Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:46

Эки ууланган Амин же СССРдин Ооганстанга басып кириши


Ооганстанда 30 жыл мурда башталган согуш ислам согушчандарынын жаңы мууну-талиптерди жаратты. Газни дубаны.28-апрель 2009

Ооганстанда 30 жыл мурда башталган согуш ислам согушчандарынын жаңы мууну-талиптерди жаратты. Газни дубаны.28-апрель 2009

Отуз жыл мурда, 1979-жылдын 27-декабрында советтик аскерлер Ооганстанга басып кирген эле. Ооганстандын лидери Нажибулла Аминди президент сарайында жок кылуудан башталган операция 10 жылдан кийин аскерлердин Ооганстандан чыгып кетүүсү менен аяктады.

Бул согуш карт жетекчилер башындагы совет империясы дармандан тайып, оор абалда турганын айкын

27-декабардагы операция учурунда советтик тандалма аскерлер президент Аминди үй-бүлөсү менен кошо жок кылышат.

кылды.

Кремль уу албаган Аминди кантип өлтүрдү?

Президент Амин бир түшүнсө - айбаты өсүп бараткан ислам согушчандарын ыкчам таш-талкан кылуу үчүн Москвадан аскер сурап, өз өлүмүн сурап алганын - жан таслимге түшүп жатканда түшүнсө керек.

Ооган армиясынын офицерлери 1978-жылы СССР колдогон өкмөттүк төңкөрүштө өлтүрүлгөн президент Мохаммад Дауд Хандын портретин көтүп баратышат. 17-март 2009
Коңшулаш Ооганстандагы коммунисттик өкмөт төңкөрүлөт деп кооптонгон КПСС БКнын Саясый бюросу 1979-жылы зулум мүнөз Нажибулла Аминди тил алчаак башка бирөө менен алмаштырууну чечет. Аминди обол СССРдин КГБ катары белгилүү Мамлекеттик коопсуздук кызматынын ашпоз агенти ууланган “Кока кола” менен өлтүрмөкчү болот. Бирок суусундуктагы кычкылтек уунун күчүн нейтралдаштырып, Амин эсен калат. Амин экинчи жолу ууландырылганда, КГБнын планыдан бейкабар СССРдин элчилиги доктур жиберет. Аминге доктурдун жардамы тийбеди: 27-декбардын таңында Кабылдын ортосунда болгон катуу жардырууга удаа советтик тандалма аскерлер Ооган президентинин сарайына чабуул баштайт. Президент сарайын күзөткөн Валерий Востротин башындагы топко Аминди жок кылуу жөнүндө тапшырма берилет. Алгачкы эле салгылашууда 27 жаштагы лейтенант Востротин анын экипажы начар куралданганын түшүнөт.

“Эгер биздин БМВ(чопкут машинебиз) минага кабылса, экипаж тирүү калмак эмес. Мыкты техника минген башка экипаждар минага кабылса, ашып барса, жеңил контузия менен кутулмак. А биздин экипаж кыйрамак”, деп эскерет 30 жыл мурдакы окуяны генерал Востротин. Анын айтышынча, операция начар пландылгандыктан, президент сарайына кол салган аскерлер арасында эч кандай байланыш болгон эмес жана ар топ өз алдынча аракеттенген. Координация жок болгондон улам Востротиндин бир нече жоокери башка бөлүк жаадырган окко кабылып өлгөн.

АКШнын СССРге берген контр-жообу

27-декабардагы операция учурунда Нажибулла Амин үй-бүлөсү менен кошо жок кылынат. Бул жөнүндө оогандар таң эртелеп, Аминдин ордуна Москва ылайыктуу тапкан Бабрак Кармалдан угушат. Кармал Кабыл радиосунан сүйлөгөн сөзүндө Нажибулла Аминди америкалык “империалисттердин” тыңчысы деп атайт.
Оогандар өлкөдөн чыгып бараткан Советтик аскерлерге ыраазылыгын билдиришүүдө. Июль, 1986


Ушул эле күнү советтик аскерлер Ооганстандын Кабылдан башка дагы чоң шаарларындагы өкмөттүк кеңселерди ээлешет жана айдын аягына чейин өлкөгө 80 миңден ашык жоокер киргизилет.

АКШ президенти Жимми Картер 1980-жылы январда жасаган билдирүүсүндө Советтик аскерлердин Ооганстанды басып алуусун эл аралык мыйзамды орой бузуу деп атайт:

- Бул эларалык мыйзамды жана Улуттар Уюмунун хартиясын одоно бузуу болду. Бул кубаттуу атеистчил өкмөттүн көз карандысыз ислам элин баш ийдирүү үчүн жасаган атайын чарасы болду.

Бириккен Улуттар Уюму Советтер Союзун тезинен аскерлерин Ооганстандан чыгып кетүүгө чакырды. АКШ жана башка айрым Батыш өлкөлөрү 1980-жылкы Москвада өткөн Жайкы Олимпида оюндарына бойкот жарыялады. Вашингтон ал кезде Тегерандагы элчиликте барымтада кармалып жаткан жүздөгөн америкалыктар менен алек болуп, Ооган маселесине көбүрөөк көңүл бурууга чама-чаркы жеткен эмес. Бирок Вашингтон кийинчерээк Сауд Арабиясы менен чогуу ооган козголоңчуларына жүздөгөн миллион доллар берип жардамдашат.

Саясый бюро үчүн аскер өмүрү сары чака эле

КПСС БКнын Саясый бюросу баштаган советтик пропаганда болсо советтик аскерлер Ооганстанды Батыш имперализминен коргоодо, эски феодалдык бийликтин ордуна Марксизмди орнотууда деп калкка ташбыйкаттап жатты. Оогандар да кол куушуруп отурбады. Баскынчылыкка нааразы оогандар өзүн “Алланын жоокерлери” деп атаган мужахиддиндерге кошулуп, советтик аскерлерге каршы согуш күчтөнө берди.

Ооган жериндеги согуштун алгачкы күндөрү эле советтик аскерлер тоолуу шартта партизандык ыкмада салгылашкан козголоңчулар менен урушканга даяр эмес экенин көрсөттү. Ошол кездеги жаш лейтенат Дмитрий Поляковдун айтышынча, ал командирлер айткандай, Ооганстанда америкалыктар менен согушабыз деп ойлогон. А иш жүзүндө “Адам өмүрү эч кандай бааланбаганына, эч кимге түшүнүксүз максатка жетүүдө замбиректин огу катары пайдаланылганына көзүм жетти”, деп эскерет Поляков.

Мужахиддиндердин аскерий амалы

Ооган согушунун катышуучуларынын сөзүнө караганда, советтик аскерлерге башканы кой талаа мешине жакканга отун, а түгүл азык-түлүк да тартыш учур көп болгон. Көптөгөн оогандар советтик аскерлер дүкөндөрдү жана дыйкан чарбаларын талап-тоногонун көрүп, колуна курал алганын айтышат.

Мужахиддиндер урушта советтик аскерлерге буктурмадан кол салуу, же бирден терип атуу ыкмасын өтө кеңири колдонгон жана качканда жергиликтүү эл ичине сиңип кетип, шаштысын алган. Ага жооп кылып, советтик армия айыл-кыштардарды бомбалоого алган жана эл жүрчү жерлерди миналап салган учурлар арбын болгон. Анын кесепетинен миллиондон ашык ооган набыт болгон жана миллиондогон адамдар там-жайын таштап кеткен.

Михаил Горбачев 1985-жылы бийликке келгенден көп өтпөй советтик аскерлерди Ооганстандан чыгарыларат деп жарыялайт. Ошондо Горбачев да азыркы АКШ президенти Барак Обама сыяктуу аскерлерди бир жылда чыгармак болот. Лекин бул план төрт жылдан кийин гана жүзөгө ашырылат.


Биз эмне үчүн согушканыбызды да түшүнбөдүк...
Советтик танктардын колоннасы Ооганстандан кайтууда. Термез. 8-февраль1989


Он жылга созулган Ооганстандагы урушта СССР 13 миңден ашуун аскеринен ажырайт. Согуштун көпчүлүк катышуучулары бул санга ишенишпейт жана андан да көп жоокер курман болгон дешет.

Советтик аскерлер 1989-жылы Ооганстандан чыкканда, Дмитрий Поляковдун сөзүнчө, алар өздөрүн баскынчы катары сезишкен."Биз өлкөгө киргенде өзүбүздү баатыр жана бошотуучу катары сезсек, Ооганстандан баскынчы катары кайттык. Өлкөдө эч кимге биздин керегибиз жок экен. Биз эмне үчүн согушканыбызды да түшүнбөдүк" дейт мекенине кайтып келгенден кийинки абалы жөнүндө Поляков.

Ластер Гро: Чала бүткөн согуш

Советтик аскерлер өздөрүн жеңилүүчү деп сезишкени менен алардын мужахиддиндерге каршы согушу үзүрлүү болгон. Бул АКШ армиясынын Тышкы согуштарды изилдөө борборунун илимпозу Лестер Гронун пикири:

- Алар (советтик армия) мужахиддиндердин белин сындырганга жакын калышкан эле. Бирок жеңишти аягына жеткирбеди. Албетте, ар дайым: “Партизандык согушту качан бүттү деп айтса болот?” деген суроо турат.

Аскерий тарыхчы Лестер Гро советтик аскерлерди Ооганстандан чыгаруу стратегиясын оң баалайт. Анткени, окумуштуунун айтымында, СССРдин Ооганстанга берген эбегейсиз жардамы Наджибулланын өкмөтүнүн дагы эки жылдай кулабай туруусуна өбөлгө түзгөн.

30 жыл мурда Ооганстан президентинин сарайын алууга катышкан Валерий Востротин 1987-жылы урушта жоо менен бетме-бет салгылашып, көрсөткөн эрдиги үчүн Советтер Союзунун баатыры наамын алган. Востротин ал айкашта советтик аскерлерге каршы мужахиддиндер менен бирге чет элдиктер да салгылашканын биринчи жолу өз көзү менен көрүп ишенет.

“Ал согушта биринчи жолу ынды караларды жок кылдык. Алар Эфиопиоядан экен. Биз мужахиддиндер чет элдик ыктыярдуулар үчүн курган машыгуу базасын таптык”, деп эскерет генерал Востротин.

Советтер Союзу аскерлерин Ооганстандан чыгарып кеткенден кийин өлкөдө жарандык согуш тутанат. Мужахиддиндердин түрдүү топтору арасындагы ыркы жоктуктан улам өлкө ого бетер бүлүнүп, эл тозуп-тонот. Каатчылык жагдайда азыр АКШлык жана НАТОлук аскерлер менен согушуп жаткан талибан кыймылы пайда болот.

Эски согуш жаңы милдет

АКШлык аскерий черүү. Ооганстан. Кунар.12-декабрь 2009
Востротин жана башка ооган согушунун ветерандарынын оюнча, АКШны Ооганстанда СССРдикине окшогон тагдыр күтүүдө. Деген менен, аскерий эксперттердин пикиринче, азыркы жагдай такыр бөлөк. НАТО жана АКШ аскерлери советтик аскерлерге караганда бир кыйла мыкты даярдалган жана жакшы куралданган. Мурда көпчүлүк оогандар советтик баскынчылыкка нааразы болуп, колуна курал алса, бүгүн оогандар эл аралык коомчулуктун кубатуу өлкө куруу аракетин колдоодо.

Москвалык аскерий эксперт Александр Гольцтун баамында, СССРдин жеңилүүсү Ооганстанда “чет өлкөлүктөр ойлогондой жол менен ийгиликке жетүү мүмкүн эмес экенин көрсөттү”. Андыктан, эксперттин оюнча, президент Обама биринчи кезекте Ооганстанды жана Түштүк Азия регионун турукту кармоо жагын ойлонушу абзел :

- Бир жагынан, (Обама) согушта жеңе албасын түшүнүш керек. Экинчи жактан, килейген регионду азбы-көппү стабилдүү кармоого тийиш. Ал ошон үчүн аскерди чыгарып кетпөө жөнүндө чечим алышы зарыл.

Гольцтун сөзүнчө, АКШ келечекте Ооганстандан чыгып кетсе, Борбор Азиядагы жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаал курчуйт. Себеби, ислам экстермисттери АКШны жеңдик деп, активдүү аракеттене баштайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG