Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Талиптер чет элдиктерге кол салуунун жаңы жолун таптыбы?


Соңку кол салуулар Талибандын адамдары ооган коопсуздук күчтөрүнүн арасына кирип кеткенин көргөзүүдө.
Соңку кол салуулар Талибандын адамдары ооган коопсуздук күчтөрүнүн арасына кирип кеткенин көргөзүүдө.

Жаңы жыл алдында Ооганстанда чет элдиктер чоң жоготууга учурады. Оболу Хост провинциясында аскерий базанын ичинде жасалган жарылуудан сегиз америкалык каза тапса, Кандагар провинциясында беш канадалыктын өмүрү кыйылды.

Ооганстандын түштүк-чыгышындагы Хост провинциясында жанкечти жасаган жардыруудан каза тапкан сегиз америкалык, маалыматтарга караганда, АКШнын Борбордук чалгын кызматы үчүн иштегендер болушу мүмкүн. Бирок ЦРУ азырынча бул маалыматты комментарийлей элек. Эгер чын эле ошондой болуп чыкса, бул ЦРУнун кызматкерлерине каршы жасалган эң ири кол салуу болот. Кол салуу үчүн болсо Талибан кыймылы жоопкерчилик алды. Алардын өкүлү Забихулла Мужахиддин ырастоосунда, жанкечти америкалык аскерий базанын аймагына ооган армиясынын кийими менен кирип кеткен.

Пакистанга чектеш Хост провинциясындагы бул окуя ооган армиясынын аскерлери деп эсептелгендери аларды окутуп- машыктырууга ниеттенген чет өлкөлүк аскерий өкүлдөрдү же адистерди мерт кылган биринчи эле окуя эмес. 29- декабрь күнү эле ооган жоокери америкалык бир аскерди мерт, италиялык эки жоокерди жарадар кылган. Ооганстандын ,атышындагы бул окуя учурунда ал өзү жооп октон жарадар болгон.

Мунун алдында ноябрь айында, Ооганстандын батышындагы Гильменд провинциясында ооган полицейи аларды машыктырып жаткан беш британиялыктын өмүрүн кыйса, октябрда дагы бир полицей америкалык эки машыктыруучуну өлүмгө кириптер кылган.

Эксперттердин көз карашында, буга окшогон көрүнүштөр Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнүн арасына Талибандын адамдарынын кирип кетүүсү эл аралык күчтөргө канчалык коркунуч туудурарын баса көргөзүүдө. Ошол эле учурда Батыштын ооган армиясы менен полициясын чыңдоо пландарына да көлөкө түшүрүп жатат.

Ооганстандын өзүнүн коопсуздук күчтөрүн машыктыруу - президент Барак Обаманын Ооганстан боюнча жаңы стратегиясынын башкы компоненти. Жаңы стратегиянын алкагында Ооганстанга кошумча дагы 40 миң америкалык аскер жайгаштырылууда. Ооган армиясынын өкүлүнүн 30 декабрда айтканына караганда, Вашингтон машыктыруу иштери үчүн 16 миллиард доллар ажыратууну убада кылган.

Соңку кол салуулар ошондой эле Ооганстанда журналисттер, гуманитардык уюмдардын кызматкерлери, кайра куруу иштерине тартылган адистер тушуккан коркунуч канчалык экенин дагы бир жол көргөздү.

Кандагарда 30-декабрь күнү бара жаткан брондуу машинасы жол боюна көмүлгөн бомбага кабылган беш канадалыктын бирөөсү журналист. Канаданын Ооганстандагы күчтөрүнүн командачысы, генерал Даниэль Менар Кандагардан төрт чакырым сыртта алар жарылууга кандайча кабылганы жөнүндө мындай дейт:

- Жоокерлер аймакта көзөмөлдү кармоо, турмушта эмне болуп жатканынан кабар алуу үчүн күзөттө жүрүшкөн. Журналист болсо аларды Канада аскерлеринин Ооганстанда жасаган иштери жөнүндө макала даярдоо максатында коштоп жүргөн.


Отуз төрт жаштагы Мишель Лэнг айым “Calgari Herald” басылмасынын кабарчысы эле. Ал Ооганстанга биринчи ирээт келген. Ленг быйыл Ооганстанда согушкерлердин кол салуусунан мерт болгон үчүнчү журналист. Жаңы жылдын жуп алдындагы чыгымды кошкондо Канада Ооганстанда 138 аскерин жоготту. Учурда Ооганстанда анын 2800дөй жоокери турат. Өлкөнүн өзүндө ооган миссиясына каршылар көбөйгөндүктөн, аскерлерин чыгарып кетүүчү мөөнөт катары 2011-жылдын аягын белгилеп койгон.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG