Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:05

“Ал-Жазиира” телеканалы Кабылдын Баграм аэродромунда таңгакталган дари жана пуштун тилиндеги “Тоорут” китептери менен турган АКШлык жоокерлерди көрсөттү. Телеканал кээ бир америкалык аскерлер “Тоорутту” өз эркинче оогандар арасында жайылткысы келген болушу этимал деп жоромол кылды. Мындай бүтүмгө АКШ командачылыгы макул эмес. Ооган президентинин кеңсеси “ал-Жазииранын” кабарын “адепсиз жана негизсиз калп” деп сыпаттады.

Катарда жайгашкан “ал-Жазиира” телеканалы таңгакталган “Тоорат” китептеринин жанында турган америкалык жоокерлерди көрсөтүп, алар балким өз ынтаасы менен тарса динин жайылтып, Ооганстандын жана АКШнын мыйзамдарын бузушпады бекен деп суроо таштаган эле. Береги маалыматка Ооган жана АКШ тарап ыкчам жана каршы жооп берди.

Ооганстандын эларалык коомчулук тарабынан колдоого алынган конституциясы өлкө мусулмандарын башка динге чокундурууну кылмыш деп тааныйт жана динин “саткан” жаран-Ооган мыйзамдарына ылайык-өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.

"Тоорат" китеби куралдан да коркунучтуу күчкө ээби?...

Ооган өкмөтү непада четэлдик аскерлер ислам дининен башка диндерге таандык адабияттарды таркатса, аларга каршы айоосуз чара көрүлөрүн билдирди. Президент Хамид Карзайдын өкүлү Сямак Герави “Тоорат” жөнүндөгү маалыматты карандай калпка чыгарып, мусулмандарды башка динге үгүттөөгө өкмөт жол бербесин эскертти:

- Биз бул билдирүүнү окудук. Биринчи кезекте биз аны менен такыр макул эмеспиз.Ооганстанда жайгашкан күчтөрдүн “Тооратты” жайылтуусуна жол берилбейт. Биз бул маселени талкуулап жатабыз. Биз АКШ бийликтеринен алган алдын ала билдирүүгө караганда, береги маалымат жалган, адепсиз жана негизсиз.

Ооганстандын эларалык коомчулук тарабынан колдоого алынган конституциясы өлкө мусулмандарын башка динге чокундурууну кылмыш деп тааныйт жана динин “саткан” жаран - Ооган мыйзамдарына ылайык - өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.

Ар кандай шектенүүгө жол бербөө максатында АКШнын Борбордук командачылыгы №1-башкы буйругун чыгарган. Бул буйрук Ооганстан жана Ирактагы америкалык аскерлерге жарандарды динге чакырып үгүттөөгө тыйуу салат. АКШ Куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен башкы штабынын төрагасы, адмирал Муллен 4-майда Пентагондо болгон пресс-конференцияда америкалык аскерлердин диний үгүттөөлөрдү жүргүзүүсүнө уруксат жок экенин кайталап айтты:

- Арийне, Кошмо Штаттардын аскерий эрежеси боюнча, ар кандай динди таратуу биздин милдетибиз эмес.

Баграм аэродромуна жайгашкан АКШ күчтөрүнүн өкүлү Женнифер Уиллистин шейшемби күнү билдиришинче, «ал-Жазиира» телеканалы көрсөткөн "Тоораттарды" бир жылдай мурда жоокерлердин бирине Кошмо Штаттардагы евангелист-лютеран чиркөөсү жөнөткөн экен. Болгон “Тоорат” китептери аскерий диниятчы менен чогуу жок кылынды, бир да “Тоорат” таратылбаганын ырастай алам, деди Уиллис айым “ал-Жазиира” көрсөткөн тасмага байланыштуу атайын жасаган билдирүүсүндө .

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG