Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:27

Суу-энергетика маселелери боюнча “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна ЖК депутаты, Коммунисттер фракциясынын мүчөсү Анаш Сейитказиев жооп берди.

-Камбар-Ата-1 ГЭСинин Орусия тарабынан каражат берилип курулары тууралуу эки өкмөт ортосундагы келишим түзүлгөндөн бери түрдүү пикирлер айтылууда. Сиздин оюңуз кандай, бул ГЭС курулса Кыргызстанга эмне берет?

Совет доорунда эле Камбар-Ата-1-2 долбоору болуп иш башталган болчу. Биз мурда Орусиядан алыстап, башка жактан өзүбүзгө шерик издеген болсок, быйыл Курманбек Бакиев Орусияга барып ким менен шериктеш болуш керек, ким менен тыгыз иштешиш керектигин далилдеп келди. Курманбек Бакиевдин кечээки айткан сөзүнө мен кичине ыраазы болдум. Өткөн жылы электр кубатын мыйзам түрүндө товар катары кабыл алсак, кечээ президент сууну да товар катары карасак ошондо бизде өзүнчө бир рычаг болот, тегеректеги мамлекеттер менен тең сүйлөшкөнгө деп айтты. ГЭСтердин, суу сактагычтардын бүгүнкү күндөгү кубаттуулугу тууралу айтсак, Камбар-Ата-1де суунун деңгээли 4 млрд. болсо, Токтогул суу сактагычында 19 млрд. га жетсе ошондо Өзбекстан, Тажикстан, Казакстандын талааларын сугарганга да кошумча суу болот деп айтсак болот.

-Кечээ президент Курманбек Бакиев быйыл Өзбекстандан алып жаткан газ кымбатыраак алынып жатат, биз жок дегенде 190-200 доллардан алууга жетишмекпиз, деп айтып, жаз келсе электр кубатынын баасын да Өзбекстанга жогорураак баа менен берилерин билдирди. Кандай дейсиз, экономикалык жактан Кыргызстандын күчү жетеби ушундай жолго барууга?

- Негизи товар катары эсептелгенден кийин биз дагы бааны коюшубуз керек. Туура, сатып алып жаткан тарап канча арзан болсо ошончо жакшы деп айтат да. Бүгүнкү күндө Орусия деле Түркмөнстан, Өзбекстандан алган газдын баасы 350 долларга чейин барып атпайбы. Биздин каалообуз бир, бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дегендей дүйнөлүк баага барганда эч качан Өзбекстан бизге 190 доллардан газын бербейт. Демек дүйнөлүк баанын негизинде газдын дагы кымбатташын күтсөк болот. Ошон үчүн биз сууну товар деп кабыл алсак, негизи бааны коюп, чет мамлекеттер менен ошол даражада сүйлөшүүгө саясий чечкиндүүлүк керек жетекчилерибизден.

-Маегиңизге рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG