Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Ооганстан: Ширин Бек айымдын шайлоо тактикасы


Ооган полициясы Шайлоо комиссиясынын маңдайында коопсуздукту камсыздоо боюнча тапшырма алууда, Кабыл. 16-сентябрь 2010
Ооган полициясы Шайлоо комиссиясынын маңдайында коопсуздукту камсыздоо боюнча тапшырма алууда, Кабыл. 16-сентябрь 2010

Ооганстандыктар 18-сентябрда Воласи Жырганын мүчөлөрүн шайлашат. Бул Ооган парламентинин төмөнкү палатасы же Өкүлдөр жыйыны үчүн 2001-жылдын күзүндө талип өкмөтү кулатылгандан берки алгачкы шайлоо болот.

Шайлоого ат салышып жаткан 2, 5 миңден ашуун талапкерлердин 400дөйү аялдар.

Парламенттик шайлоо баштапкы мерчем боюнча 22-майда өтмөк. Бирок кооптуу абалга, шайлоону уюштуруудагы жана каржылоодогу кыйынчылыктардан улам 18-сентябрга калтырылган.

Эч ким биздин ал-жайыбызды сурабайт. Бизде ичкенге суу да жок.
Закир аксакал



Гүл Ширин Бек Түркмөн, Кабыл, 15-сентябрь 2010
Шайлоону Ооганстандын көзкарандысыз шайлоо комиссиясы - КШК уюштурууда.

Өткөн айда КШК козголоңчулардын кол салуу коркунучуна байланыштуу 6800дөн ашык добушкананын 938и 18-сентябрда жабык болорун билдирген. Ошентип, өлкөдөгү 34 провинциянын 25де ондогон добушканалар иштебейт. Алардын ичинен чыгыштагы Газни провинциясында эле 107 шайлоокана жабык болот. “Жалпысынан өлкөдө тогуз аймак талиптердин ээлигинде. Тилекке каршы бул аймактарда шайлоо болбойт. Бул жерлерде өкмөттүк бийлик жок”, - деп билдирди Коргоо министрлигинин операциялар боюнча бөлүм башчысынын орун басары Афзал Аман 15-сентябрда.

Министрликтин маалымдашынча, шайлоочулардын коопсуздугун НАТО жана Ооганстандан 150 миң аскер камсыздайт.

Воласи Жырганын 249 мүчөсү беш жылга шайланат. 2,5 миңден ашуун талапкердин 406сы аялдар. Алардын бири 30ду эми ашкан Гүл Ширин Бек Түркмөн айым. Үч абаланын апасы Ширин Бек жергиликтүү түркмөн азчылыгынан. Беш жашынан Түркияда жашагандыктан мамлекеттик дари жана пуштун тилдеринде жакшы сүйлөй албайт. Ооганстанга төрт ай илгери фармацевтик институтту бүткөндөн кийин келген. Ал мурда өкмөттүк кызматта иштебеген. Ширин Бек башка талапкерлерден айрымаланып, шайлоочулар менен чоң жыйындарда эмес, үймө-үй кыдырып таанышууда.
Шайлоо комиссиясынын кызматкери бюллетендер салынган кутулардын арасында. Кандагар провинциясы. 16-сентябрь 2010


“Мен бир үйдөн экинчи үйгө барып, элди үгүттөөдөмүн,-дейт Ширин Бек Түркмөн.- Элдин түйшүгүн өз көзүм менен көрүп таанышып жатам. Ооган элинин толгон токой көйгөйлөрү бар. Мен эшикме эшик кыдыруудамын”.

Эгерим үймө-үй кыдырган саясатчыны көрбөгөн аялдар Ширин Бек үчүн добуш бермек болушууда. Бул аял:”Албетте, Ширин Бекке добуш берем. Аял талапкерлер эркектерден көрө жакшы да. Аялдар күчтүү жана тайманбас экенин билем. Эркектер эч нерсе жасашпайт, бизди да угушпайт”-дейт “Азаттыктын” кабарчысына.

Ширин Бек жана анын 50 колдоочусу үймө-үй жүрүп, 500 аялды жана 2 миңдей эркекти таңкы төрттөн кезекке коюп жатып каттоодон өткөрүшкөн. Алар бирдекиде шайлоого катышпагандар.

Кабылдын эң эски, өтө жарды эсептелген Шахри Кона районунун аксакалы Мухаммад Закир акыркы тогуз жылда бийлик жасабаган жумушту Ширин Бек айым жасап жатканын айтат: "Биздин абалыбызды кимдир бирөө келип сурадыбы же абалыбызды сурадыбы дейсизби? Жок. Көчөлөр таштанды менен чаңга толгон. Балдарыбыз оорукчан. Биз да оорууканчыбыз. Эч ким биздин ал-жайыбызды сурабайт. Бизде ичкенге суу да жок."

Закир аксакалдын айтышынча, ал турган райондун калкы жапырт Ширин Бек айым үчүн добуш берет. Себеби, Ширин айым алардын муң-арманын угат жана Кабылдын башка жарды бөлүгүнө таштанды суулар акчу өстөн курдуруп берген. Ырас эле, Ширин Бек Түркиянын өнүктүрүү агенттигин кедей калктуу Коти Санги шаарчасына ыплас суулар акчу өстөн курганга ынандырган.

Ширин Бек айым 18-сентябрдагы шайлоодо жеңем деген ишеничте. Анын айтышынча, беш жыл мурдакы шайлоолордо Кабылда 1 миң добуш алган талапкер парламентке шайланган. Азыр 2 миң добуш жетиштүү деп чамалайт ал. Парламентке депутаттар аймактын калкына жараша шайланат. Кабылга парламентте 33 мандат берилсе, Паншер провинциясынын эки гана мандаты бар.

Ооганстандын конституциясына ылайык, аялдарга парламенттин эл өкүлдөр палатасында 68 орун берилүүгө тийиш. Анын ичинен үч мандат көчмөн Кучи уруусуна таандык. Ишемби күнкү шайлоодо добуш берүү үчүн өлкөдөгү аялдардын 44 проценти катталган. Бул да болсо жакшы жышаан. Анткени, былтыркы президенттик шайлоого Ооган аялдарынын 41 проценти гана катышкан болчу.
Шайлоо өнөктүгүнө жалпысынан 149 миллион доллар жумшалууда. Бул акчаны БУУнун Өнүгүү программасы жана башка донорлор берген.

XS
SM
MD
LG