Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:23

Ооган өкмөтү жана армиясы Кабулдагы жыйында колдоо тапты


Хамид Карзай ооган өкмөтү баарын көзөмөлдөй алат деп ишендирүү аракетинде. Кабул, 20-июль, 2010-ж.
Хамид Карзай ооган өкмөтү баарын көзөмөлдөй алат деп ишендирүү аракетинде. Кабул, 20-июль, 2010-ж.

Хамид Карзайдын 2014-жылдан тарта ооган армиясы өлкөдөгү коопсуздукту өз алдынча коргой алат жана чет элдик жардамды бөлүштүрүүгө өкмөт көбүрөөк катышсын деген демилгеси Кабулдагы жыйында колдоо тапты.

Анын алдында бир катар чет элдик демөөрчүлөр ооган өкмөтү коррупцияны ойдогудай ооздуктай албайт деген чочулоосун айтышкан эле.

Анткен менен, Кабулдагы эл аралык жыйынга чогулган Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун, АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон, бардыгы 70тей өлкө жана эл аралык уюмдун расмий өкүлдөрү ооган өкмөтүнүн сунуштарына колдоо билдиришти. Жыйынды ачкан сөзүндө Хамид Карзай ооган армиясы төрт жылдан кийин коопсуздук иштерин өз колуна алууга даяр, өкмөт чет элдик жардамды бөлүштүрүп-иштетүүгө көбүрөөк катышсын жана Ооганстандагы бейпилдик үчүн айрым экстремисттик топтор менен сүйлөшүү керек деп демилге көтөргөн эле.

Пан Ги Мун ооган өкмөтүнүн алдыдагы планы колдоого алынганын абдан чоң ийгилик катары баалады. “Бүгүнкү жетишкендиктин мааниси абдан зор. Буга дейре Ооганстандын келечеги азыркыдай ачык-айкын болуп көргөн эмес. Жаңы багыт ооган эли жана өкмөтү тарабынан тандалды”, - деп басым жасады баш катчы.

Көптөн бери Ооганстандын ички иштер органдарында реформа армияга караганда кыйла жай жүрүп, коррупция, тааныш-тууганчылык менен “жең ичинен уурдап-жемей” гүлдеп-өскөнү сынга алынып келген.

Ооганстандын келечегине арналган жыйында АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон өлкөдөгү бардык чечүүчү маселелерди ооган бийликтерине өткөрүп берүүнү белгисиз мөөнөткө жылдыра берүү жарабайт, аны так аныктап алуу керек деп басым жасап, ал үчүн ооган өкмөтү коррупциянын катыгын берүү жөндөмүн күчөтүшү зарыл деген пикирин кайталады.

Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг ооган президентинин дагы бир сунушун жактырды. “Бүткүл Ооганстан калкы кабыл ала турган саясий чечимдерди издөө зарыл”, - деген Лондондук башкы дипломат Карзайдын айрым экстремисттик кыймылдар менен сүйлөшүү баштоо ниетин кубаттады. Ошол эле маалда Хиллари Клинтон талиптер, Ал-Каида өңдүү тараптар менен диалог жүргүзүүдөн сактануу зарыл деп эскертти.

Ооган өкмөтү үчүн дагы бир жакшы жаңылык – Орусия 12 миллиард доллардай насыянын акыркы 1 миллиарддай бөлүгүн кечиргени болду. Москва андан сырткары ооган полициясына офицерлерди даярдап-машыктыруу ишин улантууну убада кылды.

Буга дейре эл аралык жардамдын 20%дайын гана көзөмөлдөп келген ооган өкмөтүнүн мындан ары чет элдик жардамдын жок дегенде жарымы бюджет аркылуу берилип, өкмөт сунуш кылган улуттук долбоорлорго жумшалсын деген суранычы да канааттандырылды. Көпчүлүк демөөрчүлөр буга дейре Ооганстанга бөлүнгөн 29 млрд доллардай жардамдын кайтарымы аз болгонуна нааразылык билдиришкен эле.

Кабулдагы жыйынга козглоңчул күчтөр көлөкө түшүрбөй койгон жок. Шейшембиге караган түнү Кабулдагы эл аралык аэропортко ракеталык чабуул жасалып, анын айынан чоң жыйынга келаткан Даниянын тышкы иштер министри Казакстанга конууга аргасыз болуп, Улуттар уюмунун баш катчысы түшкөн учак Баграмдагы аэропортко барып конгону кабарланды.


  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG