Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:35

ОПЕК мунай өндүрүүнү азайтат


Игор Сечин жана Абдалла ал-Бадри

Игор Сечин жана Абдалла ал-Бадри

Бүгүн Алжирдин Оран шаарында мунай экспорттоочу өлкөлөр уюмунун – ОПЕКтин жыйыны ачылат. Министрлер анда кара май өндүрүүнү кескин кыскартуу маселесин чечишет. Бул чечимди Россия да колдогону жатат.

Жыйында мунай өндүрүүнүн көлөмүн суткасына эки миллион баррелге кыскартуу тууралуу Сауд Аравиясынын сунушу каралат. Сауддардын министри Али ан-Нуэйми ушундай шартта гана “кара майдын адилет баасын” камсыз кылганга болорун билдирди. “Адилет баа” деп ал бир баррел мунайдын 70-75 доллар наркында сатылышын атады.

Бул сунушка картелге кирген өлкөлөрдүн көбү макул болушту. Бирок алар буга башка өлкөлөр,биринчи кезекте Россия да кошулушу керек дешет. ОПЕКтин төрагасы, Алжирдин энергетика министри Шакиб Хелил орустар бул сунушту колдошконун билдирди. “Эми кеп жер-жерлерде жасала турган конкреттүү кадамдарда гана калды”,-деп айтты ал.

Хелил мындан тышкары картелдин мүчөлөрү орустар ОПЕКке кирет деп үмүт кылып жүрүшкөнүн да ырастады. “Россия уюмга өзгөчө салмак кошмок, өндүрүштү көзөмөлдөө жагынан ОПЕКтин кадырын көтөрмөк. Азыр уюмдун үлүшүнө дүйнөлүк мунай экспортунун 40 проценти туура келсе,Россия картелге киргенде бул көрсөткүч 50 процентке жетмек”.

ОПЕКтин баш катчысы Абдалла ал-Бадри картелге кирбеген өлкөлөрдү кара май казып алуунун көлөмүн суткасына 500-600 миң баррелге кыскартууга чакырган эле.Буга кошо ОПЕК өзүнүн кара май кампаларындагы запастарды да бир кыйла азайтканы жатат. Картелдин баш катчысы дүйнөлүк финансы кризисинен улам келерки жылдын алты айында мунай рыногунда керектөө дагы төмөндөйт деп болжолдойт.

Россиянын вице-премьери Игор Сечин ОПЕКтин жыйынына жөнөр алдында кара май казуунун көлөмүн азайтуу мүмкүнчүлүгүн өкмөт караштырып жатканын бышыктады. Эгер мунайдын баасы мындан ары да ылдыйлай берсе,орус компаниялары кара май өндүрүүнү күнүнө 300-320 миң баррелге кыскартышы ыктымал. Сечин ырастагандай, ноябрда Россия эксорттун көлөмүн суткасына 350 миң баррелге азайтты.

Өткөн аптада президент Дмитрий Медведев Россия өзү үчүн пайдалуу деп тапса, келечекте картелге кошулуп калышы да ажеп эмес деп айткан эле. Сечин азырынча Россия уюмга кызматташуунун башка жолдорун сунуш кылганын билдирди. Ал эми ОПЕКке мүчө болуу иши акырындап чечиле турган маселе.
XS
SM
MD
LG