келгенсиң, анан кийин журналистиканы Стамбул университетинде аяктадың. Эми азыр өзүңдүн кесибиң боюнча журналист болуп иштеп жатасың. Негизи, түрк журналистикасына кирип, бул жердин маданиятын, тилин жакшы үйрөнүп, телесине, радиосуна чыгып, же гезиттерине жазып жүргөн сенден башка дагы кыргыз балдар-кыздар барбы?

Абдухалил Алиев: Мен, негизинен, радиодо бар экенин билем. Бирок алар менен көрүшкөн жокмун. Мен алгач практикадан өттүм, кийин 2001-жылы убактылуу иштей баштадым. Мен бул программада ишти практикага келген студент катары баштагам. Андан ары булар өздөрү мага ушул программада иштөөнү сунуш кылышты. Мен деле макул болуп, ушинтип башталып калды.

Төрөкул Дооров: Мына азыр сенин тилиңде кичине чет өлкөлүк башка адам сүйлөп жаткандай акцент сезилип турат. Сага кайсы тилде сүйлөгөн ыңгайлуурак, жеңилирээк?

Абдухалил Алиев:
Азыр мага түркчө жеңилирээк го. Себеби мен дайыма түрктөр менен биргемин. Эртең менен башталат, түрктөр менен сүйлөшүп, программам да түркчө болгондуктан, кээде кыргыз балдар менен интервью алганда, алар менен дагы түркчө сүйлөшөм. Алардан Кыргызстан жөнүндө сурап калышым да мүмкүн. Анткени баары бир программаны түрк көрөрмандары үчүн даярдайбыз? Мен Түркияда болгонума 11 жыл болду. Эң жакшы мезгилим бул жакта өттү; студенттик, 18-19-20 жаштык кездерим ушул жакта өткөн үчүн, досторум, чөйрөм дагы түрктөр болуп калышты.

Кыргыз тилин унутпашка аракет кылып, колумда болгон кыргызча китептердин баарын окуп чыккам. Кыргызстандан келгендердерден китеп алдырганга аракет кылабыз. Себеби бул биздин тилибиз, унутпашыбыз керек, кайсы жерде болсок да. Мен жанымда чогуу иштеген түрктөргө кээде кыргызча үйрөтүп калам. Алар кызыгып сурашат. Аларга кыргызча сүйлөп, Кыргызстанды түшүндүрөм. Менин иштеген жеримде мени “Чыңгыз Айтматов” деп тамашалап атап алышкан, Айтматов дешет. Жумушумдагыларга улуу жазуучубуз жөнүндө сыймыктануу менен айтам.

Төрөкул Дооров: Сен Кыргызстанга жылда эле барып турсаң керек?

Абдухалил Алиев: Убакыт болгон сайын барышка аракет кылам. Бул жылы жайында жумушум көп болгондуктан бара албадым. Бул жылы үч ай бою мамлекеттин ар кайсыл шаарларында берүүлөрдү тартып жүрдүк.

Төрөкул Дооров: Кыргызстанга барган учурда сөзсүз эле Кыргызстандын сыналгы каналдарын көргөнгө аракет кылсаң керек. Мисалы, сеники деле жаштардын программасы экен, жаштар жөнүндө кандай программалар пайда болду деп кызыксаң керек. Мисалы “Азаттык плюстун” программасын көрдүңбү?

Абдухалил Алиев: Кечиресиңер, мен Кыргызстандын программалары жөнүндө пикирим жок. Бул жөнүндө мен мындай деп ойлойм - Кыргызстанда сыналгы каналдардын, радио станциялардын спутниктери болбогону биз үчүн өтө чоң ыңгайсыз абалды жаратат. Биз көрөлү дейбиз, бирок көрө албайбыз, спутникке чыкпайт. Үйлөрдө орусча каналдар бар, ошолорду көрөбүз. Түрк каналдарында ала турган эч нерсе жок. Эгер кыргыз тилиндеги сыналгы каналдар спутникке чыкса, чет өлкөлөрдөгү канчалаган мекендештерибиз эне тилин унутушмак эмес. Карап көрсөңүз, дүйнөдө маалымат технологиялары тездик менен өнүгүп жатат, маалымат алмашуу да тездеди. Демек, Кыргызстан да бул агымдан четтебеши керек.

Төрөкул Дооров: Абдухалил, атың сыналгыда да Абдухалил деп чыгат экен. Кыргыз жигитин түрк телеканалы кантип кабыл алды? Түрктөр тарабынан реакция кандай болду, телефон чалып өзүнүн пикирин айткандар болдубу? Сен өзүң жылдызсыңбы деги? Жылдыздар алчу айлыкты аласыңбы?

Абдухалил Алиев: Мен жылдыздар алган айлыкты албайм, бирок өзүмө жетет. Өзүмдү да жылдызмын деп эсептебейм. Бул жакта жылдыздар көп эле алышат.

Төрөкул Дооров: Сага башка сыналгы каналдарынан сунуштар болдубу жумуш боюнча?

Абдухалил Алиев: Жок, азыр өзүмдүн берүүмдөн кетейин деген ниетим жок. Себеби бул жактагы жумушумду сүйөм. Программамды толугу менен өзүм даярдайм, өзүм алып барам. Мага ушундай мүмкүнчүлүк берилгенден кийин мен аны таштап кетким келбейт.

Төрөкул Дооров:
Силердин программа спутникке чыгабы? Кыргызстандагылар көрө алышабы?

Абдухалил Алиев: Спутникте бар. Бир гана Кыргызстан эмес, бүтүн дүйнөдө көрсө болот. TRT каналында жекшембиде Түркия убактысы боюнча саат 11:35де башталат, 35 мүнөттүк программа.

Төрөкул Дооров: Программаң кантип аталат?

Абдухалил Алиев: “Гурбеттен слайя” (Gurbetten Silaya).

Төрөкул Дооров: Ал эмне дегени?

Абдухалил Алиев: Биз үчүн бул жер - гурбет, слая - туулган жерибиз. “Чет мамлекеттен мекенге” деген маанини берет.

Төрөкул Дооров: Кыргызстанга келип, тележурналистикага кирейин деген ойлор жокпу?

Абдухалил Алиев: Бул жакта алган бүтүн тажрыйбамды Кыргызстандагы тележурналистиканы өнүктүрүүгө жумшайм деген келечек пландарым бар.

Төрөкул Дооров: Чоң рахмат, иштериңерге ийгилик!
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG