Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Ала-Букада көр казган окуя боюнча кылмыш иши козголду


Ала-Бука
Ала-Бука

Ала-Бука районунда аялдын сөөгүн көмүлгөн жеринен казып чыгарып салган окуя боюнча кылмыш иши козголду. Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси менен райондук милиция териштирүү жүргүзүп жатат. Аталган берене “Өлгөн адамдын денесин жана ал көмүлгөн жерди мазактоо” деп аталат.

Кылмыш иши факт боюнча ачылды. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев “Азаттык” радиосуна билдиргендей, ага катышкандар аныкталса, үч жылдан беш жылга чейин камалышат.

Эки апта мурун Сары-Талаа айылында 76 жаштагы Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн жерге берүүдө талаш чыккан. Ал башка динге өтүп кеткени жүйө келтирилип, жергиликтүүлөр сөөктү мүрзөдөн эки ирет чыгарып салышкан. Кийинчерээк жабырлануучу тарап буга 10-башкармалыктын өкүлдөрү да аралашканын билдиришкен.

Диний ишенимине байланыштуу үч ирет жерге берилген аялдын окуясын терең иликтөөнү сурап, акыйкатчы Башкы прокуратурага кат жолдогон. (SE)

XS
SM
MD
LG