Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:20

Кыргызстандык айрым эксперттер АКШ 2011-жылга чейин Ооганстанда коопсуздукту камсыз кыла алышпастыгын белгилеп, жалаң күч менен кырдаалды жөнгө салуудан тышкары социалдык жана айыл чарбасына байланыштуу маселелер боюнча программаларды иштетүү зарыл деп эсептешет.

АКШнын президенти Барак Обама Ооганстанга кошумча 30 миң аскер киргизилерин жарыялады. Ага ылайык Ооганстанга келерки жылдын биринчи жарымында 30 миң аскер жөнөтүлөт. Аларды кошкондо ал жерде американын жоокерлеринин саны 100 миңге чыгат.

АКШ президенти Барак Обама кошумча жоокерлерди киргизүү максаты катары Талибанга каршы күрөшүүнү, “ал-Каиданы” жашырынуучу жайлардан ажыратууну, калк жашаган борборлорду экстремисттердин кол салууларынан жана коркутууларынан коргоону, ооган күчтөрүн коопсуздук жоопкерчилигин өткөрүп алгыдай кылып машыктырууну атады.

Ал ошондой эле АКШ аскерлери Ооганстанда коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жоопкерчиликти жергиликтүү күчтөргө өткөрүп берүү ишинде ийгилик жетишилгенден кийин, 2011-жылдын июль айынан тарта чыгарылаарын белгиледи.

Вашингтондогу Мэриленд университетинин саясат таануу илиминин докторанты Эмил Жураев Ооганстанга АКШнын кошумча
жоокерлери киргизиле баштаганда "Манас" аба майданындагы транзиттик борбор өтө маанилүү обьектиге айланат деген пикирде:

-"Манастагы" транзиттик борбордун мааниси өтө чоң болот жана өсөт. 30 миң кошумча аскер болгондон кийин транзиттик борборго эл дагы көбүрөөк каттай баштайт. Ага жүк, жабдыктар дагы көп келе баштайт. Анан "Манас" транзиттик борборунун керектиги жагынан мааниси жогорулайт.

Эмил Жураев белгилегендей, АКШнын президенти Барак Обаманын Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салуу саясатынын жалпы эле Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын дагы коопсуздугуна абдан пайдасы зор.

Ал эми мурдагы жылы Ооганстанда 9 ай кызматтык иштер менен болуп келген саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин көз карашында АКШнын аскер кызматкерлери ооган жоокерлерин машыктырып, профессионалдык деңгээлге жеткирүү аракетинен деле майнап чыкпай калышы мүмкүн. “Анткени ооган жоокерлеринин көпчүлүгү такшалгандан кийин Талибдер көбүрөөк акча төлөп койсо алар тарапка өтүп кетет. Жумушсуздук, маң заттарын өндүрүү, уруу-урууга бөлүнүүчүлүк күч алган. Ошондуктан ооган проблемасы жакында чечиле койбойт”,-дейт О.Молдалиев.

-Ооганстандагы талиптердин негизги аскерий күчтөрүн талкалап, 2011-жылы АКШ жоокерлерин чыгарып кетүүсү менен эле
Ооганстандагы проблемалар жакында чечиле калуучу маселе эмес. Наркобизнес деген андан чоң проблема жатат. Ал деле он-он беш жылда чечиле койбойт. Ошон үчүн миллиондогон адамдарга жумуш таап бериш керек. Айыл чарбасын көтөрүп, алардын түшүмүнүн баасын көтөрүү зарыл. Ал жерде күрүч, буудайдын бир килограммы эки доллардан ашпайт. Ал эми апийимди өндүрсө, алар ар бир сезондо 1200 доллардан 2 миң долларга чейин таап коюшат. Ошондуктан дыйкандар өзүнө пайда көрүүнү көздөйт. Ошондуктан бул оор маселе.

Орозбек Молдалиев ооган президенти Хамид Карзай жетектеген азыркы бийликте коррупция күч алганын, кызмат абалынан пайдаланып акча таап алып, башка мамлекетке чыгып кетелик деген чиновниктер көп экендигин белгиледи. Анын айтымында, маң заттарына байланыштуу маселени чечелик десе, эл аралык наркомафияга барып такалып, эл аралык уюшулган кылмыштуу топтордун күчү талибандардыкынан күчтүү болуп, ушул кезде Ооганстан эки-үч фронттун талоонунда калып калганы турат.

Бишкектеги Борбор Азиядагы Америка университетинин 24 жаштагы ооган студенти Мариям Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жалпы дүйнөлүк коомчулук олуттуу көңүл буруусу керек деп эсептейт.

-Албетте, Хамид Карзайды көптөрү сындашаарын билем. Ооганстандагы согушчан күчтөрдүн алигиче аракеттери абдан күчтүү. Өкмөт болсо бардык аймагына көзөмөл жүргүзө албайт. Бирок бул жалгыз эле Ооган өкмөтүнүн милдети эмес. Бул баардык эл аралык күчтөрдүн милдетию Ошондуктан биз эл аралык аскер күчтөрдү дагы сындообуз керек. Анткени Ооганстанда жергиликтүү жамааттар менен иштөөнүн стратегиясы жок. Ошондой эле ооган жана эл аралык күчтөрдүн ортосунда так координация жок. Менин оюмча жалгыз эле Карзайды сындай берүү туура эмес. Бул жалпыбыздын маселебиз жана кийинки жылдары өлкөнүн түштүгүндө абал бир кыйла оңолооруна ишенем.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев белгилегендей, уруучулук, патриархалдык, феодалдык каада-салты күчтүү оогандар өкмөттүн саясатына, Конституцияга баш ийбей, “Паштумбала” деген кодекси менен жашап, айрым учурда шариатка дагы баш ийбеген жерлери бар өзгөчө калк экен.

Айрым талдоочулар АКШнын аскер күчтөрүнүн Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салуу аракетинин аркасында Кыргызстанда дагы Баткен окуясы кайталанбай, коопсуздук сакталып турганын белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG