Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:12

Алепподо кайра бомбалоолор башталды


Алеппо
Алеппо

Бул тууралуу баш кеңсеси Лондондо жайгашкан сириялык укук коргоо уюму маалымдады. Уюм Москва менен Дамаск Алеппонун түштүк-батыш тарабына абадан чабуул коюуну улантып жатканын билдирүүдө. Рейтердин маалыматы боюнча, чабуул 22-октябрда күндүз башталып, кечке жуук күчөгөн. Куралдуу оппозиция өкүлүнүн агенттикке билдиргени боюнча, “гуманитардык тыныгуу” кырдаалга таасир эте алган эмес. Анын сөзүнө караганда, шаардан эч ким чыгып кеткен жок. Атайын сунуш кылынган коридорлор аркылуу чыгып кетүүнү каалагандар аткылоого туш болуп, кайтууга аргасыз болушкан.

Сириянын өкмөттүк SANA агенттигинин жума күнү билдиргенине караганда, 21-октябрда Алеппонун чыгышындагы тургундар согушкерлердин тоскоолдугунан улам, шаарды таштап кете алышкан жок. Согушкерлер аларды “тирүүлөй калканч” кылгылары келет деп маалымдаган.

XS
SM
MD
LG