Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

ЕБ Орусияга позициясын жумшартты


Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск (солдо) Европарламент президенти Мартин Шульц.
Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск (солдо) Европарламент президенти Мартин Шульц.

Евробиримдиктин жетекчилери Сирияда президент Асаддын режимин колдогон Орусиянын зомбулуктарына жооп берүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү карай турганын билдиришти. Ошол эле маалда Москвага каршы санкцияларды киргизүү жагы каралган жок.

21-октябрда Брюсселде чогулган европалык лидерлер орустардын Алеппо шаарына жасаган авиасоккуларын кескин айыптаганы менен, Кремлге катуу эскертүү берүү тууралуу бир пикирге келе алган жок.

Жолугушууну утурлай даярдалган билдирүүнүн текстинде “Сириялык режимди колдогон уюмдар менен жеке адамдарга каршы бардык чараларды көрүү” каралган. Билдирүүнүн долбоорун Франция, Германия, Британия колдогону менен биримдикке төрагалык кылган Италия “Сирия режимин колдогон жеке адамдар менен уюмдарга каршы чара көрүү” деген сөздөрдү алып салууну сунуштады.

Лидерлер Жер Ортолук деңизиндеги орустардын согуш кемелери Сириядагы жаңжалды күчөтөт деген НАТОнун эскертүүсүн талкуулашты. “Орусиянын стратегиясы Евробиримдикти алсыратуу” деген кеңештин төрагасы Дональд Туск түн ортосуна чейин уланган талкуулар Орусиянын Евробиримдиктин аба мейкиндигин бузуп жатканы, Москванын жалган маалымат таратуусу, киберчабуулдар, биримдиктин ичиндеги жана сыртындагы саясий иштерге кийлигишүүсүн талдаганын айтты.

- Биз реалдуулукка тике карап, биримдиктин лидерлери Орусияга карата бирдей көз карашты кармануусу маанилүү экенин макулдаштык,- деп билдирди Туск.

XS
SM
MD
LG