Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

Өнүктүрүү фонду кандай иштеп атат?


2-апрелде Өнүктүрүү фондунун башкы директору Игорь Чудинов маалымат каражаттарына чыгып, фонддун ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди. Анын айтымында, Орусиядан алынган насыяны пайдалануу боюнча да келишпестиктер жок. Ал эми Евгений Гуревичтин чуулгандуу окуясы аларга сабак гана болмокчу.

Ал арада бириккен оппозиция Өнүктүрүү агенттиги жана фонду баштаган мамлекеттик уюмдар өлкөнү талап-тоноого иштеп атканын айтышууда.

Өнүктүрүү фонду жаңы түзүлгөн маалда ага анча маани берилбегени менен кийинчерээк ал өлкөдөгү каржы тармагын тескеген негизги органдардын бирине айланды. Анткени фонд өлкөдөгү ири мамлекеттик ишканалардын активдерин башкарууга алып, аларды өнөктөшү болгон “MGN group” компаниясына берген эле. Бирок “MGN groupтун” мурдагы жетекчиси Евгений Гуревичтин чатагынан кийин Максим Бакиев жетектеген Өнүктүрүү агенттигине баш ийген Өнүктүрүү фонду дароо алардан кол үзгөн эле. Оппозиция болсо кыргыз бийлиги Италиялык кылмыштуу топтор менен иштешип калганын айтып чыккан.

Өнүктүрүү фондунун жетекчиси Игорь Чудиновдун айтымында, 2010-жылдын биринчи кварталында Өнүктүрүү фондунун активдери 15 миллиард 343 миллион сомдон ашты. Фонддун жалпы капиталы 653 миллион сомдон ашуун. Ушул жылдын алгачы кварталында фонддун кирешеси 87 миллион сомдон ашса, чыгашасы 54 миллон сомдун тегерегинде. Ал эми үч ай ичиндеги таза киреше 32 миллион сомдун айланасында.

Орусиядан алынган кредитке токтолгон И.Чудинов, айрым маалымат каражаттары Орусия тарап берилген насыялардын туура эмес колдонушуна нааразы экендиктерин жазып атышканын, чынында андай маселе жок экендигин, ал каражаттардын колдонулушу боюнча маалыматтар ачык экенин айтты:

- Эки өлкөнүн насыя боюнча келишиминде алынган каражаттарды кайсы багытта колдонуу керектиги тууралуу бир да сөз жок. Бул жерде насыяны кайтаруунун акыркы мөөнөтү, пайыздары гана көрсөтүлгөн. Бизден ырасмий түрдө бул насыяны кайда жумшап атканыбыз тууралуу сурашкан жок. Эгер андай маалыматты Орусия өкмөтү сурай турган болсо дароо берүүгө даярбыз.

Орусиядан алынган 286 миллион доллардан ашык насыянын 100 миллиону Камбар-Ата 2 ГЭСин курууга насыяга берилген. Калган каражаттар “АзияУниверсалБанк”, “Манас”, “Демир” сыяктуу менчик банктарга жаткырылып, кайсы бир бөлүгү Өнүктүрүү фондунун Улуттук банк баштаган банктардагы эсебинде жатат.

Ошондой эле И.Чудиновдун айтымында, Өнүктүрүү фонду активдерин Кыргызстандагы банктарда гана кармайт жана чет өлкөдө акчалай же баалуу кагаз түрүндө бир дагы активи жок. Андыктан Өнүктүрүү фондундагы каражаттар чет өлкөгө чыгарылып атат деген маалыматтар да туура эмес, дейт И.Чудинов.

Социал-демократтар фракциясынын төрайымы Роза Отунбева болсо, Өнүктүрүү агенттиги жана фонду баштаган мамлекеттик уюмдар Италиядагы мафияга тиешеси бар экенин көрсөткөнүн, Е.Гуревичтин чуусу аны даана далилдеп койгонун айтат. “Ошол себептүү Орусиядан келген насыянын кандай коротулуп атканы боюнча да канаатандырарлык жооп жок”,- дейт депутат. Ошол эле фракция мүчөсү Иса Өмүркулов да бул жердеги иштердин баары бүдөмүк экенин айтууда.

Саясий куугунтукка алынгандарды коргоо боюнча коомдук комитеттин жетекчиси Топчубек Тургуналиев бул боюнча мындай деди:

- Өнүктүрүү фондунун азыркы башчысы да, анын үстүнөн башкарып аткан Максим Бакиев да эч качан чындыкты айтпай. Өнүктүрүү фондун чынында “коррупцияны өнүктүрүү фонду” деп аташ керек болуп калды...

Өнүктүрүү фондунун активдерин башкарып келген Е.Гуревичтин чуусунан кийин өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугу кай жакка өзгөрөрү тууралуу “Азаттыктын” суроосуна, И.Чудинов “инвестициялык жагымдуулук жалгыз Е.Гуревичтин чуусунан начарлап кетпейт” деп жооп берди. Ошондой эле ал мындан ары Өнүктүрүү фонду өнөктөштөрдү тандоодо кылдат мамиле кыларын билдирди.

XS
SM
MD
LG