Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:49

БУУ: Ооганстанда апийим соодасы менен паранын көлөмү барабар


Талиб согушкерлеринин кол салуулары дээрлик күн сайын орун алып жатканына карабай оогандардын көбү коопсуздуктун жоктугун коррупциядан кийинки көйгөй деп эсептешет.

Талиб согушкерлеринин кол салуулары дээрлик күн сайын орун алып жатканына карабай оогандардын көбү коопсуздуктун жоктугун коррупциядан кийинки көйгөй деп эсептешет.

Ооганстанда бир жылы ичи берилген паранын өлчөмү улуттук дүң өндүрүштүн дээрлик чейрек бөлүгүнө же апийим соодасынан түшкөн жылдык кирешеге барабар. Мындай тыянак Улуттар уюмунун жаңы баяндамасында айтылат.

Баяндаманын автору - БУУнун Наркозаттар жана кылмыштуулук боюнча кеңсеси билдиргендей, өлкөнүн чар тарабында өткөрүлгөн сурамжылоо оогандар 12 ай ичинде төлөгөн паранын өлчөмү 2,5 миллиард доллар экенин көргөзгөн. Бул Улуттук дүң өндүрүштүн дээрлик чейрек бөлүгүнө ( 23%), ага катар апийм соодасынан түшкөн жылдык кирешеге да барабар дегенди туюндурат. Оогандардын апиймден тапкан былтыркы кирешеси 2,8 миллиард доллар деп эсептелген. Баяндамада белгиленгендей, паракорчулук күндөлүк турмуштун бир бөлүгү. Оогандар аны коомдун жана өлкөнүн эң башкы көйгөйү деп санашат.

Баяндама 7600 ооган менен өткөрүлгөн маектешүүлөрдүн негизинде даярдалган. Сурамжылоо 2008-жылдын күзүнөн, 2009-жылдын күзүнө чейин 12 провинциянын борборунда жана 1600дөн ашуун айыл- кыштакта жүргүзүлгөн. Коомдогу алдым-жуттумчулукту өлкөнүн эң башкы көйгөйү катары сурамжылоого тартылгандардын 59 % аташкан. Коопсуздуктун
жоктугу ( 54 %) жана жумушсуздук (52 %) коррупциядан кийинки орунда. Суралган оогандардын ар бир экинчиси акыркы бир жыл ичинде расмий кызматты аркалагандарга кеминде бир ирээт пара бергенин айткан. Мындай учурлардын жарымынан көбүндө (56%) алар жогорудагыдай кадамга кызмат көргөзгөн тараптын ачык талабынан соң барышкан.

Ал эми пара берилген учурлар катары оогандар документ же лицензия алууну, иши сотко, полицияга, өзү ооруканага түшүп калган учурларды аташкан. Көп учурларда пара нак акча түрүндө төлөнөт. Иликтөө бир жылдык Улуттук дүң өндүрүш жан башына бөлө келгенде 425 доллардан тийген Ооганстанда паранын орточо өлчөмү 160 доллар экенин аныктаган. Эң башкы паракорлор катары полиция, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү андан соң соттор, прокурорлор жана өкмөт адамдары аталган.

БУУнун Наркозаттар жана кылмыштуулук боюнча кеңсесинин басма сөз өкүлү Уолтер Кемп “Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун кабарчысы менен маегинде белгилегендей, коррупция Ооганстанда коопсуздуктун, башкарунун жакшырышы жана өнүгүү үчүн чоң тоскоолдук жаратууда:

-Коррупция бул жөн эле кылмыш эмес, наркоаткезчилик өңдүү кылмыштуулуктун уюшулган формаларын жаап –жашырууга, жымсалдоого кол кабыш кылган көрүнүш. Буга кошумча өнүгүүгө да чоң тоскоолдук кылып жатат. Эгер жардам көргөзүүгө багытталган акчанын дайын-дареги чыкпай калса, албетте ал өлкөнүн оңолуу мүмкүнчүлүгүн азайтат. Ага катар коопсуздукту жана мыйзамдуулукту камсыз кылууга да жолтоо болууда.

БУУнун Наркозаттар жана кылмыштуулук боюнча кеңсеси уюштурган сурамжылоого тартылган оогандар эл аралык коомчулукту да сынга алышкан. Оогандардын жарымынан көбү ( 54%) эл аралык жана бейөкмөт уюмдар да коррупцияланышкан жана өлкөдө байуу максаты менен гана жүрүшөт деп эсептейт.

Баяндамада айтылгандай, эл арасындагы мындай маанай көргөзүлгөн жардамдын эффективдүүлүгүнө шек келтирет, өлкөгө жардам берүүгө аракеттенип жаткандардын өзүн дискердитациялайт.

Ошол эле учурда мамлекеттик мекемелерге карата ишенимдин жоктугу оогандарды коопсуздук жана бакыбатчылык издеп башка булактарга, анын ичинде өкмөткө каршы күчтөргө кайрылууга да мажбурлоодо.

Ушул өңдөнгөн жүйөөлөрдөн улам БУУнун Наркозаттар жана кылмыштуулук боюнча кеңсеси ооган өкмөтүн коррупцияга каршы күрөштү өзүнүн башкы приоритетине айлантууга чакырган. Уюмдун өкүлү Уолтер Кемптин айтымында, Ооганстанга арналып, ушул айда Лондондо өтүүчү конференция расмий Кабул үчүн коррупция боюнча ачык критерийлерди белгилөөсү керек:

-Биз эл аралык коомчулукту БУУнун коррупцияга каршы конвенциясын Ооганстандагы прогрессти баалоонун эталону ирээтинде колдонууга чакыруудабыз. Бул жерде коррупцияны кантип алдын алууунун, ал үчүн кылмыш жоопкерчилигин чектөөнүн жана уурдалган активдерди кантип кайтаруу боюнча конкреттүү чаралар бар. Андыктан, биз нөлдөн баштоонун такыр кажети жок деп айтып жатабыз.

БУУнун Наркозаттар жана кылмыштуулук боюнча кеңсеси ошондой эле ооган президенти Хамид Карзайды өлкөнүн өзүнүн антикоррупциялык агенттигин көз карандысыз, эч кимден корпогон, жакшы каржыланган мекемеге айлантууга үндөдү.

Президент Карзай талаштуу шайлоодон кийин былтыр ноябрда бийликтеги экинчи мөөнөтүнө киришкенден бери ага коррупцияны ооздуктоосу үчүн Батыш өлкөлөрү тарабынан да кысым көргөзүлүп келүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG