Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:24

Петреус уруштун усулун өзгөрттү


Коалициялык күчтөрдүн колбашчысы генерал Дэвид Петреус ооган козголоңчуларына каршы урушта жаңыча усулду колдонуу тууралуу буйрук чыгарды.
Коалициялык күчтөрдүн колбашчысы генерал Дэвид Петреус ооган козголоңчуларына каршы урушта жаңыча усулду колдонуу тууралуу буйрук чыгарды.

Ооганстандагы эл аралык күчтөрдүн командачысы Дэвид Петреус жайкын калк арасындагы бөөдө курмандыктарга жол бербөө максатында жаңы буйрук чыгарды. Бул эреже козголоңчуларга каршы уруштагы АКШ стратегиясынын башкы багыты болуп калууга тийиш.

Жаңы командачы аныктаган эрежеге ылайык аскерий тигил же бул бөлүктүн командири операция өткөрүлө турган райондо жөн-жайкын калк бар же жоктугун такташы керек. Аскерлерге кол салган учурда жооп кайтарганга же коргонгонго солдаттарга мурдагыдай эле уруксат берилет.

"Ооган элин коргоонун маанисин эске алып, өз коопсуздугубузду камсыз кылуу үчүн бардык каражаттарды пайдаланууга тийишпиз", - деп айтылат башкы командачынын директивасында. Документтин дагы бир жеринде "күрөшсүз жеңиш болбой турганы, ошол эле учурда бейжазык адамдарды өлтүрүү же басып алуу аркылуу жеңишке жетишүү мүмкүн эместиги" да эскертилет.

Гарвард университетине караштуу Кеннеди атындагы мектептин улуттук коопсуздук программасынын жетекчиси Тед Оэлстром жаңы командачынын директивасын "азыркы стратегиянын жымсалданган варианты" катары баалады.

Эксперттин баамында Петреус сунуш кылган тактика мурдагы командачы Стэнли Маккристал тутунган уруштун усулунан анча деле көп айрымаланбайт. Эски командачы деле жөн-жайкын калкты коргоону башкы планга койгон, бейкүнөө адамдар мерт болгон учурлар НАТОго каршы маанайды күчөтөт деп эсептеген. Анын тушунда коалициялык контингенттин аба жапырыктары алда канча азайган.

Бирок бул тактика аскерлер арасында чыгымдарды көбөйттү. Өзгөчө июнь айы контингент үчүн соңку тогуз жыл ичинде эң чоң жоготууга учураган ай болду.

Петерустун буйругунда жарандык калк арасында бөөдө чыгымдар көп болгон сайын душмандардын саны да көбөйө турганы белгиленет. "Талиптердин күткөнү ушул, алардын тузагына илинбегиле",-деп айтылат буйрукта.

Петреус мындан тышкары жергиликтүү полиция күчтөрүн түзүүнү сунуш кылды. Алардын саны он миңге жетиши мүмкүн. Президент Хамид Карзай командачынын бул планын шаршемби күнү бекитти.

Июлдун соңку апталарында талиптер да өздөрүнүн "согуш кодексин" бекитишти. Анда ооган калкын сактоо зарылдыгы айтылат, алардан акча же курал-жарактарды тартып алганга тыюу салынат. Ошол эле учурда ооган өкмөтүнө, эл аралык күчтөргө көмөктөшкөн жарандар "кайырдиндердин тарапкерлери" катары аталат жана аларды жок кылуу керектиги көрсөтүлөт.

Өткөн айдын этегинде Гилменд провинциясында НАТОлуктардын бомба жапырыгында бир кыштактан элүүдөн ашуун киши мерт болгон эле. Бул окуяга байланыштуу августтун башталышында Кабулда эки жүздөн ашуун киши демонстрацияга чыгып, нааразылык билдирген.

Президент Карзай да калк арасындагы чыгымдар азайбай жатканы үчүн эл аралык коалициянын күчтөрүн бир нече ирет сынга алган.

XS
SM
MD
LG