Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:28

Эдвокаси – бир сөз менен айтканда жарандык коомчулуктун жакшы өзгөрүүлөр болуусу үчүн бийликке таасир кылуу процесси. Бул процесс жүрүп атканы менен ага тоскоол болгон жагдайлар да бар.

Кыргызстандын демократиялык нукта өнүгүшүнө багытталган Бишкек шаарында өткөн конференцияда дал ушул маселе талкууланды.

Кыргызстанда жыйырма миңден ашуун бейөкмөт уюмдары катталган. Аларга адам укуктарына байланышкан ар кыл багыттагылардан баштап, социалдык, саясий, консультативдик колдоо көрсөткөн түрдүү бейөкмөт уюмдары да кирет.

Эдвокаси процесси дал ошол жарандык коомчулук менен чечимдерди кабыл алган бийлик өкүлдөрүнүн алакасын жакшыртууга багытталган. Анын негизинде көпчүлүктүн кызыкчылыгына ылайык мыйзамдарды, иштөө механизмдерин өзгөртүү, өлкөнүн өнүгүүсүнө жолтоо болгон коррупция, бюрократия, непотизм, дискриминация маселесин жоюу, ачык коом түзүү сыяктуу иштерди жасоо каралган.
Негизги маселелердин бул – мамлекеттик кызматтардагы адамдардын бат-бат алмашуусу. Донна Стюарт

Бишкекте өткөн дал ушул маселени талкуулаган жыйында эдвокаси процессине болгон негизги тоскоолдуктар талкууланды.

Жыйындын уюштуруучуларынын бири “Пакт инк” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Донна Стюарттын айтымында, жалпысынан Кыргызстандагы жарандык коомчулук менен бийликтин иштешүүсүн дурус деп баалоого болот. Бирок аткаруу бийлигиндеги туруксуздук сыяктуу маселелер ишке тоскоол болууда:

- Проблемалар тууралуу айтардан мурда, оболу Кыргызстанда эдвокаси маселеси менен алектенүү мүмкүн экенин, шарттар бар экенин айтып коюш керек. Негизинен мамлекеттик түзүмдөр менен коструктивдүү байланыштар бар. Негизги маселелердин бул – мамлекеттик кызматтардагы адамдардын бат-бат алмашуусу. Анткени эдвокаси маселеси мамлекеттик түзүмдөр менен узак мөөнөттүү кызматташууга багытталган. Ошол себептүү жаңы жетекчилер келгенде бул процесс жайлап же кармалып калып атат.

Жогоку Кеңештин депутату Гүлнара Дербишеванын айтымында, коомчулуктун түрдүү топторунун кызыкчылыктарын коргоодогу негизги тоскоолдук – адамдык фактор. Анткени өлкөдөгү чиновниктердин көбү коррупцияга үйрөнүп калышкан жана жеңил акчадан айрылгылары келбейт:

- Ушул мамлекеттик эмес уюмдар жана бизнестик бирикмелер эдвокаси маселесин чечкенге аракет кылышат. Бирок негизги тоскоолдук чиновниктер болуп атат. Алар коррупцияга үйрөнүп калышкан. Ошондон улам мамлекеттик эмес уюмдар коррупцияга каршы методдорду сунуш кылышканда кабыл албай атышат. Анткени булардын көнгөн адаттары, оңой каражат табуу жолдору бузулуп аткандыктан чоң каршылык болуп атат.
Негизги тоскоолдук чиновниктер болуп атат. Алар коррупцияга үйрөнүп калышкан. Г.Дербишева

Адам укуктарын коргогон уюмдардын көбү бул жааттагы абал жакшы эместигин, алар канча айткан менен адамдардын эркиндигин чектеген мыйзамдар кабыл алынып келатканын айтышат. Маселен тынч, куралсыз чогулуу, митинг, жыйын, пикеттерди өткөрүү укугунун чектелиши сыяктуу жагдайлар көп.

Ишкерлер коомчулугу да жарандык коомдун активдүү бөлүгү катары оң өзгөрүүлөр болушуна кызыкдар. Жыйынга катышкан ишкерлердин өкүлдөрү да башка бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү сыяктуу бийликте ачыктыктын жоктугун, коррупцияны баса белгилешти.

“Бишкек ишкерлер клубунун” аткаруучу директору Улук Кыдырбаевдин айтымында, эдвокаси процессинде ишкерлер коомчулугунун орду чоң. Маселен, жогорку окуу жайлардагы коррупция сыяктуу маселелерди биргеликте чечүүгө болот. Себеби коррупциянын айынан бизнес үчүн даярдалган кадрлардын сапаты төмөн болуп чыгууда:
Бизнес үчүн кадрлар начар. Жогорку окуу жайларында коррупция деңгээли абдан жогору болгондуктан билимдин сапаты төмөндөп атат. У.Кыдырбаев

- Бүгүнкү күндө кадрлар маселеси бизнес чөйрөсүндө абдан орчундуу маселе болуп турат. Бизнес үчүн кадрлар начар. Жогорку окуу жайларында коррупция деңгээли абдан жогору болгондуктан билимдин сапаты төмөндөп атат. Биз үчүн, бизнес коомчулугу үчүн бул абдан маанилүү. Биз окуу жайлардагы коррупцияны токтоткула деп айтуубуз керек. Анткени алар даярдаган продук же студенттер талапка жооп бербейт. Андан тышкары карыларды камсыздоо маселесин алалы. Биз бүгүнкү күнү Социалдык фонд менен социалдык төлөмдөрдүн ачыктыгы тууралуу иштешип атабыз. Бизнес чөйрөсү ошол төлөмдөрдүн көбүн төлөйт. Бирок биз ошол акчалар карыларга кандай жетип атканын көргөн жокпуз. Биз өзүбүз төлөгөн акчалардын социалдык жактан муктаж калкка жетишине кызыкдарбыз.

Жыйынга катышкан Орусиялык укук коргоочу Максим Егоровдун айтымында, Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдары Орусиядагыларга караганда активдүү иштешет. Бийлик бутактарында бейөкмөт уюмдарынан келгендер бар. Мындай көрүнүш Орусияда түшкө кирбесин айткан укук коргоочу кыргызстандык кесиптештерин мындан ары да активдүү болууга чакырды. Ал эми жергиликтүү укук коргоочулардын пикиринде, адам укуктары жаатындагы абал иш жүзүндө да, мыйзамдык жагынан да начарлоонун үстүндө.
XS
SM
MD
LG