Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:38

Ооганстанда президент Хамид Карзайдын кызмат мөөнөтү келерки жылдын этегинде аяктайт. Бирок өлкөдөгү татаал коопсуздук кырдаал анын кайра эле өлкө башчылыгына шайланышына кедерги болот шекилдүү.

Ооганстанда келерки президенттик шайлоонун так мөөнөтү али аныктала элек, айрымдар "Мындай шайлоону өткөрүү деле мүмкүнбү?" деп суроо салышууда. Байкоочулардын көбү шайлоо план боюнча 2009-жылдын күзүндө болоорун болжошууда, бирок ооган парламентинин төмөнкү палатасынын мүчөсү Шукариа Баракзай өңдөнгөндөр акыйкат шайлоо өткөрүүгө азыр өлкөдө шарт жок деп эсептешет:

– Шайлоо бул шайлоочунун алдына бюллетен салган кутучаны коюп койгонду гана билдирбейт. Ишенимдүү добуш бериши үчүн, шайлоочуда коркуп-үркпөй, акыл калчаганга шарт болушу керек. Бизде шайлоо күбөлүгүн алып жүргөнү үчүн гана адамдар өлтүрүлгөн учурлар кездешет. Ушул шартта кантип шайлоо өткөрөбүз?

Быйыл эле Ооганстанда 4 миң чакты киши өлтүрүлсө, алардын үчтөн бири карапайым адамдар болду. "Азаттыкка" айрым булактардын билдиришинче, бүгүн өкмөт да түштүктөгү жана түштүк-чыгыштагы 50 чакты оодан талибдердин көзөмөлүндө экендигин моюнга алат. Ооганстанда 400гө чукул оодан бар. Оогандардын басымдуу көпчүлүгү үчүн коопсуздук башкы маселе бойдон кала берүүдө.

Айрым аймактарда талапкерлер барып, шайлоо өнөктүгүн өткөргөнгө да даашпайт. Ошого карабастан, бир нече киши өз талапкердигин жарыялап, бейрасмий болсо да өздөрүн элге таанытууга киришишти. Өлкөнүн көз карандысыз шайлоо комиссиясы шайлоочуларды каттай баштады жана шайлоо болсо көпчүлүк Хамид Карзайды эле колдойт деген ишеним күчтүү бойдон кала берип жатат.

Бирок АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обаманын "Ооганстанда жаңыча иш алып барыш керек" дегенин колдогондор башка мүмкүнчүлүктөрдү караштырышууда. Парламенттин мүчөсү Кабир Ранжбар Карзай келерки жылы шайлоочулардын алдына бети чыдап кантип чыгат деген кыжаалат оюн биздин радиого мындайча баяндады:

- Абалга жалпысынан карасаңар, президент ишенимди актай алган жок. Айрым иштер жасалганын моюнга алам, бирок алар эл аралык коомчулуктун кысымы, кызматташтыгы жана түздөн-түз кийлигишүүсү менен гана жасалды.

Мындай пикир Батышта да улам бекемделип жаткандыгын байкоого болот. Вашингтондогу Тышкы байланыштар кеңешинде Түштүк Азия боюнча улук изилдөөчү болуп иштеген Даниел Маркей АКШнын жетекчилер чөйрөсүндө Карзайдын соңку кездердеги иш-аракеттерине тынчсыздануу улам күч алып жаткандыгын мындайча билдирди:

- Жыл өткөн сайын ал эл аралык коомчулукту улам көбүрөөк сынга ала баштады. Ошондой эле Карзайдын мекендештери арасында анын өзүнүн жана анын өкмөтүнүн канчалык иш билги экендигинен күмөн саноо күч. Айрыкча өкмөттөгү коррупция көңүлдү иренжитүүдө. Ушулардан улам, Карзай дагы беш жылга кайра шайланса, мындан Ооганстанда мамлекет куруу ишине кандай пайда болот деп баш катырып жатышат.

Мындай тынчызданууга байланыштуу "Азаттык" ооган президентинин маалымат катчысы Хумаюн Хамидзадага кайрылганда, ал Карзайдын жетишкендиктери саясат менен гана чектелбей тургандыгын минтип айтты:

- Президенттин жетекчилиги менен өлкөнүн экономикасы туруктуу өсүшкө жетишти. 2001-де өсүш жок болчу, бүгүн Ооганстанда экономика Азиядагы эң тез темп менен өсүп жатат. Бүгүн калктын 85 пайызы кандайдыр бир саламаттык кызматынан пайдалана алат. Миллиондогон кыздар жана балдар мектепте окуп жатышат. Президентти бүгүн бүт дүйнөдө тынчтыктын, өнүгүүнүн, коопсуздуктун жана өлкөнү кайра куруунун символу катары таанышат. Ал ооган элинин ишенимине ээ, эл аралык коомчулук да аны менен кызматташат.

Ооганстандагы оппозициянын эң күчтүү деген партиясы - Бириккен Улуттук майдан, бирок ал мурда бири-бирине душман болгон, оор кылмыштар үчүн шектелген ар кошкон күчтөрдөн тургандыктан, Карзайдын кайра шайланыш мүмкүнчүлүгү күчтүү бойдон кала берүүдө.
XS
SM
MD
LG