Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:18

Голланд өкмөтүндө кризис чыкты


АКШ президентинин атайын өкүлү Ричард Холбрук Тажикстанда болгон учурда Борбор Азияга азыр "Талибанга" караганда "Ал-Каида" алда канча коркунуч түзүп жатканын эскертти.
АКШ президентинин атайын өкүлү Ричард Холбрук Тажикстанда болгон учурда Борбор Азияга азыр "Талибанга" караганда "Ал-Каида" алда канча коркунуч түзүп жатканын эскертти.

Ооганстандын Урузган аймагынан голланд аскерлери чыгарылган күндө да бул аймак коргоосуз калбайт деп ишендирди НАТОнун өкүлү. Ооган жериндеги контингенттин мандатын узартуу маселесинеде тил таба алышпай, Нидерландиянын курама өкмөтүнө кирген лейбористтер партиясы ишемби күнү коалициядан чыгып кеткен эле.

Нидерланд өкмөтүндөгү коалиция мындан үч жыл мурда түзүлгөн, ага ошол жылы шайлоодо жеңишке жетишкен христиан-демократтар менен лейбористтер киришкен.

Алардын курама өкмөтү ойдо жок жерден ишемби күнү экиге бөлүнүп, кабинет иш жүзүндө мандатсыз калды. Буга ооган жериндеги голланд аскерлеринин мөөнөтүн 2011-жылдын августуна чейин узартуу сунушу себепчи болду. Бул сунушту НАТОнун өтүнүчү менен премьер-министр Ян Петер Балкененде өкмөттүн кароосуна койгон эле.

Премьердин демилгисине лейборситтер каршы чыгып, мурда бекитилген планга ылайык аскерлерди ооган жеринен быйыл жайдан калтырбай чыгарууну талап кылышты. Тараптар он алты саат жүйүр масилетерди өткөрүштү, мунасага келе алышпаган соң лейбористтер коалициядан чыкканын жарыялады.

Премьер Балкененде жаңы өкмөт кураганга аракет кылабы-жокпу, азырынча белгисиз. Бирок байкоочулар өлкөдө мөөнөтүнөн бир жыл эрте шайлоо болорун айныксыз иш деп болжолдоп жатышат.

НАТОнун өкүлү Жеймс Апатурай баш катчы Андерс Фог Расмуссендин атынан билдирүү жасап, альянс быйыл августтан кийин да голланд контингенти Ооганстанда каларына үмүт кылып жатканын ырастады. Ошол эле учурда Апатурай акыркы чечимди кантсе да нидерланд өкмөтү айтарын бышыктап, дурус жол катары контингенттин санын кыскартып, бирок операцияга катыша берүүнү сунуш кылды.

Голландиялыктардын эки миңге саал жете бербеген аскер бөлүгү Ооганстандын Урузган провинциясында жайгаштырылган. 2006-жылдан бери алар 21 жоокерин жоготту.

Голланд өкмөтүндөгү кризисти эксперттер НАТОнун башка өлкөлөрүнө да өрнөк болуп жайылып кетиши ыктымал дешет. Коомдук пикирдин натыйжалары көрсөткөндөй, альянска кирген башка өлкөлөрдө да калктын көпчүлүгү ооган жеринен аскерлердин чыгарылышын жакташат.

Кабулдук аналитик Ахмад Саиди кокус голландиялык аскерлер Урузгандан кетсе, анда бул Ооганстанга да, НАТОнун өзүнө да олуттуу сокку болот деп эсептейт. Нидерландиядан соң европалык башка өлкөлөр биринен сала бири контингентин чыгара башташы мүмкүн.
Ооганстанда болсо абал оңолуп бараткан жери жок. Муну АКШнын атайын өкүлү Ричард Холбрук да Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырып жүргөн кезде бышыктагандай болду.

Тажикстанда болгон учурда ал "регион үчүн азыр "Талибан" эмес, "Ал-Каида" алда канча коркунучтуу экенин, бул уюм эл аралык террорчуларды даярдап жатканын белгиледи. "Бу маселе АКШнын, аймактагы бардык өлкөлөрдүн жалпы проблемасы болуп саналат, аларга мен, арийне, Пакистандай эле Кытай менен Индияны да кошот элем", - деп көрсөттү Холбрук.

XS
SM
MD
LG