Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:20

Анжияндагы кандуу булоондо президент Каримов эмне деп актанган?


Анжиян. Жергиликтүү эл калабада өлтүрүлгөн адамдардын жасатынан жанынан өтүп баратышат. 14-май 2005

Анжиян. Жергиликтүү эл калабада өлтүрүлгөн адамдардын жасатынан жанынан өтүп баратышат. 14-май 2005

Беш жыл мурда президент Ислам Каримовдун бийлиги Анжиян шаарында бир нече күн созулуп жаткан тынч демонстрацияга ок ачып, айоосуз канга бойогон.

"Акрамияны" бийлик ойлоп таптыбы?

Жумушсуздук , жакырчылык, динзарларды куугунтуктоо жана бийликтин элди айоосуз кысмакка алуусу “кызыл кыргын” деген ат менен тарыхта калган 2005-жылкы Анжиян окуяларына алып барган көп себептердин бири. Көпчүлүк талдоочулар жакырчылык менен адилетсиздиктен кашайган элдин демонстрацияга чыгуусуна жергиликтүү 23 ишкерди “акрамиячы” деп камакка алуу кошумча түрткү болгонун айтышат. Жамаатты иш менен камсыздагандан башка да товарларды арзан сатып же элдин муктаждыгана акча чогултуп эл

Анжиянга кире бериште жоокерлер автомобилдеги адамдардын документтерин текшерүүдө. 17-май 2005.

оозуна алынган “Акрамия” уюмун өкмөт “исламчыл” деп тыйуу салган. А ишкерлерди болсо экстремист жана жикчил деп айыптаган.

Маалыматтарга караганда, "Акрамияны" 1992-жылы 29-жаштагы математика мугалими Акрам Юлдашев түптөгөн. Уюмга тыйуу салынгандан кийин Юлдашев 17 жылга кесилген.

Бийликтер Анжияндагы тополоңго "Акрамиянын" катыштыгы бар деп жарыялаган. Бирок адам укугун коргоочулар, сүргүндөгү өзбек оппозиционерлери, көз карандысыз маалымат булактары акрамиячылардын чатакка тиешеси жок экенин айтып жүрүшөт. Россиянын маалымат каражаттары "Акрамия" деген уюмдун дегеле болбогонун, Өзбек бийликтери диний экстремисттерди талкалоо үчүн аны атайын ойлоп табышкан деп санайт.

Ырасмий бийликтер калабанын чыгуусуна жана тынч демонстрациянын кандуу тополоңго айланып, аны күч менен басууга 12-майдын түнүндө куралчан топтун абактагы бизнесмендерди бошотуу аракети себеп болду деп түшүндүргөн:

“ 2005-жылы 13-майдын түнүндө 0 саат 30 мүнөт менен 1 дин ортосунда куралчан кылмышкерлер Анжияндагы патрулдук күзөт кызматынын казармасына жана аскерий бөлүккө кол салып, курал жарактарды алып, түрмөдөн арестанттар тобун койо беришти. Облустук коопсуздук кызматынын, акимияттын имараттарын басып алмак болгондо, күч органдары тарабынан артка кайтарылды. Кагылышууда 9 киши өлдү, 34 киши жараат алды”, - деп билдирген Өзбекстандын өкмөттүн телеканалы 13-майда.

Күбөлөрдүн сөзүнчө, 13-майда бронетранспортерден аянтка чогулган элге ок аябай атылган.

Анжиян тополоңунун катышуучулары террорчу деп соттолууда. Ташкен. 20-сентябрь 2005


Президент Каримов жебени коңшуларга бурган

Бийлик Анжияндагы тополоңдун чыныгы себептерин жана анын курмандыктарын жаап-жашыруу үчүн маалымат каражаттарын бууп, шаардын башка аймактар менен болгон байланышын да бекем жапкан.

Ислам Каримов 14-майда Өзбек журтуна кайрылып: “Анжияндагы калабага коңшу өлкөлөрдөн келген адамдар да катышты, четтен жардам болбосо, козголоңчулар өкмөттүк кеңселерге кол сала албайт эле”, - деп актанган.

Өкмөттүн аскерий жапырыгынан улам жүздөгөн адамдар Кыргызстанга качып өткөн. Алардын 400дөйү Кыргызстандан Европа, Түндүк Америка жана Австралияга баш паанек сурап кетишкен. Алардын айрымдары кийинчерээк мекенине кайра келишкен. Ал эми быйыл январда Австралиядан кайтып келген Дилорам Абдыкадырова Анжиян тополоңун уюштуруучулардын бири деп, 10 жыл 2 айга эркинен ажыратылды. Калабадан соң төрт баласы менен журтун таштап кеткен бул аял,

Кыргыз чек арачысы Бараш кыштагынын четиндеги өзбек качкындарырын лагерин күзөтүүдө. 19-май 2005

“Азаттыктын” өзбек кызматынын маалымдашынча, тополоңго дейре эч жерде иштебей, балдарын карап үйдө отурчу.

"Акрамиячы" 23 ишкердин үчөө ушу тапта Нидерландияда, бирөө Финляндияда, бирөө Швецияда, бирөө АКШда жашайт. Бир ишкер дайынсыз жоголгон. Абакка салынган 16 ишкердин бири Мухаммадшакир Артыков белгисиз жагдайда көз жумган.

Тополоңдон соң ырасмий Ташкен Кыргызстанга өтө качкан "акрамиячы" ишкерлерди токтоосуз кайтарып берүүнү талап кылып, бирок алар кайтарылган эмес.

Ырасмий Ташкент Анжиян калабасында 187 киши, анын ичинде 94 террорчу, 50 милиционер, 11 жоокердин каны төгүлгөнүн билдирген. Ал эми укук коргоочу уюмдар жана жарандар кеминде 1 миң киши өлгөнүн айтышат.

Шанхай кызматташуу уюму Өзбек өкмөтүнүн тополоңду террорчулар менен экстремисттик топтор уюштурду деген бүтүмүн колдогон.

2006-жылы окуяны иликтегени келген Евробиримдиктин делегациясы кызыл кыргын жөнүндө кошумча маалымат топтой албай, кайра кеткен.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG