Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:04

КЫРГЫЗСТАН ДАГЫ ДЕЛЕ НЕГИЗГИ НАРКОТРАФФИКТЕРДИН БИРИ БОЛУП КАЛУУДА


БУУнун баңзат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын маалыматы боюнча өткөн жылы баңзаттарды кармоо жана жок кылуу жагынан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан алдыңкы орунга чыккан. Ошентсе да Кыргызстан негизги наркотраффиктердин бири болуп калууда. Ооганстанда өндүрүлгөн маңзаттардын көпчүлүк бөлүгү Тажикстан жана Кыргызстан аркылуу Орусияга, андан ары Европа өлкөлөрүнө ташылып жатат. Ошол эле учурда элүү миңден ашуун кыргыз жарандары баңзат пайдаланышат. Алардын ичинен 12% жетиле элек балдар.

БУУнун уюмунун маалыматы боюнча Ооган экономикасынын бештен үч бөлүгү апийим өндүрүшүнөн көз каранды. Өткөн жылы Ооганстанда апийим өндүрүү 2005-жылга караганда дээрлик 50% өсүп, 6 миң 100 тоннадан ашуун апийим өндүрүлгөн. БУУнун баңзат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Борбор Азия өкүлчүлүгүнүн координатору Виктория Чиянын айтуусунда бул Борбор Азия өлкөлөрүндө да бир топ маселелерди пайда кылат.

БУУнун маалыматы боюнча 2005-жылы баңзаттардын кармалышы азайып кеткен. Ал эми 2006-жылы героин затынын кармалышы боюнча Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстандан кийинки орунга чыгып, жалпы кармалган героиндин 104% Кыргызстандын үлүшүнө туура келген. Мунун себебин БУУ өкүлү Виктория Чия Ооганстанда баңзаттын көп өндүрүлүүсүнө жана анын төрттөн бир бөлүгү Кыргызстан аркылуу ташылып жаткандыгы менен байланыштырды:

-Өлкө аркылуу мыйзамсыз өткөн баңзаттын агымы күчөдү. Бул агым канча улуу болуп, өлкө аркылуу канча баңзат сатылса, ал өлкөгө ошончолук зыянын тийгизет. Мындан тышкары 2003-жылы баңзаттарга каршы агенттик түзүлгөн. Алар башка күч органдары менен кошо иш жүргүзүп келе жатышат. Героин конфискациялоо боюнча Кыргызстандын алдыңкы орунга чыгышын бул агенттиктин жүргүзгөн ишинин натыйжасы деп айтууга да болот, -дейт Виктория Чия.

Баңзаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин кеңешчиси Тимур Исаковдун айтуусунда өткөн жылы аталган агенттик тарабынан 2005-жылкыга салыштырмалуу 2,5 эсе көп баңзат кармалган. Бирок бул ийгиликтер менен кубанууга эрте экендигин белгилеген Тимур мырза Кыргызстанда элүү беш миңден ашуун киши баңзаттарды колдонорун, анын ичинен 12% жашы жете элек балдар экендигин билдирди. Анын айтуусунда өлкөдө баңгилердин көбөйүүсүнө Кыргызстан аркылуу өтүп жаткан наркотраффик негизги себеп болуп жатат:

-Акыркы беш жылда эле түштүктө баңзат пайдалангандардын саны 2,5 эсеге өстү. Бул өтө олуттуу маселе. Демек, бул дагы баңзат ташылган нарктораффиктин бизге тийгизген зыяны. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда элүү беш миңден ашуун киши баңзат пайдаланса, анын жарымы ошол наркотраффик өткөн түштүк аймакка туура келет.

Тимур Исаковдун айтуусунда 2006-жылы Кыргызстанда күч органдары тарабынан 4 тонна 200 кг баңзат кармалган. Бул бир жыл ичинде Кыргызстан аркылуу алынып өтүлгөн баңзаттын 10-15%гана.

Кыргызстанда баңзат пайдалануучулар бир жылда 10 млн долларга чейинки каражатты баңзат сатып алууга жумшашат. Колдонулган баңзаттардын жарымы Кыргызстандын өзүндө каракуурайдан даярдалган баңзаттар. Жарымы Ооганстандан апкелинген апийим, героин жана башка баңзаттар. Мындан тышкары таблетка түрүндөгү тыюу салынган баңги каражаттарын да колдонушат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG