Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:50

2001-жылы талип өкмөтү кулагандан кийин Ооганстанда 400 ашуун басма сөз, көптөгөн теле жана радиолор кадыресе жандуу иштей баштаган. Бирок башындагы эркин маалымат каражаттарын түптөө, сөз эркиндигин орнотуу аракеттери кийинчерээк чоң тоскоолдорго кабылып, андан ары жылбай калды.

Серепчилердин баамында, жан коопсуздугунан жана ар-түркүн тоскоолдуктардан чочулаган журналисттер көптөгөн көйгөйлөрдү жаап-жашыруугу мажбур болушууда.

Талиптердин беш жылдык катаал жана каардуу режиминен кийин көптөгөн оогандыктар эркин маалымат каражаттары менен эркин маданий чөйрөнү күтүшкөн.

Ооган журналисттеринин баары эле ушундай талаптарга жооп бергенге аракет кылышып, төрт жүздөн ашуун гезит-журналдар, 15 теле канал жана көптөгөн радиолор талип бийлиги кулаган соң өздөрүн эркин сезе түшкөндөй болгон.

Бирок тилекке каршы сөз эркиндигин орнотуу кыялдары бара-бара сууп, коркутуп-үркүтүүлөр менен коштолгон катаал эрежелер эң оболу журналисттер коомчулугу үчүн жан коопсуздугун биринчи орунга чыгарды.

Ошентип ооган журналисттери жазылбаган эрежелерге баш ийгенге аргасыз болушту. Маселен, чоң саясаттагы коррупция маселесине көз жумуп койгон оң. Күчтүү аскер башчыларын тап-такыр сындаганга болбойт. Диний көйгөйлөр тууралуу жазбай эле койгон жакшы. Ал эми маң заттары менен адам аткезчилигин жазсаң жайрап калышың ыктымал.

Фавзиа аттуу айым мурда Герат университетин жетектеген. Талип бийлиги кулаган соң аялдарга билимин улантууга мүмкүнчүлүк пайда болуп, ал журналисттик кесипти окуган. Учурда радиодо иштеген 33 жаштагы Фавзианын айтымында, эгер ал кесибине байланыштуу кыйын кырдаалда калса, аны эч ким коргоп кала албайт:

«Менин кесиптешим жакында эле ушундай абалда калды. Мен коопсуздук жагын эске алып, анын атын айта албайм. Ал өз абалын полицияга айта албады. Айласы кеткенде укук коргоочуларга барды эле, алар аны коргоп кала албасын айтышыптыр»,- деди Фавзиа.

Ооган бийлиги көз карандысыз маалымат каражаттарын колдой турганын айтканы менен иш жүзүндө баары башкача болууда. Дүйшөмбү күнү Ооганстандагы таасирлүү диний ишмерлер теле аркылуу сүйлөшүп, исламга жана адепке туура келбеген программалар эленип турарын дагы бир жолу эскертишти.
Париждеги «Чегарасыз кабарчылар» уюму билдиргендей, өткөн эки жыл аралыгында Ооганстанда беш журналист кызматына байланыштуу өлтүрүлгөн. Андан тышкары 2008-жылы эки журналист кудайга акаарат келтирди деген жүйө менен соттолуп, бирөө өлүм жазасына өкүм кылынса, экинчиси 20 жылга кесилген.


Андан бир күн өтпөй Кабулдагы «Имруз» аттуу жеке менчик теле каналда иштеген көрсөтүүлөрдүн редактору камакка алынды. Анткени ал теледе көрсөтүлгөн тасмалардан аялдардын анча-мынча дене мүчөлөрү көрүнгөн жерлерин кыркуудан баш тарткан. Учурда Маданият министрлигинин көзөмөлдөөчү комиссиясы «Имруз» теле каналын ооган улуттук салттарын бузгандыгы үчүн айыптоодо.

Париждеги «Чегарасыз кабарчылар» уюму билдиргендей, өткөн эки жыл аралыгында Ооганстанда беш журналист кызматына байланыштуу өлтүрүлгөн. Андан тышкары 2008-жылы эки журналист кудайга акаарат келтирди деген жүйө менен соттолуп, бирөө өлүм жазасына өкүм кылынса, экинчиси 20 жылга кесилген. Ал арада 24 журналист ур-токмокко алынып, 35 жолу өлүм менен коркуткан фактылар катталган.

Ооганстандагы «Журналисттер» коомдук бирикмесинин төрагасы Рахимуллах Самандардын айтымында, өлкөдөгү исламдын катаал эрежелери, журналисттердин оозун баскан негизги маселе болууда. Ооганстандагы «Улема» деп аталган өтө таасирлүү диний кеңеш буга чейин эле маалымат каражаттарын тескеп келген болчу:

«Сот бийлигине, өкмөткө, кала берсе президентке да бийлиги өткөн диний мекеменин болушу өтө чоң көйгөй болуп калды. Сот өз алдынча чечим чыгара албагандыктан, көптөгөн журналисттер камалып кетишти. Ооганстандагы соттор «Улема» кеңешинин таасиринен чыга албайт»,- деди Рахимуллах Самандар.
XS
SM
MD
LG