Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Козголоңчулар лойа жырганы үзгүлтүккө учуратууга аракеттеништи


Лойа жырга өтүп жаткан жай.
Лойа жырга өтүп жаткан жай.

Ооганстанда бүгүн уруу башчылардын курултайы – лойа жырга ачылды. Бирок козголоңчулар ал башталар замат эле үзгүлтүккө учуратууга аракеттеништи.

Жыйын өтүп жаткан жайды көздөй ракета атылып, андан алыс эмес жерде жарылуу, атышуу болду. Үч күнгө созулуучу курултайда уруу башчылары президент Карзайдын козголоңчулар менен элдешип, аларды тынч турмушка тартуу планын талкуулайт.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, борбор Кабулдун батыш бөлүгүндө лойа жырганын делегаттары жыйналган кенен чатырды көздөй кеминде бир ракета атылган, бирок ага жетпестен бош жерге түшкөн. Ошол эле учурда жыйын өтүп жаткан жайдан бир нече жүз метр аралыкта атышуу орун алып, кеминде бир жанкечти өзүн-өзү жардырып жиберүүгө үлгүргөн.

Ракета түшкөн жер.
Жарылуулардын добушу курултайды жаңы эле ачып жаткан президент Хамид Карзайдын сөзүн бузду. Чогулгандарды тынчсызданбоого чакырган Карзай Талибанга кайрылып, аларды тынчтык жараянына кошулууга кайрадан үндөдү:

- Мен силерге кайрадан кайрылам, менин урматтуу талиб бир туугандарым, бул жер силердики да. Артка кайткыла, эгер мен жаңылыштык кетирген болсом мойнума алам. Кокус силер жаңылышкан болсоңор, силер жамандыкты токтотууңар керек. Биздин балдардын өмүрүн кыйбагыла, тынчтыкты кабыл алгыла, араңардагы чет элдиктерден арылгыла. Бүгүн алар силерге курал берет, эртең түрмөгө камайт. Бул эмне деген жихад?

Күчөтүлгөн коопсуздук чаралары астында өтүп жаткан жыйын, бир сааттык тыныгуудан кийин башталды. Жыйынды уюштуруу комиссиясынын башчысы Фарух Вардак кырдаал көзөмөлгө алынганын жарыялады:

- Биздин коопсуздук күчтөр кырдаалды өзгөртүүгө умтулган эки душманды өлтүрүштү, бирөөсүн колго түшүрүштү. Кырдаал көзөмөлгө алынды.


Лойа жырганын коопсуздугун камсыздоого 12 миңдей аскер менен полицей тартылууда. Ал эми курултайдын ишине жалпысынан 1600 делегат жыйналды, алардын бештен бир бөлүгү - аялдар. Делегаттар президент Карзайдын Тынчтык жана реинтеграция планын талкуулоодо. Ал документ катардагы козголоңчуларды жай турмушка тартуу, алардын жолбашчылары менен саясий мунасага жетишүү боюнча сунуштарды камтыйт.

2-июндагы кол салуудан кийин кармалган талиб согушкери.
Талибан лойа жырганы ал башталганга чейин эле четке каккан, делегаттарга алар өлтүрүлөрүн эскерткен. Бүгүнкү кол салуу үчүн да талибдер дароо эле жоопкерчилик алды.

Ооган козголоңчуларынын мурдагы премьер-министр Гульбеддин Хекметияр жетектеген Хизби-и-Ислами деген дагы бир тобу да курултайга “тандалма адамдар” гана жыйналды деп эсептеп, аны “пайдасыз иш” деп атаган. Көпчүлүктүн көзү үчүн ушундай билдирүү жасаганы менен Хекметияр акыры тынчтык жараянга кошулары күтүлүүдө.

Анын өкүлдөрү жакында Карзайдын өзү жана Улуттар уюмунун Кабулдагы кеңсесинин башчысы менен түз сүйлөшүү өткөргөн. Хекметиярдын мурдагы кызматташтары Ооганстандын азыркы өкмөтүндө жана администрациясында иштейт. Алар козголоңчул топту жетектеп кеткен мурдагы премьер-министрди саясий чөйрөгө кайтаруу аракетинин артында тургандай.

Ооганстанда уруу башчылар курултайы ачылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:38 0:00
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG