Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Кылычбек Султанов тышкы иштер министрине кеңешчи болду


Кылычбек Султанов өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи - тышкы иштер министринин кеңешчиси болуп дайындалды. Мындай буйрукка 5-декабрда кол коюлганы расмий кабарланды.

Кылычбек Султанов быйыл августта Кыргызстандын Малайзиядагы ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулган.

Ал бийликтин Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесине каршы болуп, мындан улам кызматтан бошотуу өтүнүчү президенттин атына арыз жазганын билдирген.

Бирок Тышкы иштер министрлиги Султановдун арызынан кийин жыл аягына чейин Кыргызстандын чет мамлекеттердеги натыйжалуу иш алып барбаган айрым мекемелерин жабуу жана кыскартуу пландалганын, Малайзиядагы элчилик да жабылуу же кыскаруунун алдында турганын, бул тууралуу элчи Кылычбек Султановго июль айында кабарланганын билдирген. Ал эми Кылычбек Султанов Малайзиядагы элчилик жабылары тууралуу эч кандай кабары болбогонун “Азаттыкка” курган маегинде айтып, элчиликтин бул жообуна таң калып турганын маалымдаган. (SE)

XS
SM
MD
LG