Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:42

Карзай менен Абдулла Ооган элин бөлүп жарууда


Абдулла Абдулла(солдо) менен Хамид Карзайдын тиреши 7-ноябрдагы кайра шайлоодон кийин токтойбу?

Абдулла Абдулла(солдо) менен Хамид Карзайдын тиреши 7-ноябрдагы кайра шайлоодон кийин токтойбу?

Ооганстанда 7-ноябрда болчу президенттик кайра шайлоо жакындаган сайын президент Хамид Карзай жана ага чакырык таштаган Абдулла Абдулланын бири бирине койгон таламы да күчөдү.

Татаал саясый жагдайда бул эки талапкер бир мунасага барары күмөндүү болуп турат. Шайлоочулар болсо саясый жиктешүүгө зобун-зордуктар кошулса, Ооганстандагы абал дагы осолдойт деп кооптонушат.

Менимче, улутуна карай добуш берүү Ооганстанды жарандык согушка, бөлүп-жарылууга жана кыйроого алып барат.
Хажи Саед Дауд.



Абдулла Абдулла 26-октябрда Кабылда журналисттер менен болгон кездешүүдө Хамид Карзай кайра шайлоого барса, өкмөттүн таасирлүү мүчөлөрүн жана БШКнын башчысы Азизулла Лудинди “добуштарды орой бурмалоого жол берип ишенимден чыкты” деп, кызматтан четтетүүнү талап кылды:

-Бул шайлоону ачык өткөрүүнүн минималдык шарты. Бул талапты аткарылса, өлкөнүн келечек пайдубалы туура коюлат. Бул алдыга ташталган чоң кадам болмок. Мындай шайлоодо ким гана жеңбесин, аны мен биринчи болуп куттуктайм.

Абдулланын мындай талабын Карзай ошол замат четке какты.

Кабылдык көз карандысыз серепчи Мухаммад Юнус Факурдун баамынча, Абдулла кайра шайлоодо уткураарын туюп, Карзай менен азыртан соодалашып жатат. 20-августтагы шайлоодо Карзай 50 проценттик чекке бир аз гана жетпей калган. Абдулла 31,5 процент добуш алган.

Талдоочулар Карзай бийлигинен пайдаланып, саясый өнөктүктүн биринчи айлампасында таанымал депутат Рамазан Башардост жана мурдакы финансы министри Ашраф Гани үчүн добуш берген адамдарды өз тарабына оодарып кетет деп боолгошот.

Не Карзайда, не Абдуллада мунасага барар түрү жок. Бул, Факурдун сөзүнчө, элди “бир балкет чыгып кетпегей эле” деп чочутууда:
Гилманд дубандагы там-жайын уруштун кесепетинен таштып кетишип, Кабылдагы качкындар лагеринде жашап жаткан балдардын бир тобу. 27-октябрь 2009-ж.


-Эки атаандашты элдештирчү ар бир кадам элге жагат. Экөө макулдаша албаса, кырдаал курчуп, элдин тынчы кетет. Элдин бар үмүтү Кабылдагы эларалык күчтөрдө. Эл саясый кризистин согушка айлануусуна эл аралык аскерлер жол бербейт деген үмүтттө.

Ооганстанда акыркы 30 жылда өкмөт тышкы күчтөргө таянып түзүлүп, жер-жерлердеги жагдайды лашкер башчылар контолдоп келет. Андыктан, бийликти бир колдон экинчи колго тынч өткөрүп берүү идеясы ооган саясатчылары жана уруу аксакалдары арасында популярдуу эмес.

Ооган парламентарийи Шукрия Баракзай айымдын сөзүнчө, Абдулла 1990-жылдардын башындагы жарандык согушта Түндүк альянсынын жетекчилеринин бири болгон. Анүчүн альянстын каршылаш топтор менен урушуп жатып, Кабылды жана башка шаарларды кыйратуусуна Абдулланын да тиешеси бар. Ошон үчүн, көпчүлүк
Шайлоо бюллетендери салынган желим үкөктөр Кабылдан дубандарга жөнөтүлүүдө. 22-октябрь.
шайлоочулар ага каршы добуш берет, деп боолгойт Баракзай айым:

-Ооган эли үчүн доктор Абдулла кечээки Ооганстандын символу. Карзай болсо бүгүнкү Ооганстандын символу. Оогандар өткөндөгү капсалаңдуу күндөрдүн кайра келишин каалашпайт.

Кабылдагы медиа ресурстарды изилдөө борборунун башчысы Хажи Саед Дауддун сөзүнчө, Карзай менен Абдулланын күрөшү эл ичине жик салууда. Биринчи айлампадан кийинки добуш талашта Карзайдын лагери аны пуштундардын таламын жактоочу деп сыпатташса, Абдулла тарапаны тажиктердин коргоочусу катары көрсөтүп жатышты. Бу сыңары сөздөр токтотулбаса, өлкөнүдөгү кырдаалга тескери таасир этери күмөнсүз.

- Пуштундар жашаган региондун эли пуштундарга добуш бергиле деп үгүттөлүүдө. Тажик, өзбек, түрмөн жана хазарлар жашаган аймактарда пуштундар жетекчиликти бөлүшүүнү каалабайт деп айтылууда. Менимче, улутуна карай добуш берүү Ооганстанды жарандык согушка, бөлүп-жарылууга жана кыйроого алып барат. Тилекке каршы, Карзай да, доктор Абдулла да бул маселеге от таштоодо.

Дауддун пикиринче, башкаруу кризисинен жадаган оогандар аксакалдар жыйыны же Лоя Жырга убактылуу өкмөт түзүп, эркин жана адилет шайлоо өткөрсүн деп чыгышы мүмкүн.
XS
SM
MD
LG