Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

AI: Дүйнөдө өлүм жазасына тартылгандар саны өсүп жатат


Эл аралык мунапыс уюму – Amnesty International - бүгүн өлүм жазасына арналган кезектеги докладын жарыялайт. Докладда дүйнө өлкөлөрүндө эң жогорку жазага тартылгандар былтыр мурдагы жылга салыштырганда бир топ өскөнү айтылат.

Мунапыс уюмунун эсептеринде өткөн жылы дүйнөнүн 52 өлкөсүндө эң жогорку жазага өкүм кылынгандар бери эле дегенде 8864 адамга жеткен. 2007-жылы алардын саны 51 өлкөдө 3347 кишиге барабар болгон.

Былтыр 25 өлкөдө 2390 адамга чыгарылган өкүм аткарылган. Андан мурдакы жылы 1252 адам өлүм жазасына тартылган. Эң жогорку жаза дүйнөнүн 138 өлкөсүндө мыйзамдардан алынган же алардын аткарылышына мароторий салынган.

Дүйнөдө күн сайын жети адам өлүм жазасына тартылып турат. Беш өлкөдө - Кытайда, Иранда, Сауд Аравиясында,Пакистанда жана АКШда өлүм жазасынын дээрлик баары – 93 проценти жүзөгө ашырылат.

Иранда быйыл январда эле маң заттарын сатканы үчүн алты адам Хорасанда дарга асылды. Баары болуп жыл башынан бери өлкөдө 35 киши өлүм жазасына тартылды. Бул көрсөткүчтөр жагынан Иран дүйнөдө Кытайдан кийин экинчи орунда турат. Былтыр жайда Тегерандын Эвин түрмөсүндө бир түндө эле 29 киши дарга асылган эле.

Мунапыс уюму негизги докладына катарлаш Белоруссиядагы абалга арналган атайын документин да жарыялаганы жатат. Европалык жана экс-советтик өлкөлөрдүн ичинен жалгыз ушу Белоруссияда гана өлүм жазасы алына элек. Бул өлкөдө эң акыркы жазага өкүм кылынгандардын саны тууралуу ырасмий маалыматтар ачыкка чыгарылбайт. Мунапыс уюмунун болжолдуу санактарында 1991-жылдан бери бу жерде 400дөй адам өлүм жазасына тартылган.

2007-жылы декабрда Улуттар Уюмунун башкы ассамблеясы дүйнө өлкөлөрүн өлүм жазасын ишке ашырууну токтотууга чакырып, резолюция кабыл алган. Мексиканын элчиси Клауде Хеллер резолюциянын максаты ким бирөөлөргө кандайдыр бир чечимдерди таңуулоодо эмес, өлүм жазасын алып салуу боюнча күч алып бараткан тенденцияны дүйнөгө жайылтууда турганын белгилеп көрсөткөн эле.

Ошол эле жыйында Барбодостун элчиси Мухаммед Дегиа эл аралык мыйзамдар деле өлүм жазасына жол берерин, анткени бул жаза өтө оор кылмыштарга каршы туруунун акыркы аргасы болорун айтып, каршы чыккан.

XS
SM
MD
LG