Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:16

Cаясат таануучу Орозбек Молдалиевдин баамында Ооганстандагы президенттик шайлоо бир тур менен бүтөрү арсар. Президенттик кызматка отуздан ашык талапкер ат салышууда.

-20-августта Ооганстанда президенттик шайлоо өттү. Добуш берүү күнү чыңалган түрдө болгону кабарланды. Шайлоо Ооганстандагы абалга андан ары кандай таасирин тийгизет?

- Албетте, шайлоо жакшынакай болуп өтсө, оогандар өзүнүн лидерин тандап алса, анан ошонун айланасына биригип, абалды стабилдештирсе жакшы болот деген бул жалаң эле оогандыктардын эмес, аларга кошуна мамлекеттердин, дүйнөлүк коомчулуктун ою деле ошондой болуп турат.

-Бирок ошолорду чечалабы бул шайлоо?

- Жалаң эле шайлоо, же шайлоодо келген президент бул маселени чечет деп айтыш кыйын. Бирок бул шайлоонун мааниси жалаң эле бир өлкөнүн президентин шайлоодо эмес болуп атат. Ошол эл 30-40 тан ашык талапкердин ичинен өздөрүнүн жактырган адамын тандап алса, ошонун тегерегинде биригет го деп коомчулуктун үмүтү ошондо болуп атат.

-Хамид Карзай биринчи турда жеңишке жетише албашы айтылууда. Жыйынтыктар кандай болот деп турасыз? Ооганстанга чукул келген өзбек генералы Достум тараза ташын Карзайдын пайдасына оодара алабы?

- Албетте, Ооганстандагы элдердин ичинде үчүнчү орунда турган өзбектерди бириктирген, авторитеттүүсү Достум болуп эсептелет. Бирок бул жерде Достумду колдоп бергени менен аны жаман көргөн эл да бар. Анткени өзүнүн эки тараптуу саясаты менен башында Наджибуланы колдоп, анан ага каршы чыгып, андан кийин ар тарап, бул тарапка өтүп жүргөн жагынан оогандарга кеңири белгилүү лидерлердин бири. Ошондуктан бул ар кандай ролду ойноп кетиши мүмкүн. Албетте, муну Карзай деле бекер жеринен чакырган жок, өзүнө жардам берет деген чоң үмүт менен чакырды. Бирок шайлоонун бир тур менен өтүп кетиши кыйын болуп калат го.

-Шайлоо АКШ баш болгон батыш өлкөлөрдүн аскерлеринин көзөмөлү астында өтүүдө. Батыштын Ооганстандагы миссиясы максатына жете алабы?

- Батыштын Ооганстандагы миссиясы максатына жетпесе бул жерде чоң катастрофа келип чыгат. Мисалы, Иракта эмне болуп атканын четин көрүп атабыз. Эгерде азыр Америкадагы демократтар, республикачылдардын айрымдары маселе кое башташты, Ооганстанда качанга чейин болобуз, жүрө беребизби деген маселе чыгып атат.

Эгерде ошондой болуп калса, бул Ооганстанга эле эмес, биздин регионго дагы кыйынчылык болуп калат. Ошондуктан бул маселени аягына чыгарыш керек болуп атат.

Албетте, жалаң эле согуш күчү менен эмес, бул жерде экономиканы көтөрүп, башкаруу системасын жолго коюш керек болуп атат. Кабулдун тегерегиндеги провинциялар бир аз башкарылганы менен Кабулга баш ийбеген провинциялар да көп болуп кетип атпайбы.

-Ооганстандын Бишкектеги элчиги өткөн жылдан бери иштебей калды. Ошондуктан Кыргызстандагы оогандар шайлоого да катышкан жок. Кыргызстан болсо АКШ менен жетишилген жаңы келишимге ылайык Ооганстандагы долбоорлорго катышууга кызыкдар экенин айтып келет. Элчилик жок шарттагы кызматташуулар кандай болот эки тараптуу?

- Ооганстан элчиликти жапкандыгынын себептери бар. Бул өзүнүн финансылык маселесине карады, экинчиден, Кыргызстан биз катышабыз деген менен биз катышканга көп мүмкүнчүлүктөрүбүз деле жок экен Ооганстандагы иштерге, чынын айтканда. Катышкысы келген фирма, компаниялар элчилик жок эле катыша берсе болот. Интернетте материалдар жарыяланып турат тендерлердин шарттары, ошонун шартына ылайык келген компаниялар арыз берип катыша берет. Мисалы, Казакстандын, Кытайдын компаниялары катышып, мурдагы жылы Кытай эң ири “Айнажис” кенинин тендерин утуп албадыбы. Бул жерде элчиликтин анча деле мааниси жок. Албетте, элчилик болуп турса жакшы эле болмок, анын үстүнө консулдугу да жок, консулдугу Алматыда, анан катташа турган адамдарга кыйынчылык болуп атат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG