Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Африкадагы футбол боюнча чемпионат канга боелду


Кабинда анклавында футболчулар жашаган аймакты полиция кайтарууга алды. 10-январь, 2010-ж.
Кабинда анклавында футболчулар жашаган аймакты полиция кайтарууга алды. 10-январь, 2010-ж.

Жекшембиде Анголада Африка өлкөлөрүнүн футбол боюнча башкы чемпионаты ачылды. Ага бирок, 3 кишинин өмүрүн алган куралдуу кол салуудан улам Тогонун улуттук командасы катышпай калды.

Анголада жикчилдер күрөшү басыла элек

Эки жылда бир өтүүчү Африканын футбол боюнча чемпионаты асманга атылган чачырама от, шампандын коштоосунда Анголанын борбору Луандада жекшембиде кечинде башталды. Тилекке каршы, жума күнү Тогонун улуттук командасы туш болгон куралдуу чабуул континенталдык иш-чарага көлөкө түшүрүп, далай жылдарга созулган жарандык согуштан кийин Анголадагы абал биротоло тынчый элегин айгинеледи.

8-январь күнү чемпионатка катышууга келаткан Тогонун улуттук командасын салган автобус Конгодон Анголанын Кабинда чөлкөмүнө өткөн жерде куралчан адамдарга чыга калып туш тараптан аткылап, айдоочу, машыктыруучунун жардамчысы жана команданын басма сөз өкүлү – бардыгы 3 киши каза тапты. Дагы эки футболчу оор жараат алып, бардыгы жети киши жарадар.

Анголанын Кабинда анклавындагы жикчил козголоңчулар ондогон жылдардан бери көз карандысыздык үчүн күрөшүп келатып, ок атууну токтотуу тууралуу келишимге үч жыл мурда кол койгон. Чабуул үчүн жоопкерчиликти ошол Кабинданын жикчил майданы өзүнө алды.

Тоголуктар: футболчулар катышкысы келет, өкмөт каршы

Улуттук командасы кайгылуу жоготууга учураган Тогонун өкмөтү Анголанын бийликтеринен эмне үчүн Кабиндада кырдаал кооптуу экенин эскертип койбогонун түшүндүрүүнү талап кылды. Анголанын жетекчилери Тогонун командасы узак жолдо автобуска түшпөй, учакка түшүп барса болмок деп актанышты.


Адегенде кандуу окуяга карабастан, Тогонун командасы Анголада калып, чемпионатка катышат экен деген кабарлар тарады эле, жекшембиде Тогонун премьер-министри Жильбер Унбо футболчулар тез арада артка кайтып келишин талап кылды. “Эгерде кимдир-бирөөлөр Тогонун туусу алдында чемпионаттын ачылышына, же беттешүүгө чыкса, ачык айтып коеюн, алар биздин мамлекеттин расмий өкүлдөрү саналбайт”, - деп эскертти премьер.

Тогонун улуттук командасынын айрым футболчулары чет элдик маалымат каражаттарына интервью берип, мурунку күнкү чабуулдан каза тапкан кесиптештеринин урматына мелдешке чыгабыз деп айткан эле. Дагы бир оюнчусу биз Анголадан коркоктор кейпинде кетип калбайбыз деген.

Ага карабастан Тогонун премьер-министри Анголадагы мелдешке биздин өлкөнүн атынан эч ким катыша албайт деп жарыялаган соң, футбол боюнча улуттук команданын капитаны Эммануэль Адебайор өкмөттүн айтканына баш ийип, кайтып кетип жатабыз деп тактоо киргизди. “Манчестер Сити” командасында ойногон Адебайор өзүнүн интернет барагы аркылуу Британияга кайтып бараарын кабарлады.

Мунайга бай Кабинда анклавындагы жикчил согушкерлер “жума күнкү кол салуу – жаңы күрөштүн башталышы” деп жарыялаган соң, Анголанын бийликтери Африка мамлекеттеринин футбол боюнча беттешүүлөрүндө коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн билдирди.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG