Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:55

Аму дарыя ар жазда суу киргенде ооган түркмөндөрүн кыжаалатка салат. Себеби Борбор Азиядагы эң узун дарыя жээгин жеп отуруп, акыркы отуз жылда өлкө түндүгүндөгү Жаузжан провинциясында 25 чакырымдай ичкери кирип кеткен.

Натыйжада Түркмөнстан менен чектеш аймакта жашаган ооган түркмөндөрү жайыттарынан айрылды. Алардын дарыя кечип, мурдакы жайыттарына мал жайгандары түркмөнстандык чек арачылардын огунан же зомбулугунан өлгөн учурлар болууда.


Ооган түркмөндөрүнүн кыжаалаты

Ооган түркмөнү Ажы Калык Ооганстандын түндүгүндөгү Жаузжан провинциясынын Жазарык Динар кыштагындагы аксакалдардын бири. Карыя жаш кезинде Аму дарыянын нугу алардын үйүнөн анча алыста жатканын эскерет:

-Дарыя биздин кыштактын бир бөлүгүн жеп, дагы алга жылууда. Биз бала кезде дарыяга чейин 1, 5 саатта жетер элек.

Ажы Калык аксакал Аму дарыя жээкти жеп отуруп, жазарыкчылар жайытынан ажыраганын, ал эми суу бөлгөн жерлер чек аранын Түркмөнстан жагында калганын айтып өксүйт.

Анабег айымдын күйөөсү Абул Жабар жакында киндик каны тамган жерине мал жайганы барып, ал жерди коруган түркмөнстандык чек арачылардын колунан мерт болгон. Эки баласы менен жесир калган Анабег айым: “Ал (күйөөм) эки парча нан менен кеткен. А жасаты тепчилип келди. Эмне үчүн?”-деп түтөйт. Түркмөнстандын чек арачылары Абдул Жабардын сөөгүн өткөрүп бергенде, туугандары маркумдун ичи-карды тигилгенин көрүп, дагы боздошот. Каргаша тууралуу кыштактын нотарису Нур Мохаммед мындай деп эскерет:

- Маркумдун киндигинен тартып, ээгине чейин кесилип, кайра тигилген экен. Доктур сөөктү көрүп эле ичеги-карын органдарынын баары алынганын айтты. Денеде октун кирген жана чыккан изи да калыптыр.

Түркмөнстан жактын түшүндүшүнчө, 31 жаштагы койчуну чек арачылар катуу сабап коюп, ооруканага жеткиришкен жана маркумдун денеси аутопсия же соттук изилдөө үчүн ачып көрүлгөн.

Ооган түркмөндөрү Жабардын органдары оорукчан бирөөлөргө сатуу үчүн алынган деп чек аранын ары жагындагы кандаштарына өтө нааразы. Бул Аму дарыянын башка бөлүктөрүнө да таандык көрүнүш. Ооган түркмөндөрү арасында малын салга жүктөп, дарыянын аркы жээгине оттоткону барып, балакетке кабылгандардын саны жыл санап көбөйүүдө. Жыл башында да каршы жээкке мал жайганы кетип жоголгон үч койчунун жасаты бир нече аптадан кийин Ооган жак жээктен табылган. Он ай илгери мал бензин куюп өрттөлгөн жазарыктык койчунун сөөгү табылган. Аны ким өлтүргөнү белгисиз. Дагы бир ооган түркмөнү алиге табыла элек.

Эл нааразы, бирок Кабыл-Ашхабад алакасы жакшы

Жергиликтүү түркмөндөр Кабылга эчен ирет кайрылганы менен өкмөттөн жардам болгон эмес. Анын жайын парламент мүчөсү Халид Паштун мындай түшүндүрөт:

- Чек арадагы башаламандык ондогон жылдар бою уланууда. Ооганстан бул маселени жөндөчү абалга жете элек. Менимче, жээкти бекемдеп, коңшу өлкө менен келишим түзүүбүз зарыл. Каршы тарап берегидей проблемадан качып, өз жээгин үзбөй бекемдеп жүрөт.

Айласы кеткен жергиликтүү түркмөндөр Аму дарыянын жээгин өз күчү менен бекемдешүүдө. Калык аксакалдын айтышынча:

-Биз азыр Кабек кыштагында турабыз. Бизге провинциалдык кеңештин мүчөсүнөн башка эч ким көмөктөшпөдү. Ал бизге кум салып, жээкке төшөө үчүн 4 миң кап сатып берди. Азыр бу жерде коңшу эки кыштактан келген 200 киши ыктыярдуу иштешүүдө.

Бул адамдардар ишибиздин акыбети жайкы суу кирчү келерки эки айда кайтат деген ишенимде.

Ооган түркмөндөрүн кыжаалатка салып, канын кайнаткан чек ара көйгөйүнө карабай акыркы отуз жылда Кабыл менен Ашхабаддын алакасы жакшы. Түркмөнстан Балх провинциясында ооган түркмөндөрү үчүн заманбап мектеп, Фаряб провинциясында ооруканага куруп берген. Ашхабад менен Кабылда болочокто Түркмөнстандан Пакистан аркылуу Индияга тартылчу газ кууру Ооганстан аркылуу өтөт деп үмүттөнүшөт.

XS
SM
MD
LG