Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:34

Кандагарга кандай тактика керек?


Кандагарда өткөн аптада эле талиптердин колунан жетимиштей адам жайран болду.
Кандагарда өткөн аптада эле талиптердин колунан жетимиштей адам жайран болду.

НАТОнун Ооганстандагы контингентинин командачысы генерал Стэнли Маккристал өлкөдөгү абалга байланыштуу АКШнын аскерий жетекчилигине атайын доклад жөнөттү. Отчетто түштүктөгү Кандагар аймагына өзгөчө басым жасалган.

Генерал Маккристалдын отчетун Пентагон жакынкы күндөрдө жарыялашы мүмкүн. Отчетто Ооганстанда "кооптуу" абал түзүлгөнү, жагдай жалпы стратегияны жаңылап чыгууну талап кылары айтылат. Бул жагынан генерал өзгөчө түштүктөгү Кандагар аймагындагы кырдаалга көп көңүл бурган.

Аймактагы көп райондор азыр "Талибандын" контролдугунда турат. Шаардын өзүндө да талиптердин таасири күчтүү.

Бир топ жылдан бери Кандагарда жашап жаткан немец журналисти Феликс Куен аймактагы азыркы абал үчүн көп тараптын күнөөсү бар экенин белгиледи. Өкмөт жана чет элдик өкүлдөр бу жерде калктын көп бөлүгүн,айрыкча уруу башчыларын өз тарабына тарта албады. Анын үстүнө жергиликтүү чиновниктер айрыкча коррупцияланып кетти. Бул жагдай оңолмоюнча коопсуздук кырдаалында кескин бурулуш болору күмөн.

Кабулдук эксперт Мохаммад Юнус Факур буга кошумчалап Кандагардагы жагдайды жергиликтүү пуштун урууларынын ич ара атаандаштыгы кыйындатып жатканын бөлүп көрсөттү.

"Талибан" кулаган соң аймакта президент Хамид Карзайдын бир туугандары, жээк-жааты мурдагы губернатор Гул Ага Шерзай жана можахеддердин бир кездеги башчысы молдо Накиб менен жең ичинен келишип,Кандагарды өздөрүнүн менчик музапатына бөлчөктөп бөлүп алышты. Аймактагы бардык 68 жооптуу кызматтын 65и ушул үч кландын колунда турат.Үчөө тең дуранни уруусунун өкүлдөрү, талиптердин жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн көпчүлүгү болсо гилзай уруусунан. Алардын ушул аразы тыйылганда жалпы жагдай жакшырат.

Факур жергиликтүү бийликтерге башка уруулардын өкүлдөрү,алардын башчылары тартылганда Кандагарда тайпалардын теңдеми түзүлмөк,мунун өзү жалпы өлкөдөгү абалга оң таасирин тийгизмек деп эсептейт.

Бирок Кандагар аймак кеңешинин башчысы,региондогу эң таасирдүү өкүлдөрдүн бири Ахмад Вали Карзай өкмөттүн жакшы иштей албаганынан улам талиптер күч алып жатат деген пикирлерге кошулган жок. Ал Кандагарга коалициялык кошумча контингент керек эместигин, мындан көрө уруштарга жергиликтүү калк катышпагыдай абал зарыл экенин айтып, бул үчүн уруулардын өздөрүнүн кошуундарын түзүүнү сунуш кылды. Ошондо ар бир уруу өз душмандарынан коргонуп, жагдайды колго алалат.

Байкоочулар кокус Хамид Карзай дагы бир мөөнөткө бийликте калса, анда анын кичи мекени Кандагар ал үчүн олуттуу сыноо болорун айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG