Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:58

А.Акаев энергетикалык кризистен кантип алып чыгуунун жолдорун сунуш кылды. Ал 2005-жылкы көңтөрүш болуп кетпесе 2007-жылы «Камбарата – 2» ГЭСин ишке киргизилип, Орусия көмөгү менен экинчи гидрокурулуш башталып каларын белгилеген.

Аскар Акаевдин энергетикалык кризистен чыгуу жөнүндөгү сунуштары азыркы бийлик алдыга коюп жаткан максат-милдеттерден кескин деле айырмаланбайт. Туңгуч президент макулдашкан орусиялык “РусАл” компаниясы “Камбарата” ГЭС курулуштарына арбын инвестиция сарптоону эп көрбөй, ат тизгинин Тажикстанга буруп кеткенине деле үч жылдын жүзү болду. “Каракече” көмүрүн Бишкекке ташып убара тартпай, ал жерге жылуулук электр станциясын куруу идеясы Феликс Куловдун өкмөтү тушунда арбын айтылып, министрлер кабинети алмашылгандан кийин ал деле унутта калды.

Адистердин айтуусунда көмүрдөн газ бөлүп алуу өтөле кымбатбаа жумуш. Ошол себептүү А.Акаев сунуш кылган көмүрдөн алынчу газ менен Бишкек жылуулук борборун камсыз кылыш кыйын. Туңгуч президент энергетикалык кризис азыркы бийликтин иш билбестигинен чыкканын ырастап, а кезде азыркыдай тезек чогултуу чакырыгы байма-бай айтылбай, он сааттап жарыксыз отуруу ойго келбегенине да токтолуп: “Мурда биз мындайларга жол берчү эмеспиз”, деп жазган.

А. Акаевдин антип ырасташынын да кадыресе жүйөөсү бар. Суунун аз же көптүгүнө карабай, мурунку бийлик тушунда минтип кыш чилдеде жарык “жалп” өчүрүлгөн эмес. Аны мурдагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов да белгилеп, дем-дымактуу жаңы бийликтин эскисинен айырмасын энергетика айгинелеп койгонуна токтолду.

- Анын ордуна “тезек тергиле” деп отурат. Жакында “ушу кара чырак менен эле жыргап сабак окучу элек, ушуну эмне үчүн жактырбай атасыңар” дейт. Менин айтайын дегеним мына ушул өзүмбилемдик, кыргызча айтканда мурдун балта кеспегендик, өзүнүн курсагы ток болсо башкалар деле мендей жашап жатат, деген кыскалык менен мына жүрүп отуруп Кыргызстанды орто кылымдагы баягы кара чырактын деңгээлине алып келип таштап койду.

А.Акаев тушундагы оппозициянын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, 2005-жылдан кийин вице-прмьер, парламент спикери, учурда коопсуздук кеңеш катчысынын кызматын аткарып жаткан Адахан Мадумаров жаңы бийликтин иш-аракети элдин турмушун жакшыртууга, өлкөнүн экономикалык бакубаттуулугуна жетишүүгө багытталганын такай айтып келатат.

- Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Салиевичтин позициясы дагы сиздерге так жана ачык. Биздин ар бир жасаган аракетибиз, өкмөт тарабынан болобу, Жогорку Кеңеш тарабынан болобу кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын көздүн карегиндей коргоо болуп эсептелет.


Аскар Акаев ушу тапта Кыргызстан туш келген саясий жана экономикалык кризистен улуттун биримдиги, майтарылбас руху, элдин бийликке ишеними гана алып чыгат, деп эсептейт. Саясий талдоочулардын ырасташынча, элдин бийликке карата ишеними жокко эсе дээрлик. Анын себеп-жөнүн парламент депутаты, социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Бакыт Бешимов жалпы саясий-экономикалык жагдайга жараша түшүндүрөт.

- 18 жылдан бери биз жалпы түзгөн бийликке эл нааразы эле болду. Кыргызстанды бекем, эгемендүү, экономикасы келечектүү кылып жасай албадык.

А.Акаев энергетикалык кризистен Кыргызстанды алып чыга турган жолдордун бири катары Бишкек менен Оштогу жылуулук борборлорун толук кубаттуулукта иштетүүнү көрсөткөн. Азыркы өкмөттүн баш оорусу болсо башкалаадагы жылуулук борборуна кошуп, “Бишкек жылуулук тармактары”, “Түндүкэлектр” ишканасын мамлекет ээлигинен чыгарып, жеке колго кантип сатуу болууда. Энергетикалык үч объекттин баасы былтыр эле бычылып, ушу тапта келчү кардарларды күтүп отурган кези.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG