Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:15

Ооган крикетинин сыйкыры


Ооган крикетчилери америкалыктар менен таймаш маалында

Ооган крикетчилери америкалыктар менен таймаш маалында

Крикет боюнча дүйнөлүк 20 тың өлкөнүн чемпионатында Ооганстандын крикет командасы көпчүлүктү айран-таң калтырууда. Бир жылдын ичинде aл 130 орундан эң мыкты 15 крикетчи команданын катарына кирди.

Раеес Ахмадинин бала чагы Пакистандын Пешавар шаарындагы мектептин чаң баскан короосунда, өзүнө окшогон качкын балдар менен крикет ойноп өткөн. Азыр ал ооган командасында мыктынын мыктысы катар эл аралык сенсация жаратууда.

Оогандык крикетчилер феврал айында Ирландияны 13 упай, Шотланияны 14, АКШны 29 упай менен утуп алып, супер төртилтикке кирди. 12-февралда Голландияга 4 упай менен жеңилип калган менен оогандар эртеси Бирикен Араб Эмираттарын утуп, апрел айында Батыш Индиде өтө турган дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алды.

Америкалыктарды жеңгенден кийин "Азаттыкка" сүйлөгөн сөзүндө Ахмадизай кубанычы койнуна батпай турганын мындайча билдирди:

Миңдеген оогандар байрактарды желбиретип турганын көргөндө кубанычымды сөз менен кантип айтаарымды билбей калам. Биз крикетти мыктылап ойногонубузга, башка оогандарды кубантканыбызга маашырбыз, канчалык көп жеңсек, ошончолук Ооганстандын даңкын чыгарып жатабыз.

Ооган крикети акыркы сегиз жылда, Ахмадзай өңдөңгөн жаш таланттар мекенине кайтып келгенден кийин айрыкча гүлдөп-өстү. Талиптер деле крикетке тыюу салган эмес, анткени өздөрү кеңири колдоого ээ болгон Пакистанда бул оюн өзгөчө популярдуу. Бирок Пакистандагы качкын лагерлеринде крикет ойноп өскөн балдар жапырт кайткан 2001-жылдан кийин крикеттин Ооганстанда багы ачылды.

Анын үстүнө, ооган командасын пакистандык адис машыктырат. Кабир Хан 20 жыл Пакистандын жеңишчил командасын машыктырып өткөргөн, кезегинде Британияда крикет ойногон.

Ал канча жаштарды машыктырса да, оогандардай тырышчаак жигиттерди көрбөгөнүн жашырган жок:

– Талант десе таланты бар, эмгекчил, иш дегенде ичкен ашын жерге койгон балдар. Эң кыйын деген командадан да жүрөксүбөйт. Алар жеңилүүгө даяр эмес. Бул алардын эң күчтүү жагы, ошондуктан кудай аларга берип жатат.


Ооганстандын азыркы жеңиштеринин деңгээлин сактап калыш үчүн инфраструктураны жакшыртуу зарыл.

Шахзада Масуд Ооган президенти Хамид Карзайдын кеңешчиси жана Ооган крикет федерациясынын жетекчисинин орун басары. Анын айтымында, баш калаа Кабулда да, жер-жерлерде да алгылыктуу машыгуу жайлары жок.

Ал эми крикет жылдызы Ахмадзай өз өрнөгү менен жаш оогандарды маң заттарынан оолактатып, спортко кызыктырууга үмүттөнөт:

- Крикет болобу, футбол, волейбол, же гимнастика болобу, ар бир сторт улан-кыздарды өзүнө тартат. Спорт – тынчтыктын карлыгачы. Ал биздин жаштарды жакшылыкка сүрөп, жаман жолго түшүрбөйт.
XS
SM
MD
LG