Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

НАТО жана Ооган аскерлери Кандагарды камоого алууда


Кандагар провинциясында бомбага кабылып, жарадар болгон Ооган жоокери тикучарда жатат. 20-сентябрь 2010
Кандагар провинциясында бомбага кабылып, жарадар болгон Ооган жоокери тикучарда жатат. 20-сентябрь 2010

НАТО башындагы эл аралык күчтөр Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар шаарын ар тараптан кысмакка алууда.

Ооган армиясы менен чогуу өткөрүлүп жаткан операциянын максаты талип козголоңуларына жабыт жайында сокку уруп, алардын аймакта эркин жойлоп жүрүшүнө мүмкүндүк бербөө. Чабуулга Ооган армиясынын менен НАТОнун 8 миң аскери катышууда.
Максат-талиптерди аталган аймактардагы өңүттөрүнөн кууп чыгуу.
Генерал Блоц

Ооган жана НАТО аскерлери Аргандаб, Зари жана Панжвай райондору аркылуу Кандагарга жакындап, шаарды чар тарабынан камоого алууда. Ооган бийликтери жакынкы күндөрү катуу салгылашуу болот дешет.

Ооган жана АКШ жоокерлери Аргандаб районунун Желавар кыштагын күзөтүүдө. 3-сентябрь 2010
НАТОнун өкүлү, немес генералы Жозеф Блоц да чукулку күндөрү оор салгылашуулар болорун жекшемби күнү Кабылда журналисттер менен болгон кездешүүдө айткан:

-Бул абдан маанилүү операция Кандагар шаарына танапташ Панжвай, Зари жана Аргандаб райондорун талиптерден тазалоого багытталган. Маанилүү операция негизинен авиациянын колдоосу менен жүргүзүлөт. Максат-талиптерди аталган аймактардагы өңүттөрүнөн кууп чыгуу.

Бул генерал Дэвид Петреус июлда Ооганстандагы НАТОнун жана АКШнын аскерлерине командачы болуп бекитилгенден берки эң чоң операция.

Президент Обаманын планына жараша келерки жайда америкалык аскерлер Ооганстандан чыгарыла баштайт. Ага дейре талиптерди таянычынан ажыратуу өтө маанилүү.

Кандагар багытындагы операция июнда өткөрүлмөк. Бирок Маржа шаарчасы үчүн болгон согуш карапайым калктын коопсуздугун камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлмөйүн, эл ичинде чыгым көп болорун көрсөткөн. Ошон үчүн, азыр аскерлер жергиликтүү эл менен түз байланшка чыкпай, урушту кыштактардын чет жакаларында жүргүзүүгө аракеттенүүдө.

Зари районунун акими Абдул Карим Улусмал жекшемби күнү “Азаттыкка” берген интервьюда уруш райондун көпчүлүк бөлүгүндө жүрүп жатканын билдирген:

-Операция эки күндөн бери уланууда. Операция Зари районунун Занзарай кыштагында башталган. Аскерлер душмандын райондогу өңүттөрүн басып алганга аракет кылышууда.

Зари талиптердин ана башы Молдо Омордун ата жайы. Кандагарды батыштиагы Гелманд провинциясы менен туташтырган №1-кан жол да Зари шаарчасы аркылуу өтөт.

Маалыматтарга караганда, уруш көбүн эсе “тийди качты” жүрүүдө. “NYT” гезитинин кабарчысынын жазышынча, НАТО аскерлери талиптердин турган жайын билүү үчүн көрүнө коюп, жылт койуу ыкмасын колдонууда. Жеңил куралчан согушчандар ок чыгарар замат ал жайга абадан сокку урулууда. Коалициялык күчтөрдүн тикучарлары талиптерге Пакистандын чек ара аймактарында да абадан сокку урууда. Ишемби күнү ушундай чабуулда 50дөн ашуун согушчан жок кылынганы маалымдалды.

Адаватчылар болсо барымта тактикасын колдонуп, жекшемби күнү “Development Alternatives” консалтинг компаниясынын бир британиялык жана үч ооган кызматкерини уурдап кетишти. Эларалык компания АКШнын эл аралык өнүгүү агенттиги-ЮСАИДдин долбоору боюнча иштейт.

XS
SM
MD
LG