Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:32

Ооганстанда тайпа башчылары демилге көтөрүштү


Ооган президенти Хамид Карзай Сауд Арапстандын борборунда падыша Абдалла менен жолугуп, "Талибанды" сүйлөшүүлөргө көндүрүп берүүнү өтүндү. 3-февраль 2010-жыл.
Ооган президенти Хамид Карзай Сауд Арапстандын борборунда падыша Абдалла менен жолугуп, "Талибанды" сүйлөшүүлөргө көндүрүп берүүнү өтүндү. 3-февраль 2010-жыл.

Ооганстандын чыгыш бөлүгүндөгү тайпалар жакында курултай өткөрүп, талиптерге каршы кыймыл түзүүнү чечишти. Кабулда өкмөттүн жана АКШнын өкүлдөрү бул демилгеге жаңы дем берип, жалпы өлкөгө жайылтууну кыялданып жатышат.

Курултайга чыгыштагы Нангархар провинциясындагы төрт райондун эли чогулуп, өз ара шартнама түзүштү. Шинвари уруусунун башчысы Хажи Малик Осман аймактагы тайпалар өз айылынан талиптерге орун-очок бербейбиз деп макулдашканын,бул эрежени бузгандар он миң долларга жакын айыппул төлөй турганын кабарлады.

Келишимге ылайык эч ким апийим өстүрбөйт, талиптердин катарында жүргөн уруулаштары куралын таштап, айылга кайткысы келсе, тайпа кеңешинин чечими менен уруксат берилет. Коңшулаш аймактарга, алардын ичинде Пакистандын Тирах өрөөнүндө жашаган пуштундарга да жасак-кошуун курап, талиптерге каршы турууну сунуш кылышты.

Бул демилгеге кошулган ар бир тайпа жергиликтүү өнүктүрүү долбоорлору үчүн АКШнын армиясынан бир миллион доллардан ашуун тикелей көмөк алат. Эгер мындай тажрыйба үзүрлүү боло баштаса, Кабул менен Вашингтонго пуштундар байырлаган бардык аймакты козголоңчуларга каршы көтөргөнгө мүмкүнчүлүк ачат.

Бирок эксперттер бул мүдөөнү ишке ашыруу оңой болбой турганын эскертишүүдө. Отуз жылдан ашуун тыйылбай келаткан уруш, кооп-козголоң тайпалар менен уруулар ортосун алыстатып, ич ара алака-мамилелерине олуттуу жик салды. Уруулук түзүлүштөр, алардын эрежелери да ар кайсы жерде ар башкача.

Ошентсе да төмөнтөн башталган бул кыймылдын келечегине ишенгендер аз эмес. Гилменд провинциясындагы тайпанын жетекчиси, ооган парламентинин депутаты Хажи Анвар Хан жер-жерлерде таасири өтүмдүү уруу башчылары көп маселени чече алат деп эсептейт. Анын айтымында, эгер ар бир тайпанын, уруунун өкүлдөрүнө өз ара кырдыбычак болуп, кырылыша бергенден пайда жоктугун, ымалага келип, ынтымакташып жашаган алда канча пайдалуу экенин түшүнтүп, ойлонгонго аргасыз кыла алганда мунун өзү чоң кадам болмок.

Ооган өкмөтү ушуга окшогон акыл-кеңештерди макул көрүп, уруулардын эсебинен талиптерге каршы куралдуу ири кошуун кураганы жаткан окшойт. Ошол эле учурда бийликтердин "Талибан" кыймылы менен сүйлөшүүлөргө ыкыластанып жатканына тайпа башчыларынын талиптерге каршы жаңы кыймылын уюштуруп жаткан демилгечилер кандай карары белгисиз.

Бул учурда АКШнын улуттук чалгындоо мекемесинин башчысы Деннис Блэр сенатта өткөн талкууда акыркы эки жыл ичинде Ооганстанда "Талибандын" активдүүлүгү күч алганын, анын куралдуу топтору жаңы аймактарды ээлей баштаганын, өзгөчө пуштундар көпчүлүктү түзгөн Пакистанга чектеш райондор алардын таяныч базасына айланып калганын ырастады.

XS
SM
MD
LG