Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Президент Индияга барат


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Президент Алмазбек Атамбаев Индия өлкөсүнө мамлекеттик сапар менен барат. Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта бул сапар жыл соңуна чейин болот. Сапардын даярдыктары тууралуу тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев индиялык кесиптеши менен Амритсар шаарында талкуулады.

Эрлан Абдылдаев Индияга министрлердин деңгээлиндеги Азия борборунун 6-конференциясына катышууга барган. Иш-чаранын алкагында Абдылдаев Индиянын өкмөт өкүлдөрү менен Бишкекте өткөн акыркы өкмөт аралык комиссиянын жыйынтыктарын ишке ашыруу жана соода-экономикалык абалды чыңдоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. (SDz)

XS
SM
MD
LG