Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:31

Карзай экинчи айлампага калгандай


 Даттануу комиссиянын эмблемасы.
Даттануу комиссиянын эмблемасы.

Улуттар Уюмуна караштуу даттануу комиссиясы Ооганстандагы шайлоонун биринчи айлампасында президент Хамид Карзайдын утуп чыкканын тастыктоодон баш тартты.

Эл аралык эксперттер өздөрүнүн тыянактарын өлкөнүн борбордук шайлоо комиссиясына жибергени жатышат.

Ооганстанда президенттик шайлоо 20-августта болгон. Анын ырасмий биринчи жыйынтыктары 16-сентябрда чыгарылып, добуштардын 54 проценттен ашыгын Хамид Карзай алганы жарыяланган. Анын башкы атаандашы, өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Абдулло Абдуллого болгону 28 процент добуш тийген.

Шайлоо маалындагы бурмалоолорду териштирүү милдети табышталган эл аралык эксперттер комиссиясы эки жүздөн ашуун участкалардагы добуштарды кайра санап чыкты. Алардын баарында будамайга салган фактылар аныкталды. Канча бүллүтөн жараксыз болуп табылганы так айтылган жок. Айрым булактардан чыккан маалыматтарда Карзайдын көрсөткүчү 48 процентке түшкөнү айтылат. Абдулло топтогон добуштардын саны 32 процентке жеткен.

"Мыйзамга ылайык, биз арыз-даттануулардын баарын териштирип, өз чечимибизди айтышыбыз керек, андан соң борбордук шайлоо комиссиясы добуштардын алгачкы жана акыркы жыйынтыктарын кайра карап, аларга түзөтүүлөрдү киргизүүгө тийиш",-деп айтты эл аралык эксперттер тобунун башчысы Грант Киппен.

Бардык ушул иштер аткарылган соң өлкөнүн борбордук шайлоо комиссиясы добуштардын корутунду жыйынтыктарын бекитеби- жокпу, муну өз алдынча аныктайт. Киппен шайлоонун экинчи айлампасы болорун да борбордук комиссия гана чече ала турганын бышыктады.

Карзайдын өкүлү Вахид Омар эл аралык комиссиянын бүтүмүн комментариялагандан баш тартты.

"Конституцияга ылайык иштеп жаткан көз карандысыз комиссия шайлоонун корутунду жыйынтыктарын ырасмий түрдө жарыялаганда биз аны айныксыз кабыл алабыз. Мыйзамда аныкталган эрежелерден тышкары кадамдарды жасагыбыз келбейт ",-деп айтты Карзайдын өкүлү.

Башка бир маалымат булактары кабарлашкандай, Спин-Болдак шаарында азыркы президенттин тарапкерлери жыйын өткөрүштү жана шайлоонун экинчи айлампасына караманча каршылык билдиришти. Митингди уюштургандардын бири Али Шах Хандын айтымында, "шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу чатактын баарын АКШ жасап жатат". "Карзай аларга керек эмес, анткени ал күчтүү, Ооганстандын кызыкчылыгы үчүн гана иштеген президент,ошону үчүн ал америкалыктарга жакпай калды",-деп айтты ал.

Ооганстандын борбордук комиссиясы эл аралык эксперттер тобунун бүтүмдөрүнө макул болсо, анда шайлоонун экинчи айлампасы эки аптадан кийин өткөрүлүшү керек.

XS
SM
MD
LG