Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:08

Талиптер Кабулга калайман салды


Кабулдагы соода борборунда бомба жарылгандан кийинки көрүнүш.
Кабулдагы соода борборунда бомба жарылгандан кийинки көрүнүш.

Жума күнү таң эрте талиптер Кабулдун так ортосунда калайман уюштурушту. Соода борборуна жакын жерде жарылган бомбадан он жетиге жакын киши набыт болду.

Алардын арасында эки полицмен, чет элдик жарандар бар. Жарадар болгондор саны отуздан ашты.

Окуяны ички иштер министрлигинин өкүлү бышыктады. "Жарылуу саат жетиге чукул болду. Полициянын айтымында, аны жанкечти жардырды. Азырынча канча киши мерт болгону тууралуу так маалымат жок", - деп айтты ал окуя болор замат.

Иштин чоо-жайын андан кийинчерээк дайын болду. Биринчи бомба соода борборунда жарылды. "Дүкөнүмдө отурган элем, аңгыча дүңк эте түшүп, жер силкингендей терезенин айнектери быркырап, ыргып кетти",- дейт жергиликтүү соодагерлердин бири.

Буга удаалаш соода борборуна жакын турган мейманканада кулак тундурган бир нече жарылуу болду. Конок үйдө жашагандардын бири атышуулар башталып, бомба жарылган маалда өз бөлмөсүн бекем жаап алганын, ким өлүп, ким жарадар болгонун көрбөгөнүн билдирди.

Конок үйгө негизинен чет элдиктер, көбүнесе индиялык жолоочулар токтолчу дешет. Аскери өкүлдөр ырасташкандай, эки жанкечти ушул жерде бомба жардырышкан, төрт индус, мындан тышкары италиялык айрым жарандар жайран болду. Бир француз да опот кеткенин Парижде тышкы иштер министрлигинде тастыкташты.

Калайман үчүн жоопкерчиликти талиптер өздөрүнө алышты. "Талибандын" өкүлү эрте мененки операцияга беш лашкер катышканын, үчөө жанкечти-бомбачы болгонун ырастады.

Талиптер өткөн айда да Кабулга жапырык салып, шаардын ортосундагы өкмөттүк имараттарды жана соода жайларын жардырышкан, он эки кишинин өмүрү кыйылган.

Бул жолку калайманды талиптер Гилменд провинциясында НАТОлук аскерлердин ири масштабдуу операциялары жүрүп жаткан маалда уюштурушту.

XS
SM
MD
LG