Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

Өкмөт энергетикалык үч ири ишкананы сатыкка койду


“Түндүкэлектро”, Бишкек жылуулук борбору жана “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасы бир адамдын колуна 454 миллион долларга сатыла турган болууда.

Өкмөт Бишкек, Чүй жана Талас облусун тейлеген “Түндүкэлектро” бөлүштүргүч компаниясын 4 миллиард 817 миллион сомго, же 120 миллион долларга бааланганына макул болуп, өлкөдөгү ири бөлүштүргүч компанияны саттыкка чыгарды. Баалоочу компаниялар ошондой эле Бишкек жылуулук борборун 11 миллиард 760 миллион сом, же 290 миллион доллардын тегерегинде, “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасын 1 миллиард 758 миллион сом, же 44 миллион доллардын тегерегин баалады.

Булардын баарын бир колго сатууну өкмөт жактырып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитет аларды саттыкка койду. Конкурс 27-январга чейин созулат. Конкурстук комиссияны мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин статс-катчысы Сүйөркул Бакиров жетектейт.

Бул ири үч компаниянын бир колго жана ушунча суммага бааланышына каршы чыккан саясатчылар болууда. Маселен, “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев “Түндүкэлектронун” баасы түшүнүксүз деп, үч компаниянын бир колго сатылусуна каршылыгын билдирүүдө.

“Жаңы Кыргызстан” партиясынын лидери Исмаил Исаков энергокомпанияларга коюлган баа кайдан чыкканы белгисиз дейт:

- Коюлган баалар реалдуу эмес. Себеби дегенде аны ким текшергендиги, ошол комиссиянын ичинде кимдер бардыгын коомчулук билбейт. Бул биринчиден. Экинчиден, алардын баасы жок дегенде 3-4-5 эсе жогору.

Исмаил Исаков ошондой эле энергокомпанияларды сатууга дегеле каршы экенин белгиледи.

Ал эми Социал-демократиялык партиянын лидери Алмазбек Атамбаев азыркыдай кырдаалда энергетика тармагын сатуу туура эмес деген ойдо:

-Эми менимче, ушундай кырдаалда өкмөт мындай сатууларды токтото турса болмок. Бишкек жылуулук борборун оңдоого акча таппай жатабыз деген сөз жүйөө боло албайт. Анткени башка деле резервдер бар. Коммерциялык жоготуулар, башка жоготуулар деп элди алдап жатышат. Жоготуулар 40% жетип жатпайбы.Чындыгында ошол уурдамайды токтотсо инвестиция деле табылмак, - деген Алмазбек Атамбаев азыркы бийлик бул ишканаларды коррупциясыз сатуусу күмөн экенин кошумчалады.

Мамлекеттик мүлк комитетинин статс-катчысы Сүйөркул Бакиров баага айтылган сындарга карата мындай пикирин билдирди:

- Эми бул деген конкурстук негизде тандалып алынган компаниялардын берген баасы. Алар биздин рынокто көп мезгилден бери иштеп, баалап жүргөн компаниялар. Алардын сертификаттары бар.

Бакировдун айтымында, үч компанияга коюлган баа жогору деген пикирлер учурда көп чыгууда.

Эксперттердин ортосунда болсо үч ири компанияга коюлган баа боюнча орток пикир жок. Маселен, “АКИ-пресс” маалымат агенттигинин эксперти Нурлан Абдышев, “Түндүкэлектрону” кеминде 168 миллион доллар, Бишкек жылуулук борборун 353 миллион доллар, “Бишкекжылуулуктармактар” ишканасын 92 миллион доллар, жалпысынан үч ишкананы 619 миллион доллар деп баалоодо. Өкмөт болсо жогоруда аталгандай үч ишкананы 454 миллион долларга сатууга даяр болууда.

Кыргыз фондулук биржасынын директорлор кеңешинин төрагасы Нурбек Элебаев үч ишканага берилген баа дурус деген пикирде:

- Менин оюмча, баалар жаман эмес. Мынабу “Түндүкэлектро” 4 миллиард 800 миллион сом, “Бишкекжылуулуктармактар” 1миллиард 750 миллион сом, Анан ТЭЦ 11 миллиард сом делинип жатат. Менин оюмча, бул баалар дурус.

Бирок Элебаевдин пикиринде, бул ишканаларды сатып алуу жана иштетүү үчүн 1 миллиард доллар керек. Анчалык каражаты бар инвестордун келиши күмөндүү. Ошондуктан конкурстар улам кайталанып өткөрүлүп, компаниялардын баасы төмөндөтүлүп отурат. Аягында тийиштүү киши ишканаларды сатып алат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG