Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:41

Париж клубу Ооганстандын 1,2 млрд. доллар карызын кечти


Париж клубуна бириккен кредитор өлкөлөр тобу 17-мартта Ооганстандын 1 миллиард доллардын ашуун карызын кечти. Ооган өкмөтү Париж клубуна үнөмдөлгөн акчаны жакырлыкты кыскартууга жана Улуттар Уюмунун Миң жылдыкты өнүктүрүү программасына ылайык жумшалат деп убада берди.

Дүйнөнүн эң жарды өлкөлөрүнүн катарына кирген Ооганстандын тышкы карызы 1-мартка карай 2,1 миллиард долларга тете болчу. Ооган өкмөтү кредит үчүн төлөнчү акчаны өлкөдөгү жакырлыкты азайтууга жумшоого макулдук берди.

Париж клубуна байдөөлөт 19 өлкө жана Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фонду мүчө.

Эл аралык валюта фонду жарды өлкөлөр үчүн кредиттин булагы болсо, анти-глобалисттер үчүн "жан алгыч". МВФ жана Дүйнөлүк банкка каршы Ыстамбулда өткөн демонстрациянын катышуучусу. 6-октябрь 2009

Париж клубу 17-мартта өткөн жыйынында Ооганстандын карызын жеңилдетүү жөнүндө чечим кабыл алды. Обол 440 миллион долларды кечүү жөнүндө демилге болгон. Бирок уюм мүчөлөрү дагы 585 миллион долларды Ооган өкмөтү төлөбөй эле койсун деп макулдашты.

Париж клубунун эсебинче, 1-мартка карай Ооганстандын тышкы карызы 2,1 миллиард долларга тете болсо, бул акчанын теңин уюм мүчөлөрүнө карыз эле. Ошентип Париж клубунун ыкласы менен президент Карзайдын өкмөтү мурдатан келаткан 1,2 миллиард долларлык борчунан шыр кутулду.

Өткөн жылы Кыргызстандын сырткы карызы да 2,5 миллиард долларга чукулдап, ички дүң жыйымдын теңин түзгөн.

Париж клубуна байдөөлөт 19 өлкө жана Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фонду - МВФ мүчө.

Ооган үй-бүлөсү. Нуристан провинциясы. 18-декбарь 2009

Клубдун билдирүүсүндө борчту кечүүнүн бир жүйөөсү Ооганстандын Карызга ашыкча баткан кедей өлкөлөрдүн программасына мүчө экенинде деп белгиленет. Бул Дүйнөлүк банк менен МВФ жетектеген программа. Ал эми МВФтин негизги демөөрчүсү - Америка Кошмо Штаттары.

АКШ өкмөтү Париж клубунун мээрмандыгына Ооганстандын экономикалык ийгилиги негиз болгонун билдирди. Ал тууралуу Мамдепартаментин өкүлү Марк Тонер мындай деди:

- Бүгүнкү келишим Ооганстан үчүн чоң ийгилик жана өлкө экономикасын өнүктүрүүдө чоң кадамдарды жасаганынан эл аралык коомчулук кабардар экенин күбөлөйт. Ооган өкмөтүнө мураска калган борчту жеңилдетүү Ооганстандагы экономикалык туруктуулуктун жолундагы чечүүчү кадам болду.

Ооганстандын экономикасынын оңолуусуна жана Париж клубунун карызды кечүүсүнө Вашингтон да зор салым кошту. Анткени акыркы сегиз жылда америкалык эксперттер Хамид Карзайдын өкмөтүнө экономикалык жактан жана карыздарды реструктуризациялоо боюнча жардамдашып келет. Ошол иштерди Марк Тонер санап өттү:

- 2002-жылдан бери АКШнын Финансы министрлигинин техникалык кеңешчилери Ооганстандын Финансы министрлиги менен чогуу бюджетти даярдоо, өкмөттүк кызматчыларга акы төлөө системасын жакшыртуу, тышкы карызды реструктуризациялоо боюнча жана карызды башкаруу бөлүмүн түзүүдө тыкыс иштешти. Бул иштер бүгүнкү келишимге жетүүдө чечүүчү роль ойноду.

Марк Тонердин айтымында, Париж клубу карызды кечүүдө Ооганстандын Эл аралык валюта фондунун программасын аткарууда жана катаал шартта экономикалык реформаны жүргүзүүдө жетишкен ийгилигин да эске алган.

Ооган өкмөтү Париж клубуна үнөмдөлгөн акчаны жакырлыкты кыскартууга жана Улуттар Уюмунун Миң жылдыкты өнүктүрүү программасына ылайык жумшалат деп убада берди.

XS
SM
MD
LG