Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:39

Россияда баңгиликтен өлгөн адам көп


Ооганстан. Полициячы апийим тааласын буздуруп жаткан ооган аткаминерлерин күзөтүп турат. Герат дубанындагы Рабатсанги району. 14-апрель 2008-ж.
Ооганстан. Полициячы апийим тааласын буздуруп жаткан ооган аткаминерлерин күзөтүп турат. Герат дубанындагы Рабатсанги району. 14-апрель 2008-ж.

Маң заттарынын эң коркунучтуусу- героин жылына Россияда Ооганстан согушунда өлгөн советтик аскерлерден көп адамдын өмүрүн жалмайт. Жылыга Ооганстандан Россияга Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан аркылуу 90 тонна героин келет.

Жылыга Ооганстандан Россияга Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан аркылуу 90 тонна героин келет. Борбор Азия, Россия жана Жакынкы Чыгыш аркылуу өткөн маңзаттары дүйнөнүн 15 миллион баңгисин багат.

2005-2008-жылдары талиптер Ооганстандагы апийим өстүрүүнү жана маң соодасын контролдоодон 450-600 миллион доллар пайда көргөн.



Казакстандын Петропавловск шаарында кармалган 50 кг героин жана гашиш. 27-январь 2009-ж.
Бул маалыматтарды БУУнун Маң заттарына жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү агенттиги шаршемби, 21-октябрда жарыялады.

Дагы бир кооптуу жаңылык: Ооганстанда өндүрүлгөн маң заттарын Борбор Азия аркылуу Россияга ташуу өзгөчө гүлдөп өсүп жатканын БУУнун Маң заттарына жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү агенттигинин докладды даярдаган адистер тобунун өкүлү Вольтер Кемп “Азаттыкка” берген интервьюда баса белгиледи:

-Борбор Азия аркылуу 90 тоннадан көп героин өтөт. Анын баары героиндин дүйнөдөгү эң чоң базары- Россияны тойгузууга кетет.

Ошентип, Россия Ооганстанда өндүрүлгөн героиндин 20 процентин керектейт.

БУУнун изилдөөсү боюнча, дүйнөдө өндүрүлгөн героиндин беш процентке жакыны Борбор Азияда керектелгени- жергиликтүү бийликтер ылдам шактап бараткан маң базарын талкалаганга көп кызыкдар эмес экенин күбөлөйт.
Мына бул көздүн нурун алган апийим бышканда алынган түшүм жылына 100 миң адамдын өмүрүн жалмайт.


Террорчу топтор маңды Россиянын чети көрүнбөгөн базарына жөнөтүүгө активдүү катышат. Маң жолдору жабылбаса, Өзбекстан ислам кыймылы, Чыгыш Түркстан боштондук уюму сыяктуу топтор “маң заттарын, кылмышкерликти жана козголоңчулукту” Борбор Азияга бара-бара “селдей каптат өңдүү” деп бүтүм жасалат изилдөөдө. Бул кубулуштун коркунучу тууралуу Вольтер Кемп мындай дейт:

-Маңзаты, кылмышкерлик жана терроризм арасындагы байланышты Ооганстан жана Пакистандын чекара аймактарынан көрдүк. Мунун айрым симптомдору Борбор Азияда дагы байкалууда.

Кабыл аэропортунда героиндин 74 капсулу менен кармалган нигериялык аткезчи. 14-октябрь 2009-ж.
Улуттар Уюмунун изилдөөсүнө караганда, Россияда баңги-наркомандардын саны ылдам көбөйүп баратканына, баңгичиликтин кесепетинен жылына 30 миң-40 миң россиялык көз жумат. Бул 1979-89-жылдары Советтер Союзу Ооган согушунда жоготкон аскерлерденин санынан эки эседен көп.

Баңгичиликтин, айрычка , кокаинди ийне сайынып колдонуунун кесепетинен Борбор Азияда ВИЧ эпидемиясы ылдам жайылып барат. Кемптин сөзүнчө, маң аткезчилигин, баңгичиликти жалгыз бир өлкөнүн аракети менен жеңүү кыйын.

- Бардык өлкөлөр бул проблеманы жеңүү алардын кызыкчылыгына ылайык экенин түшүнүүсү зарыл. Себеби, улуттар аралык бул көйгөйдү бир да мамлекет жалгыз жеңе албайт.

Өткөн төрт жылда же 2005-2008-жылдары талиптер Ооганстандагы апийим өстүрүүнү жана маң соодасын контролдоодон 450-600 миллион доллар пайда көргөн.

Ал эми Борбор Азияга эшиктеш Иран баңгилердин саны боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыккан же маңга көнгөн адамдардын саны 1 миллионго жеткен

XS
SM
MD
LG