Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

Ооганстандагы оңунан чыкпаган бомбалоо иликтенет


Ак үй Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз аймагында болгон соңку бомбалоонун кесепеттерине байланыштуу “олуттуу тынчыздануусун” билдирди.

Анткени Талибандын согушкерлери карактап кеткен, күйүүчү май тарткан цицтерналарга абадан жасалган сокку учурунда жөн-жай оогандар да каза тапты деген маалыматтар айтылууда.

Окуя жума күнү эртең менен Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз провинциясында болгон. АКШнын аскерий учагы Талибан колуна түшкөн, май тарткан эки автоунаага согушкерлердин чакыруусу менен келген кыштак тургундары анда бекер май алып жаткан учурда бомба таштаган. Ооган расмий өкүлдөрүнүн айтымында, чабуулдан өлгөндөрдүн саны 90го чейин жетет. Окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн ал аймакка НАТОнун, Улуттар уюмунун, ооган өкмөтүнүн топтору жөнөтүлдү.

Ооганстандын түндүк аймагы салыштырмалу тынч деп эсептелүнчү. Күйүүчү май тарткан автоунааларды талибдер Тажикстандан Кабулду көздөй кеткен жолдо колго түшүршкөн. Ага жасалган аба чабуулу учурунда өлгөндөрдүн ким экендиги боюнча карма-каршылыктуу маалыматтар түшүүдө. Ооган расмий өкүлдөрүнүн айтымында, өлгөндөрдүн 50дөйү согушкерлер.

Кундуз провинциясынын Якуби кыштагынын бомбалоого күбө болгон тургундарынын бири Хамидулла мындай дейт:

- Менин атам, бир тууганым, аталаш тууганым, таякем - баары ушул бомбалоодо шейит кетишти. Үй-бүлөмдүн башка мүчөлөрү курман болушту. Биздин үй-бүлөдөн жалгыз мен гана аман калдым.

Ал эми Ооганстандын ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Замарай Башари “Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун ооган кызматына төмөнкүлөрдү билдирди:

- Куралдуу согушкерлердин бир канчасы жок кылынган. Курман болгондор арасында карапайым тургундар да бар, бирок так саны белгисиз. Ооган президенти жөн-жай жашоочулар арасындагы жоготуунун так санын аныкташ үчүн атайын комиссия түздү.

Аба соккусу кандай жагдайларда жасалганы жана өлгөндөрдүн ким экендиги боюнча толук иликтөө жүргүзөөрүн НАТО да билдирүүдө. Уюмдун маалымат катчысы Жеймс Аппатурай “Азаттык жана Эркин Европа” радиосуна буларды айтты:

- Биз баарыбыз туш болгон көйгөй, албетте Талибан, козголоңчул башка топтор, Ооганстандын башка душмандары униформа кийбегендигинде. Алар башкалардын баарына окшош кийинип, ага кошумча элдин арасына жашырынып жүрүшөт. Андыктан кээде биздин жоокерлерге гана эмес, баарына эле кимиси көчөдө бара жаткан жөн жай адам, кимиси Талибан экенин ажыратуу абдан кыйын.

Айтор азыр ооган өкмөтү жана анын Батыштагы колдоочулары да соңку окуя оогандардын кыжырдануусун күчөтөт деп тынчызданышууда. Ооган депутаттарынын бири Ассошейтед пресс агенттигине согушкерлер карпайым тургундар арасындагы жоготууларды көбөйткүдөй кырдаал түзүүгө, элдин Батыш аскерлерине карата кыжырдануусун күчөтүүгө такай умтулуп жатканын белгиледи.

Коалициялык күчтөрдүн аба соккуларынан кээде жайкын калк арасына да бүлгүн салып жаткандыгын Улуттар уюму, адам укугун коргоочу уюмдар сынга алып келишкен. Жөн-жай тургундарды бутага алуу кабыл алынгыс экенин ооган президенти Хамид Карзай соңку окуядан кийин да айтты. Карзайдын өзү кээде бул маселени эл арасындагы кадыр-баркын көтөрүү үчүн пайдаланып жатканы, ошол эле учурда тынч тургундар талибдердин айынан жабыр тартып жатканын эске албаганы үчүн сынга алынып жүрөт.

Жөн-жай тургундар арасындагы жоготууларды азайтуу аракетинде, НАТОнун Ооганстандагы азыркы командачысы, генерал Стэнли МакКристал ошондой тобокелчиликтер бар аймактарда аба чабуулдарына олуттуу чектөө киргизди.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG