Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:19

13-мартта Human Rights Watch уюму Кыргыз президентине ачык кат жолдоду. Анда уюм өлкөдө “Коммерциялык эмес уюмдар” тууралуу жаңы мыйзам долбоорун сынга алган. Бул жаатта “Азаттыктын” суроолоруна аталган уюмдун Кыргызстандагы өкүлү Андреа Берг жооп берди.

“Азаттык”: - Эларалык “Human Rights Watch” укук коргоо уюму жакында эле кыргыз президентине кайрылуу жолдоду. Буга чейин деле адам укугун коргоо жаатында сунуштарды айтып келесиз. Кыргыз бийлиги сиздердин кайрылууга кулак салат деп ойлойсузбу?

Андреа Берг: Айтыш кыйын... Анткени кыргыз өкмөтүнө жалгыз эле биз кат жолдоп, кайсы бир маселелер боюнча тынчсыздануу билдирбейбиз да. Биздей эле башка укук коргоо уюмдары да кайрылууларды жолдоп келишет. Жыйынтыгында өкмөт кайсы бир өзгөрүүлөрдү жасаса да ал биздин кайрылуудан улам, деп “Хьюман Райтс Уотчко” ыйгарып ала албайбыз да. Баарыбыз бирдикте, кызматташтык менен иш алып барган үчүн жылыш болот деп эсептейбиз. Укук коргоо уюмдары, журналисттер, эл аралык уюмдар чогуу–чаран иш алып барганда гана биздин сунуштар салмакка, күчтүү мүнөзгө ээ болот.

“Азаттык”: - Ыңкылаптан кийинки жалпы өзгөрүүлөргө мамилеңиз кандай?

Андреа Берг: - Биздин уюм көп жылдардан бери Кыргызстанда адам укуктарынын абалына байкоо салып келет. Биз А.Акаевдин тушунда да “адам укуктары бузулуп жатат” деп сын-пикирлерди айтып келгенбиз. К.Бакиев мындан төрт жыл мурун президентикке келгенде, “Хъюман Райтс Уотч” жана башка уюмдарда чоң үмүт бар эле. Анткени ал ошондо адам укугу анын саясатынын артыкчылыктуу багыты болоорун айткан болчу. Тилекке каршы, азыр биз, айрыкча, соңку эки жылда адам укуктары жаатында абал өтө начарлап кеткенин көрүп жатабыз. Тилекке каршы, Кыргызстан Борбор Азиядагы “демократиянын аралчасы” болбой калганына көп болду.

“Азаттык”: - Өлкөдөгү бейөкмөт уюмдарынын акыбалы жана алар тууралуу мыйзам долбоору тууралуу оюңуз кандай?

Андреа Берг: - Кыргызстанда Борбор Азия боюнча эң жандуу, активдүү бейөкмөт коомчулугу бар. Бейөкмөт уюмдарынын ишмердигин чектөө Кыргызстан үчүн күтүлгүс жыйынтыктарга алып келиши мүмкүн. Албетте, “Хьюман Райтс Уотч” бул мыйзам долбоору боюнча тынчсыздануусун билдирет. Биз 13-мартта, жума күнү, президент Курманбек Бакиевке ачык кат жолдодук. Анда биз, анын Катчылыгы белгилегендей, бул мыйзам долбоору дагы иштелип чыгууга муктаж дегенин колдой турганыбызды билдирдик. Кыргызстан көз карандысыздыкты алгандан тарта бейөкмөт уюмдары ар кыл тармактарда иш алып келген. Мисалы, алар биринчи жолу шайлоолорго катышып жаткан жаштар үчүн долбоорлорду ишке ашырып келишти. Жаңы мыйзам долбоордо бейөкмөт уюмдарынын саясатта ишмердиги чектелгени жатат. Чындыгында, бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү шайлоолорго чейин, шайлоо күнү байкоочу катары мониторинг жүргүзүп келген. Эгер бул чектөө менен бейөкмөт уюмдары шайлоолорго көзөмөл сала албай калса, бул Кыргызстан кол койгон Адам укуктары боюнча эл аралык Конвенцияны бузгандык болот. Бул жаңы мыйзам долбоорунун эл аралык стандарттарга төп келбеген жерлери да бар. Биз президентке бул мыйзам долбоорун ЕККУнун Демократиялык институттар жана Адам укуктары боюнча Бюросуна жана Европабиримдиктин Венецияндык комиссиясына жолдоону өтүндүк. Ал жерден атайы адистер бул мыйзам долбоору эл аралык жоболорго туура келгидей кылып өз сунуштарын беришет.

“Азаттык”: - Акыйкатчы институту менен кызматташтыгыңар кандай? Чогуу-чаран долбоорлоруңар барбы?

Андреа Берг: - “Хьюман Райтс Уотч” Кыргызстанда кандайдыр бир долбоорлорду ишке ашырбайт. Биз адам укутарынын сакталышына гана көзөмөл кылабыз, мониторинг жүргүзөбүз. Бирок биз Акыйкатчы институту менен тыгыз кызматташтыктабыз. Биз такай жолугуп турабыз. Мисалы, биз үй-бүлөөдөгү зомбулук жана ала качуу маселелери боюнча көп жылдардан бери кызматташып келебиз. Бул жаштарга байланыштуу өтө маанилүү темалардан деп ойлойм. Май-июнь айлары - 10-11-класста окуп жаткан мектеп кыздары үчүн абдан эле кооптуу мезгил. Аларды так көчөдөн эле ала качып жөнөшөт экен. Азыр үй-бүлөөдөгү зомбулук тууралуу мыйзамдык ченемдер болгону менен тартип коргоо кызматкерлери тарбанына ала качуу фактысы менен каттталган окуялар көбөйүүдө.

“Азаттык”: - Кыргызстандагы атуулдук коомдун деңгээли жана түшүнүктөрү тууралуу токтоло кетсеңиз?

Андреа Берг: - Мен башта белгилегендей, Кыргызстанда бейөкмөт уюмдары гумантардык багытта болобу, социалдык маселедеби, же адам укуктары жаатындабы, - өтө активдүү иш алып барышат. “Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” жаңы мыйзам долбоору өтө кооптуу болуп атат. Бейөкмөт уюмдарысыз Кыргызстан жашай албайт. Бейөкмөт уюмдары - ар бир жаран үчүн маанилүү. Анткени бейөкмөт уюмдары гана өкмөттү ачык сындай алышат. Сын-пикирсиз кайсы гана өкмөт болбосун, Германияда болобу, АКШ-дабы, же Кыргызстандабы - ишин жакшырта албайт. Коомдук көзөмөл бейөкмөт уюмдары аркылуу гана ишке ашат.

“Азаттык”: - Кыргыз жаштарынын атуулдук активдүүлүгү тууралуу оюңуз?

Андреа Берг: - Мени бул жерде жарандык коомго жаштардын көп аралашканы кубандырат. Бардык эле жерде мындай боло бербейт. Мисалы, мен эки жыл Өзбекстанда да иштеп келгем. Ал жерде деле жаш укук коргоочулар бар, бирок ал жерде абал, Кыргызстандагыга караганда, алда канча начар болуп атпайбы. Андыктан өзбек жаштары, чындыгында, коркушат.
Мен жаштардын активдүүлүгүн колдойм. Анткени бул алардын келечеги үчүн жасалып жаткан иштер да. Белгилеп койгум келет, Кыргызстанда көп жылдардан бери адам укуктары жаатында иштеп келген тажрыйбалуу адамдар бар. Ал эми жаштарда алардан башкача өздөрүнүн идеялары, ыкмалары бар. Мисалы, флэш-моб же интернет аркылуу өткөргөн акциялары, форумдары. Булардын баары өтө кызыктуу. Адам укугун коргоо жаатындагы ишмердик кызыктуу болушу керек. Ал жерден жаштардын да кол кабышы өтө маанилүү.

“Азаттык”: Сиздердин уюмдун Кыргызстандагы жакынкы иш-планы кандай?

Андреа Берг:
- Жакынкы келечекте биз аялдарга карата зомбулукка каршы ишмердигибизди уланта беребиз. Бул - дагы көп жыл казса боло тургандай чоң тема. Биз муну жергиликтүү бейөкмөт уюмдары менен кызматташтыкта ишке ашырабыз деп ойлойм. Бул тууралуу мыйзам долбоору кандай ишке ашаарына да көз салып турабыз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG