Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:44

Элин Йонссон – швециялык журналист – 2005-жылдагы Анжиян окуялары тууралуу “Массалык кыргынды жашыруунун искусствосу” деген китептин автору. Бүгүн, ошол окуялардын төрт жылдыгында, Йонссон “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

Төрөкул Дооров: - Сиз Анжиян окуясы качандыр бир убакта өзүнүн чыныгы көзкарандысыз баасын алат деп ишенесизби?

Элин Йонссон: - Андай болот деп үмүт кылабыз. Бирок мен качандыр бир убакта чындык айтылаарына көп деле ишене бербейм. Анткени өтө эле кеч болуп калды. Албетте, мындан ары да Анжияндагы окуялар боюнча жаңы фактылар ачыла берет, көбүрөөк билип калабыз. Бирок биз баары бир толук чындыкты билбейбиз. Мен чындыкты ачканга аракет кылдым, ошентсе да мен да баарын толук билем деп айта албайм. Айрым нерселер, мисалы, канча адам өлгөнү тууралуу маалыматты эч качан уга албайбыз деп ойлойм. Мен канча адам өлгөнүн так айта албайм, анткени аянтка чыгып алып, өлүктөрдү эсептеп чыккан эмесмин да.

Анжиян окуялары – бул символикалык окуя. Ал боюнча маселени биз, журналисттер, дайыма көтөрүп турушубуз керек. Анткени дүйнөнүн Өзбекстанга эле эмес, жалпы Борбор Азия регионуна карата мамилеси да, аймактын өнүгүшү да ушуга жараша болот.

Төрөкул Дооров: - Ошол Анжиян окуяларынан кийин Өзбекстандагы адам укуктарын сынга алганы үчүн расмий Ташкен америкалык аскерий базаны жапты. Эми азыр Кыргызстан жетекчилиги да “Манас” аба майданын жаба турганы тууралуу билдиргенден кийин, АКШ кайра эле бул жаатта Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканын билдирди. Ушул жагдайдан улам айрымдар муну АКШнын “кош стандарттуу” саясаты деп да аташууда. Сиз кандай деп ойлойсуз?

Элин Йонссон: - Бул – кош стандарттуулук. Чынында дүйнө үчүн бул кадыресе эле көрүнүш. Эларалык коомчулук үчүн Ооганстандагы кырдаал, мунай, адам укуктарына караганда, маанилүүрөөк болуп келген.

Төрөкул Дооров: - Элин, эгерде сиз өзбек президенти Ислам Каримов менен жолугушуп калсаңыз, ушундай мүмкүнчүлүк түзүлүп калса, андан эмнени сурамаксыз?

Элин Йонссон: - Эгерде Ислам Каримов менен көрүшүп калсам, мен андан: “Сиз ошол окуяларда демонстранттар жөнөкөй калк эмес, террористтер болгон деп эсептесеңиз, анда эмне үчүн окуя боюнча бүт маалыматты жаап-жашырганга аракет кылдыңыз?”, - деп сурамакмын. Ал бүт маалымат булактарын, орус теле-радиоканалдарын жапты, интернет сайттарды жапты, журналисттерди аймакка киргизбей койду. Эгерде ал өзүнүн туура иш кылганына ишенсе, анда эмне үчүн жашырганга аракет кылды? Эгер ал өзүнө ишенгенде, дүйнө бул боюнча өзүнүн көзкарандысыз баасын бериши үчүн шарт түзмөк.

Мында эң эле өкүнүчтүүсү – Каримов келтирген аргументтерге Батыш дүйнөсү ишенип калгандыгында болду. “Демонстранттарда курал болгон” деген болчу Каримов. Чынында эле мен жергиликтүү калк менен интервьюларды даярдаганда, демонстранттарда жүздөй киши курал менен болгонун ырасташкан. Бирок бул факт өкмөт өзүнүн элине каршы ок чыгарышына жол бербейт. Батыш дүйнөсү дал ушул фактыдан кийин өзүн жоготуп койду окшойт. Өзбекстандагы ички кырдаалды туура түшүнбөгөндүктөн, Батыш: “Балким, чын эле бул жакта радикал исламчылар чыккан окшойт”, - деп калды. Мисалы, Швецияда да окумуштуулардын тобу Каримовдун айтканын туура деп чыгышкан. Жалгыз гана мен мунун туура эмес экенин айттым. Менимче, дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттеринде бул чынында эмне окуя болгонун талкуулашкан болсо керек.

Төрөкул Дооров: - Сиз бул жолу Өзбекстанга да барасызбы?

Элин Йонссон: - Жок. Мен бул ирээт башка максат менен Кыргызстанга келгем. “Сида” корунун журналы Кыргызстандагы саясий-экономикалык кырдаал тууралуу көлөмдүү макала жазыш үчүн мени Бишкекке жиберген. Азыр ошонун үстүндө иштеп жатам. Кыргызстанда 2005-жылдагы кырдаал менен азыркы абалды салыштыра келсек, менимче, азыр адамдар өлкөнүн саясатында кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү жасай алышаарына ишенбей калышкандай. Айрым кыргызстандыктар өз мекенинде жумушка орношооруна да толук ишене алышпайт. Жалпысынан алганда, келечекке болгон ишеним жоголгонун байкадым. Мунун баары өкүнтөт. Бирок, ошентсе да, кыргыз эли - ар кандай оор кырдаалдарда да бактылуу жашай алганды билген эл. Менимче, кыргыздар оор кырдаалдардан, шведдерге караганда, оңоюраак чыга алышат.

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG