Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Нарын облустук жол тейлөө ишканасынын жумушчулары иш таштады


Бул тууралуу өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүнүн жол боюнча куратору Алмазбек Дүйшөналиев билдирди. Анын айтуусунда, бүгүн облустагы жалпы жети жол тейлөө ишканалары иш таштагандар тууралуу расмий билдирүү беришкен.

Жолчулар облустук автоунаа жолдорунун өндүрүштүк-линиялык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Келдибек Кадыркулов соттун чечими менен кайрадан кызматына келип жаткандыгына макул эместигин, аны менен иштеше албастыгын билдиришкен. Алар буга чейин да бир канча жолу нааразылык акциясына чогулушуп, жаңы жетекчини кеңсеге киргизбей коюшкан.

Кадыркулов буга чейин Жумгал районундагы Дыйкан-Кара-Кече унаа жолундагы көпүрөнүн курулушунда “талапка жооп бербеген”, “баасы кымбаттатылган” деген айып менен транспорт прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгон. Бирок Кадыркулов бул ишке тиешеси жоктугун сотто далилдеген. (MiK)

XS
SM
MD
LG