Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:05

Ооганстанда талиптер менен кагылышуу жүрдү


Ооганстанда орун алган кагылышуулар жана курмандыктар тууралуу кабарлар көп келет. Бирок бул ирээт ушул өңдүү кабарлар буга чейин салыштырмалуу тынч деп эсептелген Ооганстандын түндүк жана батышынан келүүдө.

Түрдүү кабарларда соңку зордук-зомбулук үчүн талип жоочулары айыптуу болгону айтылууда. Бирок Ооганстандын Түркмөнстан жана Иран менен тогошкон чек араларында орун алган эң акыркы тирешүүлөр буга чейин өлкөнүн түштүк жана чыгышында болгон чабуулдардан бир топ айырмалуу.

“Талиптер” (Талибан) кыймылынын өкүлдөрү Ооганстандын түндүгүндөгү Жавзжан жана батышындагы Фарах вилайеттеринде 18 полициячынын өмүрүн алып кеткен ар кыл кол салуулар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды.

Түркмөнстан жана Иран менен тогошкон чек аранын жанындагы вилайеттерде кол салуулар өзгөчө кооптонууну туудурат. Себеби талип жоочуларынын буга чейинки көпчүлүк чабуулдары адатта Пакистан менен тогошкон чыгыш жана түштүк чек араларында гана орун алып келген.

Жавзжан вилайетинин полиция башчысы Халил Аминзада 20-мартта Коштепе (Кош-Дөбө) ооданындагы кол салуудан тогуз полициячы жана облус жетекчиси набыт болгонун тастыктады.

Өзүн талиптик кыймылдын өкүлү катары тааныштырган Забихолла Можахед (Zabihollah Mojahed) облус губернатору, чалгын кызматынын жетекчиси жана дагы тогуз адам жума күнкү (20-марттагы) чабуулдан улам мүрт кеткенин айтты.

Ошол эле күнү Иран менен чектешкен Фарах вилайетинде талип жоочуларынын дагы бир чабуулунан бери дегенде тогуз полициячы мерт кетти. Бийлик өкүлдөрүнүн ырасташынча, Пош Род ооданында жоочулар тобу жергиликтүү полициянын штабына кол салып, болжол менен үч саатка имаратты ээлеп алган жана жанындагы мектепти өрттөп жиберген.

Фарах вилайетинин акими Рохулла Амин “Азаттык” үналгысынын ооган кызматына буларды айтты:

- Пошт Род ооданындагы полиция менен талиптердин кагылышуусу саат бирде башталды жана анын айынан тогуз полициячы набыт болуп, үчөө жараат алды. Кечки саат 6да болсо жанкечти полициянын унаасы менен келип кол салды. Бул унааны талиптер Дил Арам ооданындагы полициянын штабынын жанынан басып алышкан. Андагы салгылашта бир полициячы набыт болуп, дагы бирөө жараат алган. Оодандын полиция жетекчисинин милдетин аркалап жаткан кызматкер да жеңил жараат алды.

Аким Амин мырза кагылышууда алты жоочу өлтүрүлгөнүн да кошумчалады.

Өзүн талиптердин өкүлүмүн деп тааныштырган Юсуф Ахмади полициячылардын бөлүмүнө кол салууну жана жанкечтинин чабуулун талиптик иш-чара катары тастыктап, чабуулдан 13 чет өлкөлүк жоокер мерт кеткенин, жоочулар бир нече танктарды жана “жип” (jeep) унааларын ойрон кылганын айтты. Фарах вилайетинде чет өлкөлүк жоокерлер набыт болгон-болбогону тууралуу эч кабар айтылган жок.

Ооганстанда талипчи жоочулардын кол салуусу улам күч алууда, бирок адатта жоочулар Пакистан менен тогошкон чек арадан 200 же 300 чакырым узагыраак аралыкта чабуул жасашчу. Жавзжан жана Фарахтагы кол салуулар – талиптер өздөрүнө ыңгайлуу аймактан кыйла алыска сүңгүгөнүнөн кабар берет.

20-мартта Пакистан менен чектешкен аймакта Коалициялык күчтөрдүн курамындагы канадалык аскерлердин арасынан төртөө набыт болду. Мындан сырткары Кандагарга жакын жердеги кагылыштарда канадалык төрт жоокер набыт болуп, дагы тогузу жаракат алышкан.

Маалым болгондой, АКШ Ооганстанга кошумча 17 миң жоокер жиберүүгө камынууда. Ушул тапта Ооганстанда коалициялык күчтөрдүн болжол менен 75 миң жоокери жайгаштырылган, алардын жарымы - америкалыктар.

НАТОнун голландиялык жоокерлер тобунун өкүлү келээрки жылы Ооганстандагы коопсуздук кырдаалы кыйла турукташат деген жоромолун жума күнү (20-мартта) билдирди.

XS
SM
MD
LG