Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:43

АКШ күчтөрү Хелмандда ири аскерий операция башташты


АКШ деңиз күчтөрүнүн жоокерлери Хелманд вилайетинде, Ооганстан, 2-июль 2009-жыл

АКШ деңиз күчтөрүнүн жоокерлери Хелманд вилайетинде, Ооганстан, 2-июль 2009-жыл

Ооганстандын Хелманд вилайетинде талиптерге каршы масштабдуу операция башталды. Ага АКШнын деңиз күчтөрүнүн миңдеген аскерлери, көп сандагы оогандык полициячылар менен армиянын бөлүктөрү тартылды. Дүйнө жүзү боюнча тараган апиймдин ири бөлүгү Хелмандда өстүрүлөт. Чөлкөмдүн басымдүү бөлүгүн талиптер көзөмөлдөшөт.

Бейшембинин таңында жүздөгөн аскерий машина Ооганстандын түштүгүндөгү Хелманд вилайетине кирип барды. Вьетнам согушунан бери АКШнын деңиз күчтөрү мындай масштабдагы операция жүргүзүшө элек эле. “Канжар” деп аталган операцияга америкалык 4 миң аскер менен катар оогандык 650 полициячы жана жоокер катышууда. Хелмандда 8 миңдей аскерден турган британиялык контингенттин жайгашканына карабай, ал эң кооптуу чөлкөм, талиптердин таяныч пункту бойдон кала берүүдө.

Голландиянын Аскерий Академиясынын профессору Жулиан Линдлей-Френч Хелманддагы окуяларга жакындан байкоо салып турат:

- Америкалык кошумча жоокерлердин жардамы менен чөлкөмдө стабилдүүлүк орнотууга, кайра куруу иштерин жүргүзүүгө шарт түзүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк пайда болду. Генерал Стэнли МакКристал негизги маселе адам факторуна такалаарын туура белгиледи. Алар коалиция стратегиясынын ийгилиги үчүн чечүүчү роль ойношот. Хелмандга кошумча бөлүктөр жиберлигенден кийин алга жылуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Талип согушкерлери вилайетте ишке ашырып келаткан теракттар, жан кечтилердин жардыруулары, айрым маалыматтарга караганда, наркозаттардын мыйзамсыз соодасынан түшкөн акча менен каржыланып турат. Дүйнө жүзү боюнча тараган апиймдин ири бөлүгү Хелмандда өстүрүлөт.

Америкалык генерал Ларри Николсондун айтымында, бул жолку операция буга чейинкилердер ага тартылган күчтөрдүн ири саны, ыкчамдыгы менен айырмаланат. Андан тышкары америкалык аскерлер ошол жакта калып, коопсуздукту камсыздоо милдетин ооган армиясына өткөрүп берүүнүн үстүнөн иштешет.

Хелманддын губернатору Гуляб Мангал операциянын ийгиликтүү аяктаарына азыртадан эле ишенет:

- Аскерий иш-чара соңуна чыгып, талиптерди жана башка куралдуу топторду кууп чыккандан кийин Ооганстандын улуттук армиясы жана полициясы бул жакка жайгашат. Аларга эларалык бейпилдик күчтөрү көмөктөшөт. Дагы бир маанилүү нерсе – биз вилайет үчүн олуттуу реконструкция программасын даярдап жатабыз.

Линдлей-Френч боолгологондой, Хелманддагы операция талиптерди эки жактан, атап айтканда Ооганстан тараптан жана Пакистандан кысымга алууну көздөйт. 2-июлда Пакистан армиясы Хелманддан качкан согушкерлерге бөгөт коюуу үчүн Ооганстан менен чегара тилкесине кошумча аскерлерин жайгаштырганын билдирди.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG