Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:55

Карзай талибдер менен сүйлөшүүгө камынууда


Карзай талибдер менен элдешүү оюн Стамбулда Абдулла Гүл жана Асиф Али Зардари менен талкуулады.

Карзай талибдер менен элдешүү оюн Стамбулда Абдулла Гүл жана Асиф Али Зардари менен талкуулады.

Ооган президенти Хамид Карзай Стамбулда түрк жана пакистан кесиптештери менен жолукту. Үч тараптуу сүйлөшүү Лондондо Ооганстан боюнча эл аралык конференция өтөр алдында болду.

28- январда Лондондо башталуучу конференцияда ооган президенти Талибан менен элдешүүнү караган жаңы планын сунуш кылган жатат. Андыктан Хамид Карзайдын Стамбулда Пакистандын президенти Асиф Али Зардари, түрк президенти Абдулла Гүл менен оболу эки, андан кийин үч тараптуу сүйлөшүүлөрүндө негизги көңүл мына ушул маселеге бурулду.

Ооган президентинин басма сөз катчысы Вахид Умардын “Азаттык” радиосунун Ооган кызматына билдиргенине караганда, Хамид Карзай жана Абдулла Гүл тынчтык сүйлөшүүлөрүнө колдоо көргөзүү үчүн Улуттар уюмунун Талибандын айрым аттуу-баштуу адамдарын террорчулардын кара тизмесинен чыгаруу ниетинин маанисин талкуулашты.

Ооган өкмөтүнүн ушундай сунушун карап көрүүгө даяр экендигин БУУнун Кабулдагы өкүлү Кай Ейде айткан эле. Ал эми Анкара, Карзайдын басма сөз катчысы Вахид Умардын айтымында, болочок сүйлөшүүлөрдө ортомчу болууга кызыкдар экендигин билдирген:

- Түрк президенти Ооганстанда аскерий чечимден тышкары, саясий чечимге, жаңжалды саясий жол менен жөнгөрүүгө умтулуу да өтө маанилүү экендигин белгилөө менен Түркия ислам мамлекети катары Ооганстандагы сүйлөшүүлөрдө, саясий жөнгө салууда өз ролун аткарууга даяр экендигин билдирди.

Тынчтыкты жана согушту чагылдыруу институтунун Ооганстан боюнча мурдагы директору, азыр “Global post” деген жаңылыктар сайтынын Кабулдагы кабарчысы Жан МакКензинин пикиринде, эки коңшу - Ооганстан менен Пакистандын мамилеси ойдогудай эместигин эске алганда, Стамбулдагы үч тараптуу саммит Карзайга Исламабад менен алаканы жакшыртуу жана Лондон конференциясы алдында өз өкмөтүнүн беделин көтөрүүсү үчүн да бир мүмкүнчүлүк болду:

- Лондон конференциясынан баары камтама болуп жатышат жана андан кандайдыр бир конкреттүү жыйынтык чыгат деп үмүттөнүп туралы. Бийлигинин легитимдүүлүгү үчүн күрөшүп жаткан Карзай Лондон конференциясы эл аралык коомчулуктун Ооганстанга жана анын өкмөтүнө карата көз түз экенин кайрадан көргөзөт деп үмүт артууда. Менимче алдыдагы бир нече күн аралыгында Ооганстанды ийгилик таап жаткан, коррупциядан арылуу үчүн колдон келгендин баарын жасоого аракеттенген, жаңжалды чечүү багытында туура кадам шилтеген өлкө катары көргөзүү үчүн көп иш жасалат.

Ал эми конференциянын конок ээси - Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Милибэнддин айтымында, анын өлкөсү ооган жаңжалын саясий ыкма менен чечүү идеясын колдойт:

Дэвид Милибэнд
- Менимче, Лондон конференциясы саясий жактан маанилүү болгону турат. Иштелип жаткан аскерий стратегияны саясий өнөктөштөр менен камсыздайт, саясий толуктоо киргизет.

Бул аралыкта Талибан менен саясий сүйлөшүүлөрдү колдоорун АКШнын Ооганстандагы күчтөрүнүн командачысы, генерал Стэнли МакКристалл да ишара кылды. 25-январда британдык “Financial Times” гезитинде жарыяланган интервьюсунда ал Ооганстан урушка карк болгонун жана өзү жаңжалды саясий ыкма менен чечүүнүн жактоочусу экенин белгилеген.

Журналист Жан МакКензинин пикиринде, америкалык командачынын айткандары үмүт жандырат. Бирок Кабулдун элдешүү боюнча буга чейинки аракеттери чыныгы сүйлөшүүнүн деңгээлине жеткен эмес:

- Азыркыга дейре Талибан менен сүйлөшүүнү көздөй кандайдыр бир кадам жасалганын, бери дегенде, биз көргөн жокпуз. Алар диалог жөнүндө сөз кылып жатышат. Бирок иш жүзүндө алар Талибанга “эгер куралыңарды таштап, биздин шартка көнсөңөр, өкмөткө кубануу менен киргизебиз” деп айтып жатышат. Талибандын мен маектешкен адамдары “бул сүйлөшүү эмес - багынып бергендик” деп эсептешет. Демек фундаменталдык өзгөрүү жүрмөйүнчө, менимче бул жаатта жылыш болоруна үмүт аз эле.

Лондон конференциясында Ооганстандагы коопсуздук үчүн жоопкерчилик алдыда ооган өкмөтүн өзүнө өтүшүн мерчемдеген маселер да талкууланары күтүлүүдө. АКШ президенти Барак Обама америкалык аскерлер өлкөдөн чыга баштоосу мүмкүн мөөнөт катары 2001-жылдын июль айын атаган.

"Азаттыктын" архивинен: Б.Обама: "Дүйнөнүн коопсуздугу кыл учунда"

2-декабрда АКШ президенти Барак Обама Ооганстандагы талиптердин жана “ал-кайидачылардын” козголоңчу күчтөрүн жеңүү үчүн кошумча 30 миң аскер жиберээрин жарыя кылды. ZMa, SA, MiT.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG