Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:21

Президенттик шайлоо өнөктүгү Кабылда гана жүрүп жаткандай...


Ооганстандын азыркы президенти, негизги талапкер эсептелген Хамид Карзайдын сүрөтү.
Ооганстандын азыркы президенти, негизги талапкер эсептелген Хамид Карзайдын сүрөтү.

Ооганстандын талиптер коога салган түштүк жана чыгыш провинцияларынын эли 20-августта болчу президенттик шайлоого көңүл кош. Мындан улам, “Азаттык” радиосунун кабарчыларынын билдиришинче, талапкерлер үгүт өнөктүгүн негизинен баш калаа Кабылда жана өлкө түндүгүндөгү провинцияларда гана өткөрүп жатышат.

Кабылда президенттикке ат салышкан 41 талапкердин сүрөттөрүн ар жерден көрүүгө болот. Бирок, түрдүү террордук чабуулдарга байланыштуу ордо шаардын мейманкаларында жана тойканаларында маараке-той өткөрүүгө уруксат жок.
"Ооганстандын 20 же 21 провинциясында уруш жүрүп жаткандыктан бул жерлерде шайлоо өткөрүү мүмкүн эмес."
Мир Жан Сахеки.

Ооганстандын түндүк провинцияларында да шайлоо өнөктүгү Кабылдагыдай кызуу жүрүп жатканы маалымдалат.
20-августа президенттик шайлоого удаа провинциалдык кеңештердин депуттары шайланат.

Ооганстанда азыр НАТОнун АКШ күчтөрү баш болгон 75 миң аскери болгону менен өлкөнүн түштүгү менен чыгышында талиптер активдүү. Пуштундардын юсефай уруусунун аксакаладары өткөн жумада көпчүлүк аймактарда талиптер менен уруш жүрүп жатканга байланыштуу 20-августагы президенттик шайлоону койо турууга чакырышты. Уруу аксакалдарынын башчысы Мира Жан Сахеки эл толук катышпаган шайлоо-мыйзамдуу болбосун айтты Кабылда бир апта мурда болгон жыйында:

-Ооганстандын 20 же 21 провинциясында уруш жүрүп жаткандыктан бул жерлерде шайлоо өткөрүү мүмкүн эмес. Биз демократияны колдойбуз. Бирок, Улуттар Уюмунун Ооганстанга көмөктөшчү миссиясына азыркы шартта шайлоо өткөрүлсө, элди толук камтыбасын айттык.


Ооганстанда 34 провинция бар. Түштүктөгү Гелманд провинциясынын борбору Гашкар Гахта да шайлоо өнөктүгү башталганы байкалбайт. “Азаттыктын” кабарчысы Иляс Дайинин айтышынча, “Мурда берилген убадалар аткарылбагандыктан, кээ бир адамдар шайлого катышууну күнөө деп санашат”. Провинциалдык кеңешке талапкерлер да үгүт иштерин коопсуз жерлерде гана өткөрүшүүдө.

Ооганстанда кырдаал мурдакы жылдагыларга караганда бир кыйла кооптуу экенин ай башында АКШнын Ирактагы жана Ооганстандагы күчтөрүнүн башчысы Дэвид Петреус өзү да ырастаган:

-Акыркы эки жылда жагдай өзгөчө начаралап кеткени талашсыз. Алдыда оор жагдай күтүүдө.

Маалымат булактары жакында талиптердин Пакистан бекинип жүрөт деп айтылган лидери Молдо Умар жаңы күчтөр менен толукталган АКШлык аскерлерге сокку уруп, бардык талиптерди бириктирүүгө аракеттенип жатканын билдирген.

Түштүктөгү Шажой районунун тургуну Мухаммад Садык да ал жашаган Забул провинциясында шайлоо өтөөрүнө ишенбейт:

- Забулда кырдаал өтө начар. Забул провинциясында шайлоо өтөт деп ойлобойм. Бирок бул жакка коопсуздукту жакшыртканы келген аскерлер менен полиция элдин жабыркоосун токтотору анык.

"Эркин Ооганстан” радиосунун Хост провинциясындагы кабарчысы Амир Бахирдин билдиришинче, эли билимдүү эсептелген Хостто коңшулаш Пактия жана Пактика провинцияларына караганда абал бир кыйла стабилдүү. Бирок Хосттун алыскы кыштактарында шайлоо кандай өткөрүлөрүн айтып болбойт.

Өлкөнүн айрым бөлүктөрүндөгү кооптуу жагдайдан улам Ооганстандын шайлоо комиссиясынын төрагасы Азизулла Лудин президенттик шайлоону кийинге калтыруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт:

- Шайлоо кодексинин 55-беренесине ылайык, жагдай аймакта шайлоону мыйзамдуу өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бербесе, шайлоо комиссиясы шайлоону бул аймакта кийинге калтырат же токтотуп койо алат.

Бирок Ооган бийликтери менен эл аралык байкоочулар 20-августка чейин абал оңолот, шайлоонун мааниси жакшылап түшүндүрүлсө, эл саясый өнөктүккө жапырт катышып берет деп үмүттөнүшөт.

XS
SM
MD
LG