Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:25

Жакупбекова: сот чечими алдын ала даярдалган


Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, сот чечимди өтө кыска убакыт ичинде кабыл алган:

- Чечим алдын ала даярдалганы билинип калды. Анткени кеңешүү аябай тез бүттү. Биздин келтирген жүйөлөрүбүздү сот уккан деле жок.

Адвокат райондук соттун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен жогорку сот бутагына эртең кайрыларын кошумчалады.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралмак. Сот ишти өзүнүн имаратында эмес, аскердик соттун мурдагы имаратында карап, Текебаевди эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG