Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:48

Тажикстанды ооган качкындары каптоодо


Ооганстандын өзүндө үй-жайсыз калган бала, Кабул, ноябр, 2009-жыл.

Ооганстандын өзүндө үй-жайсыз калган бала, Кабул, ноябр, 2009-жыл.

Oоганстандагы абалдын курчушу жана Пакистанда талиптерге кысымдын күч алышы Борбор Азия өлкөлөрүндөгү коопсуздукка шек келтирүүдө. Былтыртан бери Ооганстандан Тажикстанга өтүп келген катталган качкындардын саны үч эсеге көбөйдү. Алардын социалдык проблемалары менен катар, борбор азиялык өкмөттөргө талиптердин өчөшү жана баңги аткезчилигинин күч алышы региондогу бейкуттукка коркунуч келтирүүдө.

Ооганстандан келген качкындар «Булар баңги ташыбайбы, же талиптердин кишилери эмеспи?» деген кооптонууну пайда кылат, бирок алардын башына түшкөн мүшкүл көп учурда көмүскөдө калат.

Кариманы алсак, 26 жашка чыккан бул келин 3 баланын энеси. Талиптерден коркуп, атасы аны 19 жашында чоң атасындай абышкага, болгондо да эки аялы, жайнаган балдары бар кишиге токолдукка берип койгон. Күйөө сөрөйү кийин балдары менен Тажикстанга келип, аларды алып келген таксисттин үйүндө таштап баса берген. Келин үч жылдан бери Дүйшөмбү калаасынын жака белинде батирде жашайт:

- Бул кийим тиккен машинаны мага Бириккен Улуттар уюмунан беришти, ал электр менен иштегендиктен, жарыкты өчүрүп салганда, кийим тиге албай калам. Азыр үйдө суук, менин иштеп тапканым менен күн көрөбүз. Кышында иш жок болсо, дагы кыйын болот го. Бирок тажиктердин өздөрү иши жок отурса, мен кимге даттанам...

Ал эми азыр тажик мектебинде окуган Таманно бешинчи класста. "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып, ал Ооганстанда талиптердин мезгилинде окуй албай калганын эстегенде ыйлап жиберди:

Тажикстан, Дүйшөмбү шаарындагы "кул базар", 18-ноябр, 2009-жыл

- Бизди талиптер мектепке барасыңар деп бутубузду камчы менен урчу, ушунча ооручу, мектепке барбай калчубуз, талиптер биздин билим алышыбызды каалаган эмес.

Бириккен улуттар уюмунун качкындар агенттигинин эсебинде, 2008-жылдын январдан бери Тажикстанга качып келген оогандардын саны төрт миңге чукулдап калды. Аймактагы эң жарды өлкөлөрдүн бири саналган Тажикстанда аларды жакырчылык, жумушсуздук каршы алат, арасында чукул дарыланууга муктаждар, оор психикалык травма алгандар бар. Бирок оогандар тажик жергесинде балдарын мектепке берип, салыштырмалуу тынчтыкта күн өткөрүшүүдө.

Иля Тодорович аталган агенттиктин Дүйшөмбүдөгү кеңсесинин жетекчиси. Анын "Азаттыктын" Тажик кызматына билдиришинче, оогандар Тажикстанга биринчи кезекте зордук-зомбулуктан улам качып келишет:

- Алар коопсуздук кырдаал начарлап кеткендигин, талиптер коркутканын, тынч жашоого болбой калгандыгын айтышат. Үй-бүлөсүнөн киши колдуу болгондор бар.

2009-жылы Ооганстанда талиптер Тажикстан менен чек арадагы Кундуз дубанына чейин кирип келишти.

Иля Тодоровичтин айтымында, бүгүн Ооганстандан Тажикстанга талиптердин таянычы саналган түштүктөгү Кандагар дубанынан да качып келгендерди кездештирүүгө болот.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздук кызматтары 2009-жылы Ооганстандан келген исламчыл террорчулар, оппозициядагы кор башчылар, баңги аткезчилери менен кагылышуулар болгондугун кабарлап келишти. Бирок жергиликтүү укук коргоочулар өз оппоненттерин куугунтуктап жаткандыгын акташ үчүн, аймактагы диктатуралык өкмөттөр исламчыл козголоң коркунучуна шылтоо кылып жаткандыгын айтышат.

XS
SM
MD
LG